Рим папасынын модель кыздын эротикалык сүрөтүнө лайк коюшу териштирилип жатат
ФотоWWW
Модель Instagram баракчасына кыска юбка, ак узун байпак кийип түшкөн окуучу кыздын образындагы сүрөтүн жүктөгөн.
Ватиканда бразилиялык модель Наталья Гариботтонун эротикалык сүрөтүнө Рим папасынын аккаунтунан коюлган лайктын чоо-жайы териштирилип жатат. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Аталган өлкөнүн Ыйык тактысынын маалымат кызматынын жетекчиси Маттео Бруни Instagram тармагынын тийиштүү кызматтарынын жардамы менен иликтөө жүрүп жатканын айткан.
27 жаштагы модель Гариботто Instagram баракчасына 6-октябрда кыска юбка, ак узун байпак кийип түшкөн окуучу кыздын образындагы сүрөтүн жүктөгөн. Бир жума мурун ал сүрөткө Рим папасы Францисктин аккаунтунан лайк коюлганы көрүнгөн. Бирок эртеси лайк кайра алып салынган, ага карабай сөз ээрчип, ушак кептер токтой элек.
Ватиканда Ыйык тактынын өкүлдөрү бул окуяга такыр тиешеси жоктугун айтып, маселеге түшүндүрмө берүү үчүн соцтармактын администрациясына кайрылган. Ошентсе да Рим папасынын расмий аккаунтун иштеткен кызматкерлердин бири эле лайк басып коюшу мүмкүн деген версия айтылууда. Ал өзүнүн жеке аккаунтунда отурам деп эле кыялданып, басып коюшу ыктымал экенин божомолдогондор бар.
Рим папасынын Instagram тармагындагы аккаунту @Franciscus 2015-жылы март айында ачылган. Учурда ага катталгандардын саны 7,4 миң адамды түзөт.
последние
● Китайский препарат «Баньланьгэнь». Что в составе и помогает ли при коронавирусе?
● Рим папасынын модель кыздын эротикалык сүрөтүнө лайк коюшу териштирилип жатат
● В Кыргызстане временно запретили вывоз отдельных видов сельхозпродукции
● «Аркус» басмасы кытай авторлорунун китептеринин сериясын кыргыз тилинде чыгарды
Рекомендация
- 1Франция предложила реформировать Шенгенскую зону
- 2[Наши соседи]Таджикистан откажется от использования пластиковых пакетов
- 3Notice on Health Declare Certificate Online Registration
- 4В российских СМИ о Кыргызстане все чаще говорится о стабильности
- 5Эмне себептен Путин Байденди куттуктай элек. Кремль себебин айтты