WeChat      Избранное

Мыкты жубай – ийгилик ачкычы, бактылуу өмүр жана ардактуу карылык

25/02/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Мыкты жубай – ийгилик ачкычы, бактылуу өмүр жана ардактуу карылык

Сүрөттөр интернеттен алынды

Өмүрлүк жар тандоо адамдын жашоосундагы абдан маанилүү тандоолордун бири. Анткени, ошол адам менен жашоодогу эң бактылуу көз ирмемдери тең бөлүшөт эмеспизби. “Базарга чейин эмес, мазарга чейин” чогуу бара турган жакын адамыңды жолуктуруу чыныгы бакыт экендиги шексиз. 

Мына биз бүгүн ушул өмүрлүк жар тандоо, тактап айтканда кыргыздардын жана кытай элинин маданиятындага кудалашуу салт-санаасы тууралуу маалымат берүүнү чечтик.

Кыргыздар жакын туугандар ортосунда, же бир уруудан кыз алышып, беришкен эмес

Мыкты жубай – ийгилик ачкычы, бактылуу өмүр жана ардактуу карылык

Кыргыз элинде уул үйлөп, кыз берүү каада-салттары ар дайым өзгөчө орунду ээлеп келген. Үйлөнүү жашоодогу маанилүү кадамдардан болгондуктан, бул жаатка абдан маани берилген. Себеби, ушул тандоо келечектеги жашообузга түздөн-түз көз каранды эмеспи. Дал ушул кыргыздардагы кудалашуу салт-жөрөлгөлөрү боюнча маалыматты белгилүү этнограф, тарыхчы Абдымиталип Мурзакметовдун эмгегинен алдык.

Кыргыздарда үйлөнүү үлпөтү ар дайым өзгөчө орунда болгон. Ырас, кыргыздардагы кудалашуунун бел куда жана бешик куда сыяктуу түрлөрүндө үйлөнө турган эки жаштын каалоолору эске алынбаганын айта кетүү керек. Себеби бел кудалык балдар али төрөлө элек мезгилде аткарылса, бешик куда болуу, аты айтып тургандай, балдар бешикте жатканда бүткөн. Адатта, кудалашуунун мындай көөнө түрлөрүнө бири-бирин көптөн бери билген, көңүлү жакын, мамилелеш адамдар барышкан. Балдарынын эркинен тыш макулдашуу аркылуу алар өздөрүнүн ортосундагы ынтымакты дагы бекемдөөнү көздөп, ошол эле учурда уул-кыздарынын болочокто начар чыкпасына, ата-энелеринин сөзүн ташташпасына ишеним артышкан. 

Албетте, мындай чара эки тарап үчүн тең ыңгайлуу болгонун да унутпоо керек: уулдун атасы келини үчүн берчү калыңын бир топ жылдын ичинде бөлүп берип, ири чыгымдан байкалбай кутулса, кыз тарабы тиешелүү септи даярдоо үчүн (ал тургай, кыздын өз колу менен) кенен убакыт алган. Мындай убадалашкандар уул-кыздары чоңоюп, тою өткөнгө чейин эле кадимки кудалардай катташып, жакшылык-жамандыкта бирге болушкан. Балдардын биринин атасы же энеси өтүп кеткен күндө да, кудалык убада бузулбай кала берген. Эгер жаштар бойго жеткенден кийин бири-бирин жактырбаса, мүмкүн болушунча аларды көндүрүүгө аракеттенишкен, таптакыр арга жок болсо гана эркине коюшкан. Эгер кыз көнбөсө, анда алдын ала берилип келген калың кайтарылган, жигит кызды жактырбаган учурда калың кайткан эмес. Негизи кыргыз салттары эч качан адамдын көңүлүнө, эркине, укугуна каршы чыкпаганын белгилей кеткибиз келет.

Жигит эр жетип, үйлөнөр маалы келген чакта кимдир бирөө менен сөз байлашпаган болсо, ата-энеси кыз караштыра баштаган. Өткөн мезгилдерде кыргыздар балдарын мүмкүн болушунча эрте үйлөгөнгө аракеттенген, муну эрте балалуу болуп, балдары атасы менен катар эле чоңоюп, кол арага жарап, жумушун эрте колунан алышы менен байланыштырышкан. Эр жеткен жигиттин колоктоп бойдок жүрүшүн өөн көрүп, “Буканы малым дебе, бойдокту балам дебе” деп шылдыңдап, кызды “кара далы” деп атап арданткан. 

Өзүнүн көп кылымдык тажрыйбасында кыргыздар жакын туугандардан, же болбосо бир эле уруктан, уруудан түзүлгөн үй-бүлөлөрдөн алсыз, оорукчан, ал түгүл, тубаса майып, акыл-эси кем балдардын төрөлөрүн байкашкан. Андыктан баласын үйлөгөндө башка айыл, башка уруудан кыз алып берүүгө аракеттенген. “өз айылынан аял алгандын тукуму – күйпүл күчүк, кыр ашырып алгандын тукуму – карышкыр, ашуу ашырып алгандыкы – арстан” деген сөз мына ошондон калган.

Ар бир кыргыз уулунун жети атасына чейин билүүсү, санжыра сүрүштүрүүнүн негизги максаттарынын бири дал ошол – жакын туугандардын каны аралашып кетүүсүнөн сактоо болгон. Кадыр-барктуу, белгилүү адамдар уулун үйлөгөн учурда же өзү тандап кыз алып берген, же баласына тажрыйбалуу, кыраакы, сынчы кишини кошуп берип, өзүнө эл ичинен издеткен. 

Кызды тандаган учурда сынчыл адамдар анын өңү-түсүн, басып-турушун, кеп-сөзүн, чай сунуп, тамак жасашын, жүк жыйышын… – баарын, баарын көз кырынан өткөрүшкөн. Албетте, “Катын албай, кайын ал” деген принциптен улам болочок колуктунун ата-энесинин теги, эл ичиндеги аброю да унутулган эмес. 

Көңүлгө туура келген ылайыктуу кыз табылган учурда анын атасынын үйүнө атайын жуучулар жөнөтүлгөн. Макулдугун бербей койбосун үчүн жуучулукка атайын жашы улуу аксакалдар менен эл ичиндеги кадырлуу кишилерди, же болбосо чукугандай сөз тапкан, чечен адамдарды тандашкан. Алар, адатта, барар замат максатын айтып кирбей чайлашып, кыздын ата-энесин мактап көңүлүн алып, анан “Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер”, “Ырыстууга жуучу келет, ырысы жокко доочу келет”, “Жакшыга жуучу келет, жаманга куучу келет” деп бал тилин безеп макалдата сүйлөп, келген максатын билдиришкен. “Кызы бардын назы бар” дегендей, нары кызынан кутула албай эле жүргөн экен деген сыяктуу сөздөрдөн сактанып, ата-энеси дароо эле макулдугун бере салбай, түрдүү шылтоолорду айтып көрөт. Жуучулар да түңүлүп калбай, бир топко дейре көшөрүшөт. Кыздын ата-энеси макул болбогон учурда да, жуучуларды кабыл алып, сыйлап узатуу салты бар. Элде “Элчиге өлүм жок, жуучуга кордук жок” деген эреже кылымдар бою жашап келет, демек, жуучуларды элдик дипломатиянын өкүлдөрү катары карап, алардын статусу элчилердики менен бирдей каралган десек жаңылышпайбыз. Анткени элчилер эки элдин же мамлекеттин ортосунда байланышты түзүшсө, жуучулар мамлекеттин кичинекей үлгүсү болгон үй-бүлөлөрдүн арасында данакерлик кызмат аткарышат эмеспи.

Макулдук алынгандан кийин эки куда төш тийиштире кучакташып, таттуу мамиледеги кудалардан болуу үчүн ырымдап дасторкондогу бал, өрүктүн кагы же шоколад сыяктуу шириндиктерден чогуу ооз тийишет. Мындан кийин берилчү калың, кийит кийгизүү, той берүү сыяктуу маселелер ачык-айкын сүйлөшүлөт. Кыздын башы байланып калгандыгынын белгиси катары ага сөйкө салып коюшкан. Бүгүн алтын сыргаларды колдонуп калышкан менен, кыргыздарда мурун күмүш сөйкө бааланганын айта кеткибиз келет. Анын кадырланышына күмүштүн түсү, тагыраак айтканда, ак түс себеп болгондугу шектендирбейт. Ак түс тазалыктын, күнөөсүздүктүн, ак ниеттик менен жакшылыктын, амандыктын, асылдыктын түсү катары каралган. Изилдөөчүлөр муну көчмөндөрдө сүттүн ыйык саналышы менен байланыштуу деп түшүндүрүшөт. Тескерисинче, алтындын сары түсү кайгынын, азаптын, оорунун белгиси деп кабыл алынган.

Замандын өзгөрүшү менен кыргыздарда кудалашуу салт-санаасы дагы өзгөрдү десек болот. “Бел куда, бешик куда” жөрөлгөлөрү азыркы мезгилде жокко эсе. Интернет доорунда дагы таанышуунун мүмкүнчүлүктөрү бир топ кеңейди. Учурда көпчулүк жаштар өздөрү табышып, сөздөрү бүткөндөн кийин гана ата-энелерине айтышып, эки тарап ошондо гана чогулушат. 

Ата-энелерди чогулткан “Күйөө балдар жана келиндер” рыногу 

Мыкты жубай – ийгилик ачкычы, бактылуу өмүр жана ардактуу карылык

Кытай маданияты өзүнүн тереңдиги, өзгөчөлүгү жана тарыхынын узундугу менен айырмаланып келет. Ошондуктан, бул элдин кудалашуу үйлөнүү той маданияты тууралуу бир жактуу айтууга болбойт. Анын көп түрдүүлүгүн эки кагаз бетинде толугу менен ачып берүү дагы мүмкүн эмес. Себеби, көп улуттуу кошуна мамлекеттин ар бир провинциясында, булуң-бурчунда бир-бирине такыр коошпогон, айырмаланган үйлөнүү маданияттары кездешет. Ал гана эмес, Кытай мамлекетинин негизги улуту катары эсептелген хань элдеринде дагы, жашаган аймактарына жараша өзгөчөлүктөрдү жолуктурууга болот. 

Кыргыз элиндей эле байыртадан кытай элинде уул-кыздарына өмүрлүк жар тандоодо ата-энелердин ролу абдан зор болуп келген. Чындыгын айтканда, бул жөрөлгө бүгүнкү күндө дагы өз маанисин жоготпой келет. Буга Кытай Эл Республикасынын бизнес борбору болуп саналган Шанхай шаарындагы “Күйөө балдар жана келиндер” рыногу толук далил болуп бере алат. Байыртан келген салтты улай ата-энелер азыркы тапта дагы өз балдарына ушул базардан өмүрлүк жубай издешет. Алар менен катар эле, бул жерде “жеңенин” ролун аткарган ортомчулар отурат. 

Ар бир дем алыш күндөрү Элдик паркта жүздөгөн ата-энелер балдары үчүн мыкты өмүрлүк жар издеп чогулушат. Айрымдар үчүн бул билим алуу жана сеп берүү үчүн кеткен бардык чыгымдарды кайтарып алуунун жолу болсо, ал эми башкалары үчүн карьерасы менен алек болгон, мамилеге кызыкпаган баласына ишенимдүү адамды табуу үчүн айласы кеткен кадам. Ал эми кээ бирлери балдарынын тандоосуна нааразы болгондугу үчүн башка татыктуусун издеп жүргөндөр. 

Бул жерден бардык катышуучулар тууралуу толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк бар. Атайын резюме даярдалып, ал жерде адам жөнүндө бардык маалыматтар берилет. Туулган жылы, бою, астрологиялык белгиси, иштеген жери, бир жылдык кирешеси, үй-жайы, унаасы ж.б.у.с. 

Кытай элинде эркектердин саны аялзатынан бир канча аз болсо дагы, бул рыноктун 80%ы кыздардын резюмелерине толгон.  Себеби, кытай кызына үйлөнүү үчүн мырзанын милдеттүү түрдө үй-жайы, унаасы болуусу шарт. Анан албетте, эгерде кыздар жакшы жерде билим алып, жумушунан ийгиликке жетишсе анын дагы келечектеги жолдошуна болгон талабы жогору болот эмеспи. Бирок, кыргыздардай эле кытай элинде дагы “кара далы” деген түшүнүк бар. Эгерде кыздын жашы 27ден өтсө, анда анын ийгиликтүү турмушка чыгуусу жеңил болбойт. 

Ал эми, ортомчуларга кайрылгандар болсо ал жакка акы төлөшөт. Буга жараша өзүңүздүн дагы болгон талабыңызды койсоңуз болот. Көпчүлүк учурда Шанхайда жашоого укугу болуусу каралат. Муну менен катар эле, үй-жайы, жылына 70 000 юаньдан кем эмес кирешеси жана чыгыш жылдызбелгиси боюнча “жылан” болуусу дагы башкы талаптардын катарына кирет. Бул рынокто канча миңдеген резюмелер эл алдына коюлат. Ошондуктан, бардык талаптарга жооп берген жаштарды дагы табууга толук мүмкүн. Шанхай чоң шаар, чоң шаарда чоң мүмкүнчүлүктөр бар эмеспи. 

Чындыгында байыртан бери мындай “Жубай тандоо” базарлары Кытайдын ар бир аймагында болгон. Ал эми Шанхай шаарындагы бул рынок 1996-жылы ачылган. Ошол кезден бүгүнкү күнгө чейин ал ийгиликтүү иштеп келет. Заман өзгөрдү деген менен Кытай жергесинде дагы да болсо ата-энелердин уул-кызына келечектеги жубайын тандоодогу ролу зор. Колго толтурулган резюмелерди көтөрүп, мыкты келин, мыкты күйөө бала издеп келген ата-энелерди миңдеп көрүүгө болот.  

Кытай элинде байыртан бери “Алты жөрөлгө” түшүнүгү бар. Бул түшүнүккө кыз-күйөөнүн убадалашкан кезинен баштап, үйлөнүү тоюна чейинки каада-салттар кирет. Алгач, уул тараптан кыздын үйүнө кымбат баалуу белектер жөнөтүлөт. Бул жигиттин кыздын колун суроо катары бааланат. Андан соң, кыздын, жакындарынын аты-жөнүн билүү үчүн жиберилген белек. Бул жерде уул тараптан келген элчилер кыздын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты-жөнүн, туулган күндөрүн улуулата билип, жазып кетишкен. 

Алар кайтып келгенде, ушул маалыматтар аркылуу үйлөнүү үчүн “бактылуу датаны” тандашкан. Муну менен катар эле, “нике бактылуу болобу?” деп дагы чучукулак кармашкан. Жыйынтыгы оң болсо, үйлөнүүгө кийинки кадамдар жасалган. Үчүнчүсүндө кыздын үй-бүлөсүнүн макулдугу тууралуу маалыматтын келиши болсо, төртүнчү кадам катары кыздын үйүнө убаданы бекемдөө үчүн жиберилген баалуу тартуу менен аяктайт. Уул тараптан берилген белектер канчалык кымбат баалуу болсо, анын кадыр-баркы ошончо көтөрүлгөн. Бешинчисинде үйлөнүү тойдун күнү белгиленген. Ал эми, жыйынтыктоочу этап катары Кыз узатуу салтанаты болгон. Бул күнү жигит менен кыздын алгачкы жолугушуусу өткөн. Мурунку мезгилде, баш кошкон эки жаштын жашаган аймагы бир болуп, каада-салттарында өзгөчө айырмачылык деле болгон эмес. Ал эми азыр болсо, көп себептерден улам ар башка жерлердин жаштары үйлөнүп, тойлордо аймактык өзгөчөлүктөр көп жолугат.

Фото 2: Шанхай шаарындагы “Күйөө балдар жана келиндер” рыногунан бир көз ирмем

Мыкты жубай – ийгилик ачкычы, бактылуу өмүр жана ардактуу карылык

Фото 3: Бул рынокто ортомчуларга келген кардарлар дагы абдан көп

Мыкты жубай – ийгилик ачкычы, бактылуу өмүр жана ардактуу карылык




(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)