WeChat      Избранное

Коронавирус таасири – «Жунхайдын» учурдагы абалы

22/02/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Коронавирус таасири – «Жунхайдын» учурдагы абалы

Сүрөттөр редакцияга таандык

2019-жылдын соңунда КЭРдин Хубэй провинциясында жайгашкан Ухань шаарында коронавирустун жаңы түрү 2019-nCoV пайда болду. Анын чордону шаардагы деңиз азыктарын саткан базар экендиги айтылган. Мына, ушул себепке байланыштуу Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жаап, аба каттамын токтотту.

Мындай чечимди Кыргызстандын аймагына короновирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча Республикалык штаб 1-февралда кабыл алган.

«Коронавирус боюнча Кытай Эл Республикасы өздөрү чоң чечим кабыл алышкан. Бардык мамлекеттер менен транспорттук каттамдарды азайтышты. Биз да алар менен болгон каттамдарды жаптык. Ал эми оорунун өсүшү кандай болот? Качан алды- алуу ишке ашат? Мунун баары Кытай өкмөтүнүн колунда. Биз да ошолордун баарын эсепке алып, анан каттамдарды жандандырабыз»-, деген оюн КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев дагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Өзүбүздүн жарандарды алып келүү иши жүрүп жатат. Эки өлкөнүн ортосундагы долбоорлор менен иштеп жаткандардын ден соолугун текшерип чыгып, анан коё берүү абзел. Товар ташыган биздин жарандар өлкөгө кирип жатышат. Дипломаттык жарандарды коё берип жатабыз»,-деп маалымат берди.

Кыргызстандын эң ири экономикалык өнөктөшү болгон Кытай Эл Республикасы менен чектешкен чек аранын белгисиз мөөнөткө жабылуусу биздин өлкөнүн экономикасына гана эмес, катардагы карапайым жашоочулардын дагы үй-бүлөлүк бюджетине өз таасирин тийгизе тургандыгы шексиз. Себеби, канчалаган жаштарыбыз кытай компанияларында иштесе, канчалаган жарандарыбыз Кытайдан келген товарлар менен соода-сатык иштерин жүргүзүп үй-бүлөсүн багып келишет. 

Ошондуктан, биздин редакциянын журналисттери дагы Кыргызстандагы бирден-бир ири базар болгон «Жунхай» базарына барып, соодагерлер жана кардарлар менен маектешип, алардын учурдагы абалы менен жакындан таанышып кайтышты. 

Жунхай бир караганда катардагы күндөрдөй эле өз жашоосу менен кайнап, эч кандай өзгөрүү байкалбай, бир калыпта эле өтүп жаткандай сезим калтырат. Мурдагыдай эле, кол арабага товарды үстү-үстүнө тизип сүйрөгөндөр, ысык чай менен кофесин даярдап алып, катарларды аралап саткан апалар, контейнерден товарларын түшүрүп же чыгарып жаткан соодагерлер жана «дагы да болсо арзанын таап каламбы»,- деп, улам-улам үмүттөнө катарларды аралаган кардарлар... 

Чэнь Ган, кытай соодагери: «Бир канча убакыттан кийин, чек ара ачылбаса продукциялардын баасы кымбаттаары шексиз» (ПОДЗАГОЛОВОК)

-Мен Кыргызстанда он жылдан ашуун иштеп келе жатамын. Үй-бүлөм ушул жакта, бир уулум бар. Алгач, досум аркылуу келип, Жунхайда иштеп калдым. Андан соң, өзүнчө бөлүнүп Кытайдан товар ташып иштеп жүрөм. Негизинен, чарбалык, күнүмдүк колдонуучу товарларды алып келип, дүң баада сатабыз. Дайыма бизден алып, Кыргызстандын башка аймактарына алып кетип саткан туруктуу кардарларым бар. 

Чындыгында, Жунхайда негизинен кытай продукциялары. Ошондуктан, кыргыз-кытай чек арасынын жабылуусу баары бир тынчсыздандырып жатат. Учурда, товарлардын жетишсиздигин сезе элекпиз. Себеби, кытай жаңы жылынын алдында көп товарларды алып койгонбуз. Бирок, бир канча убакыттан кийин, чек ара ачылбаса продукциялардын баасы кымбаттаары шексиз. Азыртан эле, мурда бир мүшөк сатып алса, эми беш эсеге көп товар сатып алган кардарларыбыз болууда. 

Биз негизинен Кытайдын Шаньдун провинциясынын завод-фабрикалары менен иштешебиз. Учурда, алар дагы коронавируска байланыштуу иштебей эле турушат. Бир айдын тегерегинде иштеп калаар деп ойлойм. Ошондо, биздин буйрутмалар 2 айдан кийин Кыргызстанга келип калмакчы. Бирок, бул дагы белгисиз. 

Кандай болгон күндө да, ден соолук биринчи орунда. Биздин, Кытай Өкмөтү дагы коронавирусту дүйнөгө таратпай, алдын-алуу үчүн жакшы иштерди жүргүзүп жатат. Бул кырдаал көпкө созулбайт деп ойлойм. Жакынкы аралыкта, бүл көйгөйдү чече алышат деп ишенем. Жакындарым Кытайда, алар менен күн сайын байланышып турам. Бардыгы жакшы.  

Адилбек Туратов, жеке ишкер: «Коронавирус көйгөйү тез чечилсе, бардыгыбыз үчүн жакшы болмок»

-Азыркы тапта, кыргыз-кытай чек арасынын жабылуусу албетте, учурдун талабы. Коронавирустун тарап кетпөөсү үчүн бул керектүү кадам. Ал эми, бул кырдаалдын бизге тийгизип жаткан таасири тууралуу айта турган болсом, бир аз кыйынчылыктар болуп жатат.

Мен өзүм дагы кытай ишкерлери менен иштешем. Иштерибиз учурда токтоп жатат. Жунхайдан дагы товарларды буйрутма кылып башка мамлекеттерге жиберип турчу элек. Мына, эки күндөн бери буйрутма бере албай жүрөм. Себеби, Кытайдагы дагы заводдор иштебей жатыптыр. Абал турукташкыча ушундай кырдаал болот окшойт. Бул жерде канчалаган адамдар иштейт. Канча үй-бүлө жан сактайт. Ошондуктан, коронавирус көйгөйү тез чечилсе, бардыгыбыз үчүн жакшы болмок.

Чжан Биньяо, кытай соодагери: «Коронавирустун айынан соода-сатык иштери кадимкидей өксүй түштү» (ПОДЗАГОЛОВОК)

-Мен бул базарда оромол, жоолук сыяктуу товарларды сатып алектенем. Негизинен дүң баада сатам. Былтыркы жылга караганда, быйыл албетте кардарлардын саны аз. Экспортко чыгуучу товарлардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу дагы аз санда болууда. 

Учурда, Кытайдагы кырдаалга байланыштуу чек аралар жабылып, биздин көптөгөн кесиптештерибиз жумуш орундарына кайтып келе албай жатышат. Бирок, алардын иштерин бул жактагы жардамчылары аткарып жатышат. Азыр, медициналык товарлардын жетишсиздигин байкап жатам. Ал эми, башка товарлар жетиштүү.

Коронавирустун айынан соода-сатык иштери кадимкидей өксүй түштү. Кытай бул көйгөйдү тезинен чечип, мурунку Жунхайдын кайтып келүүсүнө өбөлгө болуп бере алат деп ишенем.   

Самара Кулатова, сатуучу:  «Азыркы тапта, Кытайдан бир да товар Кыргызстанга кирбей эле турат »

-Мен Жунхайда көп жылдан бери эле иштейм. Чындыгында, «Кытайдан коронавирус чыкты» дегенден бери бул жакка келген адамдардын саны азайып эле калды. Бирок, биз азыр соода кылып жаткан товарлар мурун эле Кыргызстанга алынып келинген. 

Бирок, азыр маалым болгондой бул вирус товар, буюмдар аркылуу жукпайт. Ушуну эл арасында жакшы түшүндүрсө деп ойлойм. Ошондуктан, Кытайдан келген товарлардан эч кандай коркунуч жок.  

Биз үй-бүлөбүз менен ушул жерде соода кылабыз. Вирустун маселеси жакынкы арада чечилсе жакшы болот эле. Азыр го, товар кенен, жетиштүү. Бирок, ушул бойдон уланса бир ай, эки айдын аралыгында кыйналып калабыз го. Башка мамлекеттерден, Турциядан товар алалы десек, баалары бир топ эле кымбат чыгып калып жатат. Негизгиси, ден соолугубуз болсун. Калганын убакыт көрсөтөт. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)