WeChat      Избранное

Асанбайдын “Кара-Көлү” жана кара тору кыз

02/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Асанбайдын “Кара-Көлү” жана кара тору кыз

ФотоWWW

Кытайлык кыргыздардын акын-жазуучулары тууралуу баян-аңгемелерибизди улай, бул ирет акын Асанбай Матили менен Мамет Сабырдын чыгырмалары, кыскача өмүр таржымалдары менен тааныштырууну чечтик. 

Асанбай акын 

Акын Асанбай Матили 1936-жылы 15 июнь күнү Артыш ооданынын Каражүл айылында чарбачынын үй-бүлөсүндө туулган. Жамила Айсаракунованын маалыматы боюнча, болочок сөз чебери 1943-1951-жылдар аралыгында пенний мектептерде (диний мектеп) окуган. Мектепти аяктагандан кийин, 2 жыл ичинде Каражүл райондук оюн-зоок тобунда иштеген. 

Андан соң, 1953-1956-жылдары Кашкар шаарында дарил муглиминен (репетитор) билим алып, ал эми 1956-1959-жылдары Шинжаңдын педагогика шойулинин (университет) адабият факультетинде окуусун өркүндөткөн. 

Окуусун аяктагандан кийин, кыска убакыт “Кызыл-Суу” гезитинин идарасында же биздикинче редакция, офисинде иштеген. Ошол кезде солчул саясат жүрүп, бир нече жыл эмгеке салынып, ал жактан 1979-жылы акталып чыгат. 

1981-1982-жылдары Борбордук улуттук шойулининде (университет) адабият мугали болуп эмгектенет. 

Кийин, 1983-жылдан тарта Шинжаң уйгур автоном райондук элдик оозеки адабиятын изилдөө коомунун “Манас” группасында изилдөөчү болуп эмгектенет. 

Эми чыгармачылыгына токтолсок, акындын алгачкы “Билбеймин” аттуу ыры 1957-жылы жарыяланган. Деги эле жазган ырлары кыргыз тилинде гана эмес, хуньзу (кытай), казак, дунган тилдүү журналдарда да жарык көргөн. 

Кытайдагы кыргыз акын-жазуучулары китебинин автору Жамийла Айсаракунованын айтуусу боюнча, акындын чыгармаларынын өзөгүн сүйүү темасы түзөт. Ошону менен бирге, Асанбай Матили “Манас” эпосунун алдыңкы бөлүктөрүн басмага даярдаган. Кыргыз адабияты боюнча бир нече макалаларды жазган. 

Андан тышкары, көлөмдүү “Кыргыз адабият тарыхы” аттуу илимий эмгекти жазууга да катышкан. Акындын бир нече дастандары “Шинжаң эл басмасы” басма үйү тарабынан 1990-жылы жарык көргөн “Жайлоо жаңырыгы” аттуу жыйнакка киргизилген. 

Асанбай Матили Кытай жазуучулар коомунун Шинжаң бөлүмүнүн, Кытайдын аз сандуу улуттар жазуучулар коомунун, Кытай түрк тилдүү коомунун жана  Шинжаң кыргыз тил, адабият илимий изилдөө коомунун мүчөсү.  

МЕКЕНИМ 

Мекеним – үлпөк уям, өскөн жерим.

Койнуңда лирикамды төккөн жерим.

Өмүрдүн балын соруп,кан батыра,

Жыргалда көйрөңдөнүп көпкөп жерим,

Ардактуу азаматтын шаңы учуп.

Артыма сансыз мура бөккөн жерим.

Балалык аңкооллуктан колум үзүп,

Турмуштун тереңине чөккөн жерим.

Айдыңда, көл боюнда эркелетип,

Суйкайган сулуу жарым өпкөн жерим.

ЭГЕР БОЛСОМ

Сабада сапырылган кымыз болсом,

Сабырсыз кылтылдатып ичер белең.

Сабакта салбыраган мөмө болсом,

Шагыма кол узатып үзөр белең.

Көгүлтүр бөтөлкөдө жыпар болсом,

Мурдуңа буркуратып жыттаар белең.

Жануудан бороктогон булак болсом,

Суйкайып суу алганы чыгар белең.

Кобурдун күрүлдөгөн  жели болсом,

Төгүлгөн саамайыңан сылар элем.

Дүпүйгөн жалбырактуу чынар болсом,

Салкындап көлөкөмдө уктар белең

КАРА КӨЛ 

Кара көл  көл экенсиң чалкып жаткан

Өзүңчө күчкө толуп балкып жаткан.

Сүрөтүң карап турам Үрүмчүдө,

Көбүгүң мен эмесмин калкып аккан.

Козгоюн сен тууралуу сөз кайсындай

Тунуксуң кыргызымдын көз жашындай.

Өлбөскө ырлар жазып калсам деймин,

Дүйнөдө өмүр көрүп өз жашыңдай.

Эмесе сен да көлсүң, мен да көлмүн,

Ырдасам эргип жүрсөм сен да жөнсүң.

Кээ бирде мен да толкуйм толкунуңдай,

Толкундай толкунуңду эл да көрсүн.

Мамет акын 

Акын жана драматург Мамет Сабыр, Асанбай Матили менен теңтуш жана жердеш.  Калемгер 1936-жылы Артыш шаарына караштуу  Каражүл айылында туулган. 1951-жылы Кашкарда ачылган “Санайи Нефисте”  (өз кезинин көркөм өнөр тобу) тобунда  2 жылдай өнөр үйрөнүп,1953-жылы Улуучат оодандык көркөм өнөр үйүрмөсүндө иштеген. Андан сон, 1956-жылы Кызылсуу кыргыз автоном областык  көркөм өнөр үйүрмөсүнө  жөткөлүп келип, ошол жерде 2009-жылга чейин эмгектенип келген.  


Жамийла Айсаркунованын маалыматы боюнча, калемгердин чыгармачылыгы сахнада башталган. Ал 1960-жылдаржан баштап “Кызыл атчандар”, “Жениш менен келебиз”,  “Ашык-машык тең  ашык” сыяктуу ырларын жазып, аларды ырга коштоп өзү  аткарып келген. Кийинки жылдары “Бээжинге салам”, “Сайра комузум” аттуу ырлары  комуз күүгө салынып чыгарылган. Чыгармачылыгы баркталып, бир топ сыйлыктарга ээ болгон. Башка акын-жазуучулар менен биргеликте, “Кулмырза менен Аксаткын” иштелип чыгып, ал драмасы алгач сахнада жеңиштүү ойнолуп жатты. Кийин, “Чек ара кызы”, “Күңөтай менен Козубай” сыяктуу чыгалмалары ойнолду. 


Калемгердин негизи чыгармачылыгын ыр тексти түзүп, чыргамалары радиолордо, сахналарда койулуп келди. Акын ырларында кыргыз элинин эмгек сүйөрлүгү, баатырдыгы,  азаттык, теңдик үчун күрөшкөндүгү, партиянын чыныгы жол башчы, бакыт жаратуучу экендиги сыяктуу мазмундар камтылган.


Мамет Сабыр 2009-жылы Кытай музыканттар коомунун  Шинжаң бөлүмчөсүнүн мүчөсү, Кызылсуу кыргыз автоном областтык көркөм өнөр үйүрмөсүнүн кесипкөйү болуп турган. 


КАЙТАРЫП КОЙДУ МЕН КЕЛСЕМ


Карагат көзүн жайнаткан,

Кат жазып суудай айдаткан,

Кайтарып койду мен келсем,

Карачай сүттөп кайнаткан.


Жароокер мага күйүнөт,

Жай-кышы тоодо мал баксам.

Каттама салып чай берет, 

Калың сыйпап каймактан.


Кадырназ сиздей жок экен,

Карасам айыл аймактан.

Жеңиштүү жаңы заманда,

Жетилген сулуу ар жактан.


БҮБҮШҮМ


Жароокерим жайнаңдаган Бүбүшүм,

Жагалмайдай жарпым жазып жүрүшүң,

Жарашыптыр жакшынакай өзүңө,

Жаркылдаган жакаңдагы күмүшүң.


Жыпар жыты ар тарапка чачылган,

Жай ачылган гүл бакчанын гүлүсүң.

Мага терең сүйүү сырын айткансыйт,

Жал-жал карап мыйыгыңда күлүшүң.


Көргөн сайын күлгөнүңө таң калам,

Көктө чолпон түрүсүң,

Эмгегиңе ашык болуп мен жүрөм,

Элим сүйгөн эрке кызы Бүбүшүм.


КАРА ТОРУ БИР КЫЗГА


Калем алып кат жазамын ар убак,

Кадыр сыйлуу кара тору бир кызга,

Кылкан кирпик, кырдуу мурун, чийме каш,

Как окшотом көзүң чолпон жылдызга.


Бели ичке солкулдаган тал чыбык,

Беш көкүлү жылтылдаган кундуздай,

Суктандырып адамзатты кыйнаган,

Ушул өңдүү кыздар чыгат кыргызда.


Бети кызыл алма бекен, анарбы?

Чыңалыптыр жайлоодогу турмушта.

Өмүр бою эрмектеши болсом дейм,

Кара жаным кара тору ушул кызга. 


(Автор:Сүйүнбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)