WeChat      Избранное

ЖМК: Ким Чен Ын үч аптадан бери алгачкы жолу эл алдына чыкты

24/05/2020  Источник:Sputnik   шрифта:

ЖМК: Ким Чен Ын үч аптадан бери алгачкы жолу эл алдына чыкты

Фото WWW

Акыркы кезде Түндүк Кореянын башчысынын саламаттыгы тууралуу ар кандай маалыматтар тарап жатат. Ал тургай, бир ай мурда анын көз жумганын жазып чыккандар дагы болгон.

Түндүк Кореянын үч жума бою дайыны билинбей кеткен лидери Ким Чен Ын алгачкы ирет эл алдына чыкты. Ал Борбордук аскердик комитетте жыйын өткөргөнүн жергиликтүү ЖМКларга таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Түндүк Кореянын борбордук телеграфтык агенттиги 23-май күнү өлкө лидери өткөргөн жыйында кол коюлган документтер тууралуу жарыялаган. Бирок жыйын качан болгону так айтылган эмес. Ошондой эле агенттик Ким Чен Ындын президиумда отурган сүрөтүн жарыялаган.

Белгилей кетсек, буга чейин CNN телеканалы Ким Чен Ынга операция жасалгандан кийин абалы кескин начарлап кеткенин кабарлаган. Ал тургай анын көз жумганын жазгандар дагы болгон. Андан соң Түндүк Кореяда мамлекет башчынын ордуна Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон даярдалып жатканы айтылган.

(Автор:Аноним / Редактор:GL)