Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушу качан башталары айтылды
Фото WWW
"Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү Лю Инь, Эмилбек Абдыкадыров жана Ван Цзыюнь. Логистикалык борборго жогорку технологиялык 10го чукул завод-фабрикаларды салуу пландалууда.
Нарын облусунун Ат-Башы районуна индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу 2020-жылдын апрель айында башталат. Бул тууралуу "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсынын жетекчиси Эмилбек Абдыкаров билдирди.
Анын айтымында, логистикалык борборго жогорку технологиялык 10го чукул завод-фабрикаларды салуу пландалууда.
"Апрель айында кар кетери менен курулуш иштерин баштаганы жатабыз. Күзүндө 5 миң чарчы метрге сегиз кабаттуу мейманкана курулуп, ишке берилет. Курулуш иштерине жалаң Ат-Башынын 1000ге чукул тургуну тартылмакчы. Учурда акимчилик анда иштей турган адамдардын тизмесин түзө баштады", — деди Абдыкадыров.
Инвесторлорго 200 гектар жердин 176 гектары индустриялык-соода-логистикалык борбор курууга берилген. Ал эми 24 гектарга бажы-логистикалык борбору салына турганын Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев кошумчалады. Бүгүнкү күндө инвесторлор жердин ижара акысы үчүн 43 миллион сом бергени маалым болду. Логистикалык борбор толугу менен сегиз жыл ичинде салынып бүтөрү айтылды.