[Наши соседи] Ким Чен Ын бийлигинин бир бөлүгүн карындашына өткөрүп берди
ФотоWWW
Эске салсак, жаз айларында Ким Чен Ындын ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылган. Ал тургай анын өлүмү тууралуу дагы кептер болгон. Ошол кезде эле чет элдик ЖМКлар бийлик лидердин карындашына өтөрүн жазып чыгат
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз милдеттеринин бир бөлүгүн жардамчыларына, анын ичинде карындашы Ким Е Чжонго өткөрүп берди. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо агенттигине шилтеме берип ВВС жазды.
Эмгек партиясынын бөлүм башчысынын орун басары болуп жүргөн Ким Е Чжон эми Пхеньяндын Сеул жана Вашингтон менен мамилелерине жооп берип, дээрлик өлкөнүн экинчи адамы болуп калганы айтылат.
Дагы эки жардамчы экономика тармагын, эки жардамчы мурда толугу менен Ким Чен Ындын башкаруусунда болгон коргонуу жаатын көзөмөлдөйт.
Бул тууралуу "Эмгек" партиясынын жыйынында белгилүү болду. Анда лидер өлкө бир катар көйгөйлөргө кептелгенин айтты", — деп жазылат макалада.
Эске салсак, жаз айларында Ким Чен Ындын ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылган. Ал тургай анын өлүмү тууралуу дагы кептер болгон. Ошол кезде эле чет элдик ЖМКлар бийлик лидердин карындашына өтөрүн жазып чыгышкан.
последние
Рекомендация
- 1[Наши соседи]В Ташкент прибыла очередная группа китайских медиков для оказания помощи в борьбе с COVID-19
- 2Одежда из какого материала лучше защищает от COVID-19, выяснили ученые
- 3[Наши соседи] Трудовых мигрантов из Узбекистана в РФ планируется обучать профессиям и русскому
- 4ВОЗ призвала больше не вводить карантин из-за коронавируса
- 5[Наши соседи] Казахстанская вакцина от коронавируса готова к применению на людях...