WeChat      Избранное

“Кыргызалтын” жыл жыйынтыгын чыгарды. Кытай компаниясы менен бирге түзүлгөн компанияда 300 жумуш орду түзүлдү

21/01/2020  Источник:оригинал   шрифта:

“Кыргызалтын” жыл жыйынтыгын чыгарды. Кытай компаниясы менен бирге түзүлгөн компанияда 300 жумуш орду түзүлдү

Фото WWW

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Анын ичинде кытай компаниясы менен түзүлгөн биргелешкен ишкананын берген жыйынтыктары тууралуу да айтылат. Маалыматты биздин гезитке Акционердик коомдун пресс-кызматынан билдиришти. 

Пресс-кызматтын маалыматы боюнча, «Мансон Групп» компаниясы  (Кытай) менен “Кыргызалтын” (КР) түзгөн “Макмал Голд Компани” (ЖЧК) биргелешкен ишканасы, Макулдашууга ылайык 2019-жылдын май айында уставдык капиталга $2 миллион которгон. Ошону менен бирге, былтыркы жылдын ноябрь айынан аягында салыктарды жана милдеттүү түрдө төлөнүүчү  төлөмдөрдү которгон:

  - киреше салыгы – 2,3 миллион сом; 

- камсыздандыруу акысы – 8,4 миллион сом;

- жер казынасын пайдалануу укугуна салык  (бонус) – 36 миллион сом; 

- эмгек акы – 31,8 миллион сом.

Биргелешкен ишканада 300 дөн ашык адам жумуш менен камсыз болуп, жумушчулардын  орточо эмгек акысы 28 миң сомдон ашык сумманы түзгөн, деп билдирет Акционердик коомдун пресс-кызматы.  

Андан сырткары, 2019-жылы «Центерра Голд Инк» компаниясынын дивиденди жоктугуна карабастан, “Кыргызалтын” ААК кирешенин көлөмүн көбөйттү. Болжол менен, 2019-жылы киреше 290 миллион сомго жакын, же мурунку жылдарга салыштырмалуу үч эсе жогору. 

 Киреше (млн. сом)

“Кыргызалтын” жыл жыйынтыгын чыгарды. Кытай компаниясы менен бирге түзүлгөн компанияда 300 жумуш орду түзүлдү

Жыйынтыгында, ”Кыргызалтын”  финансылык тобокелчиликтерди кыскартып,  «Центерра Голд Инк» компаниясынан дивиденддерден көзкарандылыкты токтотууну баштады. Бул  кадам Центерранын дивидендерисиз, тактап айтканда, 2017-жылы 99.5 миллион сом, 2018-жылы – 90.6 миллион сом, ал эми 2019-жылы – 286,5 миллион сомду түзүп,  таза кирешеге позитивдүү таасирин тийгизди, деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, акыркы 3 жылда ишкананын ишин алдыга жылдыруу, өндүрүштүк филиалдарды инвестиция тартуунун жардамы менен биргелешкен ишкана кылып кайра түзүү менен шартталган “Кыргызалтын” ААКнын өсүү динамикасы канааттандырарлык болгондугун белгилей кетүүбүз керек, дейт пресс-кызмат. 

Ошондой эле , 2015-жылы “Кыргызалтындын” таза кирешеси 533 миллион сомду түзгөн, ал эми Центерранын дивиденддерин алып салганда 65 миллион сом чыгашаны түзөрүн белгилей кетүү маанилүү. Бирок, 2017-жылдан баштап “Кыргызалтын” ААК Центерранын дивиденддерисиз эле киреше менен чыга баштады деп билдирет пресс-кызмат. 

Аталыштар/ жылдар 2015 2016 2017 2018

Центерранын дивиденддерин эсепке алгандагы киреше (млн. сом) 533,3 255,5 99,5 90,6

Центерранын дивиденддерин эсепке албагандагы киреше (млн. сом) -  64,9 - 239,3 99,5 90,6

Центеррадан алынган дивиденддер

(млн. сом) 598,2 494,8 - -

Финансылык туруктуулукту сактап гана эмес, киреше алып жана насыялык карыздарды 2015-жылы 2,1 миллиард сомдон 2018-жылдын аягына  чейин 106 миллион сомго төмөндөгөндүгү “Кыргызалтындын” негизги финансылык жыйынтыктары катары  далилдейт. Мунун баары мурда топтолгон карыздардан кутулууга мүмкүндүк берди, деп билдирет Акционердик коом. 

Насыялык карыз

Пресс-кызмат белгилегендей, 2019-жылы “Кыргызалтын” Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондуна дивиденддердин эсебинен 100 миллион сом, салык түрүндө 212 миллион  сомдон ашык, Социалдык Фондго 90 миллион сомго жакын акча каражатын которуп, жалпысы  400 миллион сомдон ашык сумманы төлөгөн. 

“Кыргызалтындын” уставдык капиталында үлүштөрү бар ишканалар менен биргеликте бюджетке төлөмдөрдүн жогорулашы байкалууда, деп белгилейт пресс-кызмат. 

Атап айтканда, 2017-жылы Акционердик коом өлкөнүн бюджетине 1,1 миллиард сом төксө, 2018-жылы дээрлик 2 эсе көп – 2,1 миллиард сом төгүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылы бюджетке төлөмдөр мурунку жылдарга караганда ашык төлөнөт.  Алтынды казууга жана иштетүүгө жаңы лицензияны алууга мүмкүнчүлүгү жоктугуна, кен чыккан жерлерде алтындын кору жок калгандагына карабастан, «Кыргызалтын»  чет элдик биргелешкен ишканалардын курамына кирүү жолу менен алтын өндүрүү базарында өзүнүн катышуусун кеңейтүүдө. 

2015-жылы “Кыргызалтын”   364,5 килограмм алтын өндүрсө,  2019-жылы уставдык капиталында “Кыргызалтындын”  үлүштөрү бар компаниялардын тобу менен биргеликте алтын өндүрүү -  4070,3 килограммга жетип, 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик 10 эсе көбөйгөн. 

Пресс-кызмат белгилегендей, мындай  жол менен төмөнкү биргелешкен ишканалар түзүлгөн: 

«Терек-Сай» чыгашалуу кенин базасында активдерди өткөрүп берүү менен 2016-жылы түркиялык инвестицияны тартуу менен «Эти Бакыр Терек-Сай»  ЖЧКсы;

«Алтынкен» ЖЧКсы;

«Макмалалтын» Комбинатнынын базасында 2018-2019-жылдары кытайлык инвесторлорду тартуу менен   «Макмал Голд Компани» ЖЧКсы.

(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)