WeChat      Избранное

«Кытай, алдыга!», «Ухань, алдыга!»

12/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

«Кытай, алдыга!», «Ухань, алдыга!»

Сүрөт маек ээсине таандык

Кытай Эл Республикасындагы коронавирус кырдаалына байланыштуу Кыргызстанда дагы бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, коңшу мамлекетти колдоо ирээтинде жакшы саамалыктар өтүүдө. Аларды улай, учурда  «Кытай, алдыга!», «Ухань, алдыга!» деген ураандар менен дагы жакшы тилегин, ниетин билдирген кыймылдар эл арасында жайылууда. 

Алардын бири, биздин редакциянын мейманы, Кытайда 15 жылдан бери жашап келген Алишер Момунов. Ал дагы, инстаграм баракчасына ушундай сөздөрдүн коштоосунда, кичинекей балдардын сүрөтүн кошуп, коңшу мамлекетке болгон өз колдоосун, сый-урматын көрсөттү. 

Ошондуктан, биздин редакциянын журналисти Алишер Момунов менен Кытай тууралуу кыскача маек курду.  

Алишер Момунов: «Бул илдетке каршы күрөштү Кытай эли, мамлекети абдан жогорку деңгээлде жүргүзүүдө»

-Мен Кытай Эл Республикасында 15 жылдан бери жашап келе жатам. Учурда, Гуанчжоу шаарында докторантурада билим алып, иштейм. Үй-бүлөм менен ошол жакта турам. Келинчегим дагы магистратурада окуйт. Уулум бар. Биз коронавирус тууралуу 20-январда ММК жаңылыктары аркылуу маалымат алдык. Чындыгында, Кытай жергесинде көп ызы-чуу болгон жок, дүкөндөр, ашканалар, дарыканалар адаттагыдай эле иштеп, коомдук транспорттор өз убагы менен жүрүп жатты. Бир гана медициналык беткаптар тартыш болуп баалары кескин кымбаттап кетти, жалпысынан эл арасы тынч эле болду. 

Бул илдет тууралуу биз көбүнчө Кыргызстандын, Россиянын ММКларынан угуп, сарсанаа болдук десем болот. Анткени, бул жактан ата-энелерибиз туугандарыбыз жергиликтүү маалымат каражаттарынан ар түрдүү маалыматтарды алып, «Кыргызстанга келгиле»-дегендеринен улам бул жакка кайтып келүүнү чечтик. Бирок тилекке каршы, Кытайдын жаңы жылы болуп жаткандыгына байланыштуу, бардык аба каттамдары убактылуу  токтотулган болчу. Ошондуктан, 29-январда биринчи рейс менен Гуанчжоу-Урумчи-Алматы багыты аркылуу Бишкекке учуп келдик. 

Жолдон текшерүүлөрдөн өттүк. Кыргызстанга келгенде, дене табыбызды текшерип, анкета толтуртуп, бат эле чыгарышты. Бирок, мен үй-бүлөм менен бирге үйдө 14 күн карантин кылдым. Карантинден кийин, 15-күнү гана жакындарыбыз үйгө келишти.

Мен Кытайдын бир катар ири шаарларында жашап, иштеп келдим. Ал жакта чындыгында, жашоо абдан жогорку деңгээлде. Канчалык иштеп, аракет кылсаң ошончо берекети болот. Эмгек жерде калбайт десек болот. Кытай эли абдан иштерман калк келет. Ал жакта иштеген мага абдан жагат. Жашоо кымбат болгону менен, ошончолук жакшы жашоого бардык шарттар түзүлүп, мүмкүнчүлүктөр каралган. Гуанчжоунун ишкерлери негизинен ири мамлекеттер менен кызматташууга кызыкдар. Ошондуктан, Кыргызстанга келип инвестиция кылууга анчалык деңгээлде кызыгышпайт деле.

Коронавирус кырдаалы Кытай Эл Республикасынын күчтүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады десем жаңылышпайм. Бул илдетке каршы күрөштү Кытай эли, мамлекети абдан жогорку деңгээлде жүргүзүүдө. Анын жайылып, тарап кетпөөсү үчүн бардык алдын-алуу чараларын колдонуп, мыкты иш-аракеттерди аткарышууда. Эгерде, башка мамлекеттерде ушундай абал болсо, тез эле дүйнө жүзүнө жайылмак деп ойлойм. 

Кытайда мыйзам алдында бардыгы бирдей жооп беришет, мыйзам катуу иштейт. Элдер дагы тартип бузбайт. Бул дагы мамлекеттин жетишкендигин, эл алдындагы кадыр-баркын билдирет. Ошондуктан, бул илдет менен күрөшүүгө кытай эли жапа тырмак киришип, системалуу иш алып бара алышты. 

Чындыгында, бул кырдаал Кытай Эл Республикасы экономика жаатында бүтүндөй дүйнө жүзүнүн «кыймылдаткычы» экендигин дагы билдирип, баса белгилей алды. Анткени, Кытай бүтүндөй дүйнө жүзүн зарыл болгон товарлар, керектүү буюм-шаймандар менен камсыз кылып келген. Чек аралардын жабылуусу, коңшу мамлекеттеги абал, бүгүнкү күнү Кыргызстандын экономикасын гана ойго салбастан, көптөгөн башка мамлекеттерди дагы ойлонтуп турган чагы. 

Мен дагы Кыргызстанга кайтып келгенде, Кытайды, ал жактагы досторумду колдоо ирээтинде уулум жана карындашымдын кыздарын кошуп «Кытай алдыга!», «Ухань алдыга!» деген сөздөрдүн коштоосунда, ушундай сүрөттү жарыяладым. 

Кытай эли бул кырдаалдан дагы жеңиш менен чыгаарына ишенем. Ал жакта абал турукташса, кайрадан барып өз ишмердүүлүгүбүздү уланта бермекчибиз.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)