WeChat      Избранное

ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды

18/09/2020  Источник:оригинал   шрифта:

ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды

ФотоWWW

Коронавирус 25 жаштан 41 жашка чейинкилердин арасында көп катталууда. Буга байланыштуу адис COVID-19 менен күрөшүүдө бардык Европа мамлекеттерин тилектеш болууга чакырды.

Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштады. Бирок дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы аймактык директору Ханс Клюгге билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биз оор абалга туш болгону турабыз. Коронавирус жуктурган жаңы учурлардын саны март айындагыдай кайра өсө баштады. Эске салсак, мартта Европада бейтаптардын саны өсүп, оорунун көбөйгөн убагы болгон. Европа мамлекеттеринин теңинен көбү акыркы эки жумада ооругандардын саны 10 пайызга өскөнүн айтты", — деди ал.

Клюгге белгилегендей, коронавирус 25 жаштан 41 жашка чейинкилердин арасында көп катталууда. Буга байланыштуу адис COVID-19 менен күрөшүүдө бардык Европа мамлекеттерин тилектеш болууга чакырды.

Адис: коронавируска каршы эмдөө жүрмөйүн экинчи эмес, онунчу толкун да болот

"Коронавирус боюнча эреже, сунуштар мурдагыдай эле. Эгер силер аралыкты сактай албасаңар, анда бет капты сөзсүз тагынуу керек. Абал начарлай баштаганы менен дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок", — деди Клюгге.

Буга чейин Австриянын канцлери Себастьян Курц өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталганын айткан.






(Автор:sputnik / Редактор:GL)