WeChat      Избранное

Жанболот Козубеков: “Ушу - физикалык жана руханий жактан гармониялык өнүгүүгө мыкты шарт түзөт”

10/05/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Жанболот Козубеков: “Ушу - физикалык жана руханий жактан гармониялык өнүгүүгө мыкты шарт түзөт”

Сүрөттөр маек ээсине таандык

Сергек жашоонун башкы булагы спорт экендиги шексиз. Ошондуктан көпчүлүк ата-эне уул-кыздарын кичинекейинен спорт секцияларына берип, чың ден соолукта болуусуна кам көрүп келишет. Ал эми катышкан спорт түрүнөн уулу же кызы кандайдыр бир ийгилик жаратып, бийиктиктерди багынтса бул ата-эне үчүн чексиз кубанычты тартуулары турган кеп эмеспи. 

Мына, ушундай кыргыздын сыймыктуу уулдарынын бири бул – салттуу Ушу боюнча спорттун мастери, Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Жанболот Козубеков.  Жанболот жеке гана үй-бүлө сыймыгы болбостон, өзүнүн тайпалаштарынын, устаттарынын дагы сыймыгы болуп келет. Жаш дагы болсо Кыргызстандын атын эл аралык аренада татыктуу таанытып, бир катар ийгиликтерди багынткандыгы маалым.

Жанболот бүгүн биздин редакциянын сыйлуу мейманы болду. Ал өзүнүн жетишкендиктери менен бөлүшүп, Кытайга болгон сапары тууралуу дагы кызыктуу маек куруп берди.

-Жанболот алгач окурмандырыбызга өзүң жөнүндө маалымат бере кетсең?

Жанболот Козубеков: “Ушу - физикалык жана руханий жактан гармониялык өнүгүүгө мыкты шарт түзөт”

-Мен “Сейтек” жаш балдар жана өспүрүмдөр борборунда Салттуу Ушу федерациясында машыгып, таалим алып келем. Бул жакка сегиз жашымда келгем. Ошол кезден бери ушу менин жашоомдун ажырагыс бөлүгү болуп калды десем жаңылышпайм. Бул аралыкта көп эле чет мамлекеттерге барып, жакшы эле ийгиликтерге жетиштим. Акыркыларын айта турган болсом, мисалы Болгарияда тайжичуан боюнча өткөн чемпионатта күмүш медалга ээ болуп, экинчи орунду ээлегем. Салттуу ушу боюнча спорттун мастери болдум. Өзүм негизи кандай гана кыйынчылык болбосун басып өтүп, бийиктиктерди багынтууну жакшы көрөм. Тактап айтканда алдыма максат койсом, аны жүзөгө ашыруу үчүн тынымсыз эмгектенүүгө даярмын. Канчалык эмгек сарптап, күч коротуп, кыйналып жеткен бийиктиктин даамы дагы ошончолук таттуу болот эмеспи.  

-Эмне себептен салттуу ушу багытын тандап алдың, буга кимдир бирөө түрткү болду беле?

Жанболот Козубеков: “Ушу - физикалык жана руханий жактан гармониялык өнүгүүгө мыкты шарт түзөт”

-Бардыгыбыз эле кичинекейибизден Джеки Чан, Брюс Ли, Джет Ли жана башка белгилүү кытай актерлорунун кинолору менен чоңойбодукбу. Менин бул багытты тандап алганыма дагы ушул инсандардын таасири чоң. Атам өзү дагы спортто жүргөн адам болчу. Ал дагы менин кызыгуумду колдоп, сегиз жашымда өзү алып барган эле. Ошондон бери устатым Нещерет Наталья Федоровнанын кол алдында машыгууларды өткөрүп, бир топ ийгиликтерге жетиштим.

-Акыркы убактарда пандемиянын эрежеси менен жашап калбадыкбы, бул дагы силердин пландарыңарды өзгөртсө керек?

-Албетте, чындыгында пандемия бардык тармактардын жашоосун токтотуп койду. Биздин федерациянын дагы ишмердүүлүгү солгундай түштү. Эл аралык турнирлерге чыга албай калдык. Чек аралар жабылды.

Бирок ошого карабастан мен машыгуумду токтоткон жокмун. Алдыда эл аралык деңгээлдеги чемпионатта биринчи орунду ээлөөнү максат кылуудамын. Даярдыгыбыз жакшы. Пандемияны жеңип, тынч жашоо башталса эле эл аралык турнирлерге катышмакчыбыз. 

-Ушу боюнча дагы түшүндүрмө кылып, маалымат бере кетсең?

-Ушу чындыгында инсандык сапаттын өсүшүнө жана адамдын физикалык абалына ар тараптуу жана сапаттуу таасир этет. Бул процесстер кылымдар бою сакталып келе жаткан методологиянын жана муундан-муунга өтүп келе жаткан каада-салттардын аркасында бири-бирине шайкеш келет. Ушу менен машыгуу процессинде биз ар кандай ыкмаларды үйрөнөбүз. Мисалы бут созуу, анын ичинде кадамдар техникасы, колдун, буттун кыймыл-аракеттерин тыкыр изилдеп машыгабыз. Дем алуу көнүгүүлөрүнүн ар кандай түрлөрүнө дагы көңүл бурулат.  

Уникалдуу ыкмада чогултулган мындай ар түрдүүлүктүн аркасында физикалык жана руханий жактан мыкты гармониялык өнүгүүгө дагы ээ болобуз. Дал ушул гармония ушу искусствосун окутуунун жана мушташ өнөрүнүн башка түрлөрүнөн айырмалап турат. Ушу инсанды жалпысынан өнүктүрүүгө басым жасап, мушташ өнөрү практикасында жана күнүмдүк турмушта колдонула турган маанилүү жөндөмдөрдү жана сапаттарды дагы өнүктүүрүүгө үйрөтөт.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, спорттун көпчүлүк түрүндө жаш чектөөсү бар. Ушуда андай эмес. Аны менен карыганга чейин эле машыга берсе болот. Ар бир кыймылы ден соолукка пайдалуу десем болот. 

Организмди күчтүү кылат. Анын ар кандай ооруларга каршы коргонуусун бир топ жогорулатат, өзүңө-өзү ишенип, кандайдыр бир кыйынчылыктарга каршы туруу жөндөмүн өөрчүтөт. Адамды кайраттуу жана чечкиндүү кылып, сабырдуу болууга, сыноолордон коркпоого үйрөтөт.

Муну менен катар эле жаман адаттардан арылууга дагы жардам берет. Мисалы, чечкинсиздик, коркоктук, жалкоолук жана таптакыр маанисиз нерселер жөнүндө ойлонуудан дагы арылтат. Компьютердик оюндардан алыстатат. Ушу чынчыл, адептүү, боорукер болууга, мугалимди сыйлоого, айрыкча ата-энени сыйлоого, коомдун татыктуу мүчөсү болууга дагы өзүнүн чоң салымын кошот. 

Ошондуктан спорт менен машыгуу абдан маанилүү деп ойлойм. 

-Салттуу ушунун мекени болгон Кытай жергесинде дагы болуп кайткам деп калдың, ошол сапарың тууралуу айтып берсең?

-Ооба, мен Кытайга 2015-жылы барып келгем. Роза Отунбаеванын демилгеси фонду тарабынан жаш таланттарды колдоо багытында өткөрүлгөн иш-чаранын негизинде барып келгем. Үрүмчү, Пекин, Шанхай, Наньтун шаарларында болгом. Мага бул сапар эң мыкты таасир калтырган. Абдан өнүккөн шаарлар, байыркы менен учурду айкалыштырган курулуштар, коңшу мамлекеттин ажайып жайлары эң сонун көз ирмемдерди тартуулады десем болот. Чындыгын айтсам, ал жакта дагы көбүрөөк жүргүм келген. 

Кытай эли дагы абдан жакшы таасир калтырган. Чет мамлекеттиктерди өзгөчө сыйлоо менен кабыл алышат экен. Мен ушу, тайжичуан, салттуу кытай күрөш ыкмалары кытай элинин жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калгандыгын байкадым. Себеби, көчөдө болобу, парктарда болобу карапайым элдин тайжичуан, салттуу ушу менен машыгып жаткандыгын көрүүгө болот. Алдыда дагы, буюрса Кытайга баруу пландарыбыз бар. Салттуу ушу боюнча дүйнөлүк чемпионаттар дагы ушул коңшу мамлекетте өткөрүлүп турат. 

-Алдыда кандай ой-тилек, пландарың бар?

-Кыргызстанда дагы салттуу ушу менен машыгууну каалагандар көбөйүүдө. Мен бул багытты таштабайм, эл аралык турнирлерге чыгуу менен катар эле, өз алдымча дагы салттуу ушу мектебин ачууну ойлонуп жүрөм. Жаш балдарга тарбия берип, Кыргызстанды дүйнөлүк аренада татыктуу тааныта алган шакирттерди даярдоо дагы изги тилегим. 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)