WeChat      Избранное

Япон автоунааларын сатуучу жай. Архивдик сүрөтЯпония бензин менен иштеген автоунааларды чыгарууну токтотот

03/12/2020  Источник:интернет   шрифта:

Япон автоунааларын сатуучу жай. Архивдик сүрөтЯпония бензин менен иштеген автоунааларды чыгарууну токтотот

ФотоWWW

Автоунаа өндүрүүчүлөрдүн мындай кадамга барышына премьер-министр Есихидэ Сугинин 2050-жылга чейин абага зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну токтотобуз деген демилгеси себеп болууда.

Япония 2030-жылдардын ортосунда бензин менен иштөөчү автоунааларды чыгаруусун токтотот. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика, өндүрүш жана соода министрлигинде макулдашуулар болуп жатканын "Киодо" агенттигине таянып РИА Новости жазды. 

Нефтини кайра иштетүү боюнча Кытай АКШдан озуп баратат. Мындан Россия утабы?

Маалыматка караганда, 2030-жылдардын ортосунан тарта Японияда электр тогу жана суутек менен иштечү гибрид моторлуу автокөлүктөр чыгарыла баштайт.

Автоунаа өндүрүүчүлөрдүн мындай кадамга барышына премьер-министр Есихидэ Сугинин 2050-жылга чейин абага зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну токтотобуз деген демилгеси себеп болууда.

Адистер бул чечим автокурулуш индустриясында бир топ өзгөрүүлөрдү алып келерин айтууда. Япония жаңы багыттар боюнча жылдын аягына чейин өз позициясын аныктай турганын билдирди.





(Автор:sputnik / Редактор:GL)