WeChat      Избранное

​ Флойддун өлүмү жана америкалык расизмдин "ачыкка чыгуусу"

24/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Жакында афроамерикалык Джордж Флойддун өлүмү АКШда жана башка өлкөлөрдө нааразычылык акцияларынын тынымсыз толкунуна себеп болду. Black Lives Matter (BLM; Кырг. Кара адамдардын жашоосу маанилүү - кара адамдарга каршы зомбулукка каршы турган эл аралык кыймыл) кыймылы 2014-жылы полиция кызматкерлеринин колунан каза болгон Эрик Гарнер менен Майкл Браундун өлүмүнөн кийин кеңири белгилүү болду. 19-июнда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши АКШнын адам укуктарын олуттуу түрдө бузуу болуп саналган системалуу дискриминациялык жана зордук-зомбулук аракеттерин айыптаган резолюция кабыл алды.

Флойддун өлүмү АКШдагы расизмди кайрадан ачыкка чыгарды. Бул жолу нааразычылык акциялары өтө катаал болду, бул акыркы мезгилдерде журум жаткан системалуу расизмге жана ак расанын артыкчылыгы идеологиясынын жандануусуна байланыштуу.

АКШда расизм мамлекет негизделгенден бери эле бар. 150 жыл мурун расизмди жокко чыгаруу кыймылы башталган учурдан тартып, 50 жыл убакыт мурун Мартин Лютер Кингдин жарандык укуктар кыймылына чейин АКШда расалык дискриминация жок болгон жок. Коомдук жайларда расалык дискриминация сейрек кездешет, бирок чындыгында “жашыруун дискриминация” бар.

АКШдагы расалык айырмачылыктар маселеси төрөт үйүнөн эле башталат. Кош бойлуулук же төрөт учурунда африкалык тектүү аялдардын өлүмү актардын өлүмүнөн үч эсе ашып, алардын 60% ы жакшы шарттарда аман калаары анык. 18-июнга карата, коронавирустун айынан каза болгон америкалыктардын 24% афроамерикалыктар, бул актарга караганда 2,4 эсе көп. Май айынан бери африкалык америкалыктардын жумушсуздук деңгээли акыркы он жылдыкта эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү - 16,8%, ал эми америкалыктар арасындагы жумушсуздук деңгээли апрелдеги 14,2% 

АКШдагы расалык айырмачылыктар маселеси төрөт үйүнөн эле башталат. Кош бойлуулук же төрөт учурунда африкалык тектүү аялдардын өлүмү актардын өлүмүнөн үч эсе ашып, алардын 60% ы жакшы шарттарда аман калаары анык. 18-июнга карата, коронавирустун айынан каза болгон америкалыктардын 24% афроамерикалыктар, бул актарга караганда 2,4 эсе көп. 

Ак расанын артыкчылыгы идеологиясын жандануусу

Америкалык полиция кызматкери кармалган адамдын моюнун тизелеп жерге кулаткан көрүнүштөр бүткүл дүйнөнү таң калтырды. Бул Джордж Флойдун жеке трагедиясы жана АКШдагы расалык улутчулдуктун күчөшүнүн натыйжасы.

Акыркы жылдары АКШда ак расанын артыкчылыгы идеологиясы кайрадан жаралууда. Маркум америкалык саясат таануучу Сэмюэл Хантингтон “Биз кимбиз? Америкалык улуттук идентификациянын чакырыктары” аттуу китебинде, АКШнын негизги калкы болуп эсептелген ак калктын үлүшү азайып баратат жана азчылыктардын үлүшү өсүп жатат. Бул келечектеги өлкөнүн ар кандай социалдык көйгөйлөрүн жараткан экономикалык, саясий, социалдык жана башка аспектилерге чоң таасирин тийгизет, - деп белгилеген.

Президент Трамп көтөргөн "Американы мурунку улуулугуна кайтаруу" деген ураанды АКШдагы орто жана төмөнкү класстагы ак америкалыктар кубаныч менен колдогон. Бул ураандын чыныгы себеби ак расанын артыкчылыгы идеологиясын коомго кайтаруу болуп саналат. Ак расанын артыкчылыгы идеологиясы акырындап "он тараптуу" коомдук кыймылда пайда болуп, акырындап жайылууда. Учурда ак түстүү адамдардын үстөмдүгү караларга гана багытталбастан, ак адамдар коомдун бардык чөйрөлөрүндө алдыңкы ролду ойнойт дегенди белгилеп жатат.

Акыркы кездерде Дональд Трамп жана айрым америкалык саясатчылар системалуу расизмдин бар экендигин четке кагып жатышат. Ал боюнча Крис Куомо, CNN каналынын алып баруучусу мындай деп белгиледи: "Ларри Кудроу сыяктуу адамдардын бул өлкөдө системалуу расизм жок деп айтышынын эки себеби бар, биринчи, алар көз карашынын чектелүүсүнө байланыштуу андай нерсени көрө алышпайт, экинчиден, менин оюмча, чыныгы себеби өкмөттүн айткандарын кылууда - калп айтуу, четке кагуу, каршы болуу деп эсептейт", -  деди ал.

Ибрам Х.Кэнди, Америка университетинин расизмге каршы изилдөө жана саясат Борборунун директору жана "Эң башынан тамга басуу: Америкадагы расисттик идеялардын эң толук тарыхы жана кантип анти-расисттикке айлануу керек" аттуу китебинде, расисттик идеялар сабатсыздык же жек көрүүчүлүктөн чыккан эмес, бул акылдуу адамдардын ойлоп тапканы, - деп белгилеген.

Ошол эле күнү Европа Парламентинин мүчөлөрү пленардык жыйында АКШнын бийлигин расизмге жана теңсиздикке каршы күрөшүүгө үндөп, 493 депутат колдогон резолюция кабыл алышты.

Дүйнөлүк масштабда расизмди жок кылуу толкуну сезилүүдө, бирок АКШда расизмдин өнүгүшү алардын коомун абдан тынчсыздандырат жана аны толугу менен чечүү оңой эмес экениАмерика Кошмо Штаттарында расалык дискриминация менен күрөшүү саясий жактан маселе туудурганы кеп эмес, сурай келсен эч ким расизм бар деп ачык айта албайт. Бирок, белгилүү бир окуялар болгондо, адамдардын ортосунда чоң келишпестиктер чыга келет. Расисттик аракеттерди оңдоо боюнча практикалык чараларды көрүүдө, АКШ чуулгандуу абалга туш болууда. Африкалык интернет колдонуучулардын айтымында, "жылдан жылга АКШда расалык дискриминация дүйнөнүн көңүлүн кайра-кайра бурууда, а биз болсо АКШ мурдагы каталардан сабак алып, расизм аттуу жаман адаттарынан арылат деп куру ишенип келебиз, Америка эч качан мурунку каталарынан сабак албайт", - деп белгилешти.


(Автор:GL / Редактор:GL)