WeChat      Избранное

“Джунда” жаңы дем, жаңы күч менен өз ишмердүүлүгүн кайрадан жандандырды

21/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

“Джунда” жаңы дем, жаңы күч менен өз ишмердүүлүгүн кайрадан жандандырды

Сүрөттөр интернеттен алынды

16-ноябрь күнү Бишкек шаарында “Чайна Петроль Компани Джунда” мунайды кайра иштетүү заводунун ишмердүүлүгүн кайрадан жандандыруу ишине арналган иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада “Джунда” өнөктөш-досторунан баштап, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүн дагы бир арага чогултуп, өзүнүн 2019-2020-жж. аралыгында алдыга койгон ой-максаттары менен келген меймандарды жакындан тааныштырып, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Муну менен катар эле, иш-чара ыр-бий, тамаша менен коштолуп, коноктордун маанайын көтөрдү.  

Эрлан Дүйшөбаев, “Кыргыз өнөр жай мунай жана газ” ЖЧКсынын башкы директору: ““Джунда” ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабына жооп берүүдө жигердүү иш-аракеттерди аткарып келүүдө”

-Бүгүнкү иш-чара биздин компаниялар ортосундагы ынтымакты жана байланышты бекемдөө жаатында да жүзөгө ашырылууда. Башкы максатыбыз компаниянын алдыдагы пландары менен жалпы меймандарды тааныштыруу жана анын ишмердүүлүгү боюнча кыскача маалымат берүү болуп саналат. 

Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, компаниянын негизги ишмердүүлүгү “Джунданын” продукциясы болгон күйүүчү заттарды дүң жана чекене баада сатуу иштерине байланышкан. Бүгүнкү күнү “Джунда” ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабына жооп берген мыкты сапаттагы даяр продукцияларды чыгаруу жана техникалык жабдыктарды жаңылоо жаатында жигердүү иш-аракеттерди аткарып келүүдө. 

Ошондуктан, “Джунданын” Соода үйү болгон компаниябыз жакынкы күндөрү биздин бардык мунай базаларыбызга мунайзатын жеткирүү багытында тиешелүү келишимдерди жүзөгө ашыруунун алдында турат. 

Алтынбек Садырбаев, “Джунда” мунайды кайра иштетүү заводунун башкы директору: “Компания курулуш жана ишмердүүлүгү жылдарында Кыргызстандын бюджетине 7 жарым миллиард сом көлөмүндөгү салык төлөп берген”

-Бүгүн бардыгыбыз мыкты саамалыктын алкагында жолугуп отурабыз. Анткени, “Джунда” өз ишин кайрадан жандандарып, улантмакчы. Чындыгында, биздин компания ар тараптуу өнүккөн, кыргыз-кытай достугун, ынтымагын даңазалаган компания экендигин айтпай кетсем болбос. Бул завод Кыргызстандын аймагында каттоодон өткөн мунай затын кайра иштетип чыгаруучу эң ири компания болуп саналат. 

Эске сала кетсек, компаниянын түзүүчүсү Орто Азиялык энергетикалык компаниясы. Ал болсо, Кытай Эл Республикасынын энергетика жана химиялык индустриясындагы эң алдыңкы жана ири компания болгон Шэньси Таш көмүр, химиялык корпорациясынын туунду ишканасы болуп саналат. Учурда, бул корпорациянын активи 470 млрд юаньды түзөт. Кызматкерлеринин жалпы саны 120 миң. 2017-жылы корпорациянын жылдык кирешеси 200 млрд юань болгон.

“Джунданын” курулуш иштери 2009-жылы башталып, 2014-жылы алгачкы пилоттук ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган. 2015-2016-жж. аралыгында айлана-чөйрөнү коргоо, сактоо жана жакшыртуу багытында бир катар иштерди аткарган. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аны ишке киргизүү боюнча атайын акт берилип, 2017-жылдын 1-январында расмий түрдө өз ишине киришкен. 

Объекттин жалпы аймагы 347 гектар болсо, иштеп жаткан өндүрүш аймагы 67 гектарды ээлейт. Заводдун курулушуна жана жумушуна кеткен инвестициянын көлөмү жалпысынан 450 миллион АКШ долларын түзгөн. Бул Кыргызстандын көз карандысыздыгын алгандан бери болгон эң ири экинчи инвестициондук долбоор болуп саналат. Компаниянын курулуш жана ишмердүүлүгү жылдарында, салыктардын негизинде Кыргызстандын бюджетине 7 жарым миллиард сом көлөмүндөгү акча которуп берген. 

Биздин компаниянын ар бир кызматкери анын өнүгүп-өөрчүсүнө өз салымын кошуп келүүдө. Биз бардыгыбыз ынтымак жана достук ичинде убактылуу пайда болгон кыйынчылыктарды, оорчулуктарды жеңип келе жатабыз. Мыкты көрсөткүчтөргө жеттик, дагы да бул жаатта алдыга умтулуп, аракеттерди кыла бермекчибиз. 

Зайнидин Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси: “ “Джунда” Кыргызстандын экономикасына бараандуу салым кошоору шексиз”

-“Джунда” заводу Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүү жаатындагы эң алгачкы ири завод болуп саналат. Завод өз ишмердүүлүгүн 2014-жылы баштаган. Ал кезде техрегламенттер боюнча түшүнүк аз, мындай ири компаниялар жок болгон. Мына ушундай себептерден улам 2015-жылы бир чоң көйгөйгө кездештик. “Техникалык жоготуу” деген маселеге туш келишти. Эсептөө иштеринде мүчүлүштүктөр кеткен экен. Мына, эми бүгүнкү күнү бул көйгөйлөр чечилиптир. Бул абдан кубанычтуу нерсе. 

Ушундай тоскоолдуктарга карабастан, 2018-жылдын жыйынтыгы менен Джунда 11 млрд сомдун тегерегиндеги мунайды кайра иштетитип, 2 млрд ашуун акчаны салыкка төгүп берген. Бул Кыргызстан үчүн абдан көлөмдүү салык. Ошондуктан, заводдун келечеги кең. Жогоруда айтылган себептерден улам, ал бир канча убакытка өз ишмердүүлүгүн токтотуп турду. 

Бүгүн завод кайрадан ишин баштаганы турат. Бул бардык тараптар үчүн жакшы саамалык. Ошол жерде биздин жарандарыбыз жумушчу орундары менен камсыз болууда. Жергиликтүү калктын эт-сүт азыктарын, жер – жемиштерин алышат. Ушундай жол менен завод жеке гана Жайыл районуна эмес, жалпы Кыргызстандын экономикасына дагы бараандуу салым кошоору шексиз.

Турусбек Ногоев, Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким: “Завод кайрадан ишмердүүлугүн жандандырууда, бул абдан жакшы саамалык” 

-Чындыгында, бүгүнкү күнү “Джунда” компаниясы биздин райондогу эң ири инвестордун катарына кирет. 2014-жылы бул завод ишке киргизилген. 1000ге жакын жумушчу орун түзүлгөн.

Биз дагы завод өз ишмердүүлүгүн баштоосу үчүн мыйзам чегинде бир топ көмөк көрсөткөнбүз. Ар дайым тыгыз байланышта болуп, бир топ көйгөйлүү маселелердин үстүндө заводдун өкүлдөрү менен иш алып бардык. Албетте, ар дайым элибиздин ден соолугу жана экология маселеси биринчи орунда. Бүгүнкү күндө да бул иштерге терең маани берип, өзгөчө көңүл буруп келебиз. 

Завод кайрадан ишмердүүлүгүн жандандырууда. Бул абдан жакшы саамалык. Анткени, мындай завод иштеши керек. 50%дан ашууну жергиликтүү калктын өкүлдөрү. Бул дагы биздин талаптарыбыздын бири болгон. Жакын арада завод ишке киришсе салык төлөмдөрү дагы бюджетке өз пайдасын алып келмекчи. Бүгүн заводдун жетекчилиги 2019-2020-жылдарга коюлган максаттары менен бөлүшүштү. Жергиликтүү аймакты өнүктүрүүдө “Джунда” компаниясынын салымы дагы зор. Ал Ак-Башат айыл өкмөтүнүн аймагынан орун алган. 

Компаниянын ишке кирүүсү менен Ак-Башат айыл өкмөтүндө дагы бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, жергиликтүү бюджеттин эсебинин биринчи жолу районубузда спорт зал курулду. Жалпы суммасы 15 млн сомдун тегерегинде болду. Бул курулушта “Джунда” компаниясынын дагы салымы зор деп айтаар элем. Райондо “Өнүктүрүү фонду” дагы түзүлгөн. Бүгүнкү күнү биз дагы компаниянын өкүлдөрү менен ушул фондго акча бөлүү туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жакынкы айылдарга социалдык пакет боюнча жардамдар берилген.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)