WeChat      Избранное

[Наши соседи ]COVID: Россияда эң күчтүү иммунитет 13 жашка чейинки балдардан аныкталды

01/09/2020  Источник:интернет   шрифта:

[Наши соседи ]COVID: Россияда эң күчтүү иммунитет 13 жашка чейинки балдардан аныкталды

ФотоWWW

Иликтөөдө калктын социалдык-кесиптик түзүмүндө саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарынын кызматкерлеринин иммунитети күчтүрөөк экени айтылган.

Россияда коронавируска каршы эң күчтүү иммунитет 13 жашка чейинки балдарда болору аныкталды. Бул туурасында Роспотребнадзорго таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, июнь-август айларында Россиянын 26 субъектисиндеги 71,8 миң адам текшерүүдөн өткөн.Балдарга жабышкан Кавасаки синдрому. Дарыгер оорунун белгилерин айтты

"Иликтөөнүн жыйынтыгында 11 региондо жашагандардын жамааттык иммунитетинин деңгээли 20 пайыздан ашыгыраак болгон. Ал эми эң жогорку деңгээли мектепке чейинки (1-6 жаштагы) жана мектеп курагындагы 7-13 жаштагы балдардан аныкталган. Бул курактагылардын көрсөткүчү аймактагы жамааттык иммунитеттин орточо деңгээлинен 1,3-2,1 эсеге көбүрөөк болгон", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле калктын социалдык-кесиптик түзүмүндө саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарынын кызматкерлеринин иммунитети күчтүрөөк экени айтылган.






(Автор:GL / Редактор:GL)