Россияда чет өлкөлүк студенттер үчүн жумушка орношуу жеңилдеди. Жаңы эреже
ФотоWWW
Министрлик бул мыйзам мамлекеттик аккредитациясы бар, кесипкөй билим берүү программасы боюнча ЖОЖ же колледждерде такай билим алган студенттерге тиешелүү экенин эскертти.
Россияда чет өлкөлүк студенттер үчүн окуу убагында иштөөгө уруксат берилди. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин сайтында жазылган.
Билдирмеге караганда, аталган мыйзам күчүнө жакында эле кирген.
Ага ылайык, эми жумуш берүүчүлөр чет өлкөлүк студенттерди ишке эмгек патенти жок эле ала алышат. Бирок бардыгы иштей бербейт.
Министрлик бул мыйзам мамлекеттик аккредитациясы бар, кесипкөй билим берүү программасы боюнча ЖОЖ же колледждерде такай билим алган студенттерге тиешелүү экенин эскертти.
"Студенттер окуудан сырткары бардык бош убактысында иштей берсе болот. Ал эле эмес Россиядан тышкаркы билим берүү аймактарындагы субъектилерде да жумуш менен алектене алышат", — деп айтылат маалыматта.
Россия аралыктан иштөө мыйзамын кабыл алууда
Буга чейин чет элдик студенттер (патент менен) каникул учурунда эле өздөрүнүн билим берүү мекемелеринин базаларында гана иштей алышчу.
Жаңы эрежелерге ылайык, эмгек келишимин түзүүдө россиялык окуу жайынан маалым кат гана жетиштүү болот. Өз кезегинде иш менен камсыз кылган тарап дагы чет элдик жумушчуларды колдонуу жана ишке тартуу боюнча уруксат кагазын алып убара болушпайт.
последние
● [Наши соседи]Участие в ВТО поможет экономике Туркменистана обрести устойчивость
● Россияда чет өлкөлүк студенттер үчүн жумушка орношуу жеңилдеди. Жаңы эреже
● [Наши соседи] Президенттик шайлоодон соң Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратуу. Баяндама
● Где поесть морепродукты в Нур-Султане и Алматы: 11 ресторанов
● Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» маек берди
Рекомендация
- 1[Наши соседи] Как в Узбекистане во время пандемии поддерживают сферу услуг – комментарий министерства
- 2[Наши соседи] В Лос-Анджелесе семья младшей дочери Ислама Каримова выставила на продажу три виллы
- 3[Наши соседи] Президенттик шайлоодон соң Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратуу. Баяндама
- 4[Наши соседи] В Туркменистане через SMS призывают жителей соблюдать безопасную дистанцию
- 5[Наши соседи] В Узбекистане возбудили уголовные дела в отношении руководителей 10 частных агентств занятости. Они расхитили свыше 72 миллиардов сумов