WeChat      Избранное

[Наши соседи] Жолдон жай өткөн киши чыдамы жок айдоочунун огунан мерт кетти. АКШдагы окуя

01/09/2020  Источник:интернет   шрифта:

[Наши соседи] Жолдон жай өткөн киши чыдамы жок айдоочунун огунан мерт кетти. АКШдагы окуя

ФотоWWW

Шектүү тартип коргоо органдарына колго түшүп берип, учурда адам өлтүрүүгө айыпталып камакка алынган.

АКШда чыдамы жок айдоочу жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден шашпай өткөн адамды атып салды. Окуя Алабама штатынын Юнион-Спрингс аймагында катталганын Daily Mail басылмасы жазды.

22 жаштагы Жереми Уэсли Пенн унаасы менен тамак-аш алып келүү үчүн чыккан. Ал жолдо бара жатып адамдар өтүүчү тилкеде жөө кишиге жол бошоткон. Анын өтө эле жай басканынан улам чыдамы кеткен айдоочу тапанча менен сегиз жолу атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөдү делген эки өспүрүм камакка алынды

Кийинчерээк шектүү тартип коргоо органдарына колго түшүп бергени маалым болгон. Учурда ал адам өлтүрүүгө айыпталып камакка алынган.






(Автор:GL / Редактор:GL)