WeChat      Избранное

[Наши соседи] Уулунан айрылган Дарига Назарбаева элге кайрылды

17/08/2020  Источник:интернет   шрифта:

[Наши соседи] Уулунан айрылган Дарига Назарбаева элге кайрылды

ФотоWWW

Назарбаева баласы эмнеден улам каза болгонун айткан эмес. Айсултан жекшемби күнү көз жумган. Алдын ала маалымат боюнча, анын жүрөгү токтоп калган.

Казакстан сенатынын экс-төрайымы Дарига Назарбаева уулунан айрылгандан кийин казак коомчулугуна кайрылуу жасады.

Текст өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий сайтына жайгаштырылган.

"Айсултаныбыздан ажырап калганыбызга күйүп турабыз. Ушундай оор учурда коомчулук абалыбызды түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөм", — деп айтылат кайрылууда.

Эскерте кетсек, Айсултан Назарбаев 16-август күнү каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча, маркумдун жүрөгү токтоп калган. Энеси Дарига Назарбаева да өлүмдүн себеби тууралуу унчуккан жок.






(Автор:GL / Редактор:GL)