WeChat      Избранное

Пекин ЭКСПО-2019 – күмүш кубоктун жеңүүчүсү Кыргызстан

01/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Пекин ЭКСПО-2019 – күмүш кубоктун жеңүүчүсү Кыргызстан

Сүрөттөр редакцияга таандык

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын карым-катнашы, кызматташтык алакалары акыркы жылдары бекемделип, өнүгүүнүн үстүндө. Бул мамилени бардык тармактардан көрүүгө болот. Учурда, өзгөчө биздин айыл-чарба продукцияларын Кытай рыногуна киргизүү жаатында дагы бир катар иштер жасалып, жигердүү аракеттер көрүлүүдө. Мисалы, акыркы 9 ай ичинде коңшу мамлекетке жалпысынан 10 миллион доллар көлөмүндөгү продукция экспорттолгон. Бул дагы мыкты көрсөткүч. 

Мына, ушул багытты дагы да тереңдеп өнүктүрүүгө, Кыргызстандын айыл-чарба, азык-түлүк өндүрүмдөрүн кытай элине жакындан таанытууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берген  ЭКСПО-2019 Эл аралык бак өстүрүү көргөзмөсү жакында эле жыйынтыкталды.

2019-жылдын 28-апрелинен 7-октябрына чейин болуп өткөн бул көргөзмөгө 110 өлкө, эл аралык уюмдар жана ар кыл 120 мекеме катышты. 162 күндүн ичинде 100дөн ашык улуттун жүзүн көрсөткөн ар түрдүү маараке жана 3000 маданий иш чаралар өткөрүлдү. Мына ушул дүйнөлүк масштабды камтыган иш-чарада Кыргызстан да өзүнүн жүзүн татыктуу көрсөтө алды. Кыргыз Улуттук павильону Эл аралык ЭКСПО-2019 көргөзмөсүндө күмүш Кубок менен сыйланды.

Пекиндеги ЭКСПО-2019га катышууга кыргыз өкмөтүнүн чечими менен жооптуу болуп бекитилген Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги ири көргөзмөгө ата мекендик айыл чарба жана азык-түлүк азыктарын иштеп чыгарган ишканалардын өндүрүмдөрүнүн бай ассортиментин көп көлөмдө алып барып көрсөттү. Жалпысынан 14 түрдөн турган 700дөн ашык өндүрүм коюлду. 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жылын эске алып, бул көргөзмөгө Кыргызстандын ар бир облусунан иштелип чыккан продукциялар коюлду.

Кытайдын борбору Пекинде болуп өткөн ЭКСПО-2019 Эл аралык бак өстүрүү көргөзмөсүнүн расмий сыйлык тапшыруу аземинде, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн 11 өкүлүнөн турган калыстар тобунун жыйынтыгы боюнча, жана ЭКСПОнун уюштуруу комитетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Улуттук павильону атайын сыйлык – күмүш байге жана “Жигердүү катышуучу” сертификаты менен сыйланды. Сыйлык Кыргызстан Улуттук павильонунун директору Азат Эркебаевге тапшырылды. Мына, ушундай мыкты жаңылык, жетишкендик менен кайткан Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин кеңешчиси Азат Эркебаев баш болгон топ пресс конференция учурунда көргөзмө тууралуу толук маалымат беришти. 

Азат Эркебаев, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин кеңешчиси, Кыргызстан Улуттук павильонунун директору: “Кытай экономикасы күчтүү, рыногу кең аймак” 

-Негизи, Пекиндеги ЭКСПО-2019, Кытайдын тарыхындагы болуп көрбөгөндөй эң масштабдуу окуя болду. Бул көргөзмө 2016-жылы алгачкы жолу өткөрүлгөн. Ал Дүйнөлүк көргөзмөлөрдү өткөрүү бюросу менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. 

Бул көргөзмөнүн башкы урааны “Жашыл жашоо-мыкты жашоо, жашыл өнүгүү” болду. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстандын табияты таза, жаратылышы ажайып кооз. Айлана-чөйрө, жашыл тематикасы бизге абдан туура келет. Биздин айыл-чарба өндүрүмдөрү экологиялык жактан таза экендиги дагы белгилүү. Ошондуктан, Кыргызстан бул көргөзмөдө өзүн ар тараптуу көргөзүп, татыктуу катышып келди. 

Көргөзмө тууралуу кыскача маалымат бере турган болсом, бул дүйнөдөгү А1 даражасындагы көргөзмө болуп саналат. Тактап айтканда, эң даражалуу иш-чара катары белгилүү. Ал быйыл беш жарым айга созулду, жалпысынан 1000 метр квадрат аянтты ээледи. Көргөзмөгө 110 өлкө катышты. 

Учурда Кыргызстандын азык-түлүктөрүн, айыл-чарба продукцияларын эл аралык аренага чыгаруу замандын талабы. Мына, ошондуктан бул көргөзмөнүн биз үчүн дагы мааниси абдан зор болду. 2019-жылдын 28-апрелинде ЭКСПО-2019дагы Улуттук павильонго эң биринчи конок болуп Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков өзү келип, расмий түрдө ачып берген. 

Мамлекеттин башчысы бул көргөзмөнүн Кыргызстанга керек экендигин, өзүбүздүн экологиялык жактан таза айыл-чарба өндүрүмдөрүн ушул платформа аркылуу Кытайдай болгон ири базарга жайылтууну белгилеген. 

Чындыгында, Кытай экономикасы күчтүү, рыногу кең аймак. Мына, ушул мейкин рынокко кирүүгө дагы бул иш-чара өз салымын кошо алды. Анткени, ал өтүп жаткан 5 айдын ичинде Кыргызстанга КЭРдин 4 компаниясы келип, кызматташуунун алгачкы кадамдарын башташты. Бул дагы жакшы көрсөткүч. Негизинен, коңшу мамлекет биздин балга, унга, кургатылган жер-жемиштерге өзгөчө кызыгуусун көрсөттү. 

Биз көргөзмөгө жалпысынан 14 түрдөн турган 700дөн ашык өндүрүмдү койдук. Биз бул жерден жеке гана айыл-чарба продукцияларын көрсөтпөстөн, тарыхый-маданий мурастарыбызды, каада-салтыбызды дагы кошо таанытып, өлкөбүздүн туристтик потенциалын дагы кандайдыр бир деңгээлде эл арасына жайылта алдык десем болот. ЭКСПОдо ар бир мамлекетке өз өлкөсүн, маданиятын дагы жарнамалоого бардык шарттар түзүлдү. Ушул максатта жана элибиздин каада-салттарын, маданий өзгөчөлүктөрүн, баалуулуктарын таанытуу үчүн август айында Кыргыз павильону мамлекетибиздин Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата Кыргызстан Улуттук күнүн шаңдуу өткөздү. 

Бул чоң мааракеге Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Э.Чодуев келип катышып, ачып берди. Бул кадам аркылуу дагы Кыргызстаныбызды кытай элине, башка мамлекеттерге жакындан тааныта алдык. Бул күндөрү кыргыз бийлери, салттуу музыкасы көргөзмөгө өзгөчө шаң кошуп, кыргыз жыты жыттанып турду. Кытайлык кыргыз боордошторубуз дагы өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Көргөзмөнүн башкы темасы жашылдандыруу, жашыл аймак болгондугу үчүн павильондон сырткары, Кыргызстанда өскөн 60тан ашуун өсүмдүктөрдүн түрлөрүн дагы бизге тиешелүү аймакка өстүргөнгө аракет кылдык. Муну менен катар эле, Кыргызстандын павильону толугу менен кыргыздын салттуу нарк-насили менен жасалды. Бийик, заңгыраган боз үйлөр чындыгында эле, туристтердин көңүлүн өзүнө буруп турду. Анын ички жасалгасы дагы кыргыздын жашоо-турмушун чагылдыра алды. Бул буюм-тайымдарды, боз үйдү жасалгалоодо атайын адистерден, чеберлерден кеңеш алып, кыргыз рухун берүүгө аракет кылдык. Ар бир павильондун өз маңызы, философиясы болуусу шарт эле. Ошондуктан, биз аны “Улуу Жибек жолундагы бермет” павильону катары таанытууну максат кылдык. Ушул кадам аркылуу дагы көптөгөн көрөрмандарды тарта алдык десем жаңылышпайм. 

Кыргызстан күмүш байге алган ушул ЭКСПО-2019дун жабылыш аземинде өлкөбүздүн Биринчи вице-премьер министри К.Боронов баштаган өкмөттүк курам келгени да жакшы белги болду. Деги эле Кыргызстандын ушул ЭКСПОго катышуусунда Айыл чарба, өнөр жай мелиорация министрлигин мурда жетектеп кеткен Н.Мурашевдин да колдоосун, биздин Пекиндеги Элчиликтин тиешелүү көмөгүн айтып коюш абзел. 

Кыргызстандын Кытайдын борбору Пекинде өткөн ЭКСПО-2019 көргөзмөсүнө катышканы жакшы натыйжаларды берет. Себеби, жогоруда айтылгандай көргөзмө өткөн 5 жарым айда миллиондогон кытай жана чет жердик көрүүчүлөр, туристтер Кыргызстанды тааный алышты, биздин иш-чаралар, кооз боз үйлөр, анын жабдыктары аркылуу бай маданий мурастарыбызды көрүштү, көптөгөн бизнес жаатындагы кардарлар, компаниялар Кыргызстандын айыл-чарба, азык-түлүк өндүрүмдөрүн Кытайга импортоо боюнча сунуштарын даярдап, четинен өлкөбүзгө келип, ата-мекендин ишканалары менен контрактарды түзүп жатышат. Кээ бир көрүүчүлөр Кыргызстанга турист катары да келип кетишти. 

Демек Кыргыз павильонун уюштуруучулары көздөгөн максатына – мекенибиздин экономикасына, айрыкча айыл-чарбасынын өнүгүшүнө, экспортту кеңейтүүгө чоң салым кошуп кетти десе болчудай. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)