ФотоWWW
Алгачкы вакцина жаныбарлар менен адамдарга сыналды. Баарында тең коронавируска иммунитет пайда болгон.
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус вакцинасынын каршы көрсөтмөлөрүн атап бергенин "Известия" жазды.
Басылма каттоодон өткөн препараттын инструкциясына таянган.
Каршы көрсөтмөлөрдүн катарында вакцинанын курамындагы айрым компоненттерге сезимталдык, инфекциялык жана инфекциялык эмес дарттар, өнөкөт оорулардын күчөшү бар. Мындан тышкары, кош бойлууларга, бала эмизген келиндерге жана жашы жете электерге эмдөө жасатууга болбойт. Биринчи компоненти сайылгандан кийин адамдын абалы оорлоп кетсе, ага экинчисин саюуга тыюу салынат.
"Спутник V". Россиялык вакцинага 20 өлкө кызыгууда. Видео
Эскерте кетсек, буга чейин РФ президенти Владимир Путин коронавирустук инфекцияга каршы алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн жар салган. Препарат Коргоо министрлиги жана Гамалея атындагы илим изилдөө борбору тарабынан адамдын аденовирусунун негизинде жасалып, "Спутник V" деген аталыш алган. Алгач жаныбарлардын бир нече түрүнө, андан соң 76 ыктыярчыга сыналган. Баарында коронавируска каршы иммунитет пайда болуп, вакцина коопсуздугун жана натыйжалуулугун далилдеген. Тестке катышкандардын баары ал-абалы жакшы экенин айтышкан болчу.
последние
Рекомендация
- 1[Наши соседи] Карантинные требования поэтапно смягчат
- 2[Наши соседи] В Туркменистане через SMS призывают жителей соблюдать безопасную дистанцию
- 3[Наши соседи]Реклама на сайте Мирзиёев рассказал, как будут организованы экзамены в вузы в этом году.
- 4[Наши соседи]В Индии самолет развалился на части после неудачной посадки
- 5[Наши соседи]Участие в ВТО поможет экономике Туркменистана обрести устойчивость