WeChat      Избранное

Роза Айтматова: «Чыңгыз Төрөкулович бизге, бир туугандарына ар дайым жөлөк болуп, окууга, билим алууга шыктандырып, билимди баалаганга үйрөттү»

11/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Роза Айтматова: «Чыңгыз Төрөкулович бизге, бир туугандарына ар дайым жөлөк болуп, окууга, билим алууга шыктандырып, билимди баалаганга үйрөттү»

Сүрөт интернеттен алынды

Дүйнөнү дүңгүрөтүп, «түбөлүктүү өмүргө» татыктуу болгон Чыңгыз ааламы бардыгыбыз үчүн кандайдыр бир сыйкырдуу дүйнө менен реалдуулукту, улуулук менен жөнөкөйлүктү айкалыштырган чексиз океан экендиги шексиз. Чыңгыз Айтматовдун ар бир чыгармасы бүтүндөй дүйнө элинин жүрөгүнөн түнөк таап, өзгөчө баркталып келет. Буга залкардын 176 тилге которулган эмгектери толук далил болуп бере алат. 

Жазуучунун чыгармаларынан ар бир окурман өзүн, кошунасын, айылдашын, тууганын көрө алат. Күнүмдүк, бардыгыбызга кадыресе катары сезилген жашоону, айлана-тегерегибиздеги болуп жаткан окуяларды өзгөчө кылдаттык менен кынаптап улуу чыгармаларды жаратуу чыныгы таланттын ээсине гана таандык эмеспи. Ошондуктан, дүйнөнү калеми менен багындырган ойчулдун артында калган улуу мурасы кыргызга эле эмес, жалпы дүйнө элине дагы баалуу кенч болуп калды. 

Мына, ушул кыргыздын сыймыгы, көөнөргүс дөөлөтү Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүн утурлай залкардын карындашы коомдук ишмер, окумуштуу, публицист Роза Айтматова менен маек курдук. Сексенден өтүп калса дагы тың басып, тың сүйлөгөн Роза эже агасы Чыңгыздын балачагы тууралуу кызыктуу кеп салып берди.

- Негизи, адам маңдайына кандай тагдыр жазылса көрөт экен. Ар дайым жыргалчылыкта жашаган адам болбосо керек. Кандай гана жашоо болбосун, албетте кыйынчылыктар, тоскоолдуктар кездешет. Бирок, ага баш ийип мүңкүрөп калбоо зарыл. Ата-энем кезегинде заманды түшүнө билген, балдар билим алсын деген адамдар эле. Кийин тагдыр башка жакка буруп, атабызга байланыштуу азапты көрүп, эл көргөн кыйынчылыкты тарттык. Анан эл катары окудук, аракеттенип жакшылыкка умтулдук. 

Чыңгыз Төрөкулович дагы бизге, бир туугандарына ар дайым жөлөк болуп, окууга, билим алууга шыктандырып, билимди баалаганга үйрөттү десем болот. 2-класс кезимден баштап мени китепканага жаздырып, ал жактан алган китептеримди окутуп, түшүнгөнүмдү айттырчу. Окууда канчалык жакшы окуп, мугалимдеримден мактоолорду уксам дагы «Сен дагы аракет кыл, дагы жакшылап оку», деп тураар эле. Чындыгында, бул өмүрдө өйдө-ылдыйды көрө билип, аны кабыл ала билүү керектигин аңдадым. Чыңгыз Төрөкуловичтин да тагдырын карап отуруп дагы ушинтип ойлойм. 

Биз үй-бүлөдө жалпысынан алты бир тууган болгон экенбиз. Экөөсү кичине кезинде эле чарчап калат. Улуусу Люция, эгиздин түгөйү. (Рево аттуу эркек уул жарым жашында чарчап калгандыгын, бул "революция" сөзүнөн улам ыйгарылган ысым экендигин билдик). Анан Чыңгыз, Ильгиз жана мен. 

Чыңгыз Төрөкуловичтин балачагы тууралуу  болгон эскерүүлөрүн биз ал 70тен ашканда уктук. Албетте, ал мезгилдер тууралуу айта турган болсок узун сөз. Бүгүн мен аз да болсо анын кээ бир окуялары менен бөлүшөйүн. 

Атамдан айрылганда беш айлык эле кезим экен. Ал жөнүндө эч кандай өзүмдүн эскерүүм жок, болгону апамдын, эжелеримдин айтып бергендеринен билем. Бирок кайда экенин так билчү эмесмин. Апам «эч кимге сөз кылбагыла, унчукпагыла, атаңар келет» дечү. Балалык кылып ишенчүбүз, күтчүбүз. Ушундай иштер болоорун алдын-ала билген атам бизди убагында Шекер айылына жөнөткөн экен. Ошондуктан, балалык чагыбыз Шекерде өттү. Мына, Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларындагы каармандардын прототиптеринин көпчүлүгү ушул айылыбыздын тургундарынан алынган. Ал ошол чөйрөдө чоңоюп өскөн. Мисалы, Танабай, Толгонай, Ысмайыл ж.б. Мен «Саманчынын жолундагы» Толгонайды окуганда апамды, эжебиз Каракызды жана айылдашыбыз Толгонайды элестетем. Мындай учурлар абдан көп. 

Чындыгында, Чыңгыз Төрөкуловичтин бала чагы абдан оор өткөн. Шекерге  келгенде Чыңгыз менен Ильгизди «эл душмандарынын балдары» деп мектепке кабыл алышкан эмес. Ошондо, дагы алар биздин аталаш туугандардын балдарына кошулуп алып, китептерин көтөрүп алып, мектепке бирге барып алардын сабагы бүткөнчө дөңчөдө ойноп отуруп, анан кайра чогуу келишчү экен.  

«Дагы бир ушундай күндөрдүн биринде бир аксакал өтүп бара жатып, бизге кайрылды. Эмне себептен мектепке барбай жатканыбызды укканда, «Окууну каалайсыңарбы?»,-деп сурады. Өзүбүз деле араң жүргөн жаныбыз, ыйлап жибербейли деп, эрдибизди кесе тиштеп, башыбызды ийкедик.  «Макул, анда. Окуйсуңар»,-деп, шашыла аттын башын бура бастырып кетти. Ал кезде бардык балдар билим алуусу керек деген мыйзам болгон, мына ошону директорго айтып, аны айласыз макул кылдырды. Биз дагы элдин балдарындай мектепке барып калдык», -деп, эскергени бар.

Бардыгыбыз билгендей Советтер Союзу убагында пионерге кирүү, комсомолго мүчө болуу деген абдан маанилүү, ар бир окуучунун, жаштардын башкы максаты болгон. Чыңгыз Төрөкулович дагы бул иш-чарага абдан даярданып, өзгөчө каалоо менен барат. Чындыгында, ошол кезде бул абдан салтанаттуу түрдө өткөн, ант берүү аземи болчу. Окуучу жалпы класстын алдына чыгып советтик пионердин антын берген. Андан соң, пионер галстугу тапшырылган. 

«Мен дагы пионерге киришим керек болчу. Бирок, мага кезек жеткенде мугалим «Сен пионер болбойсуң, анткени сенин атаң...», -дегенде эле башка сөздү укпоо үчүн сыртты көздөй жүгүрүп чыктым. Жан-дүйнөм алай-дүлөй болуп, өрөпкүп ыйлап жаттым. Кайда бараарымды билбей, жанымды коерго жер таппай ары-бери жүгүрө бердим. Мектептин жанында аңдар көп эле. Мына, ошол жерлерден булак суулары чыкчу. Алардын бирине жүгүрүп келип, өпкө-өпкөмө батпай ыйлаганым эсимде», - деп кийин 80ге жакындап калганда айтып берген. Мына, ушул булак кийин анын «Ботокөз булак» чыгармасында берилет. Менин оюмча, кичинекей бала кандайдыр бир деңгээлде булакка алаксып, аны эстеп калса керек. Мына ушундай учурлар, кичинекей балага абдан оор тийгендиги айтпаса да белгилүү.

Төртүнчү класс кезинде кайсы бир чек арачы тууралуу сочинение жазышат. Анда чек арачы эл-жерин душмандардан коргоп, эрдик жасайт. Бүтүндөй элге даңкы чыгып, кадыр-баркы көтөрүлөт. Чыңгыз дагы бул чыгармага өзүнүн ойлорун кошуп, кандайдыр бир эрдик жасап, өлүмү менен аяктаса дагы макул экендигин билдирет. Оюнда ушундай баатырдык көрсөтүп, эр жүрөктүүлүк кылса, мүмкүн атасын актап, чынчылдыгын билишет деп үмүттөнөт. Бул кезде райондук мектепте билим алып жаткан мезгили эле. Ал жактагы мугалимдер дагы өздөрү Россиянын булуң-бурчунан айдалып келгенби, негедир Чыңгыздын эмгегин окуп абдан макташат. Кичинекей баланын аруу оюн, жан дүйнөсүндө болуп жаткан бороон-чапкынды түшүнүшөт. Менин оюмча, ушул мугалимдеринин колдоосу, ишеничи, кылган мамилеси дагы кандайдыр бир деңгээлде Чыңгызды китептерди көп окууга түрткү болуп, өз дүйнөсүн чыгармасы аркылуу чагылдырып ачып берүүгө, кийин дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармаларды жаратууга өбөлгө болуп бере алышты. Ал китепти абдан сүйүп окуучу. 

Чыңгыз Төрөкуловичтин балачагына байланыштуу дагы бир окуяны айтып берсем. 1943-жылы биз Жийде айылында жашачубуз. Чыңгыз Шекерде окуп, иштеп бизге келип-кетип турчу. Ошол кезде  "Сукра" аттуу уюбуз боло турган. Бул төрт баланын, оорукчан апамдын, күйөөсүнөн ажырап эжесин караан кылып келген таэжемдин ишенген жалгыз малы эле. Ачарчылык маалы эле, уй бооз болуп, бардыгыбыз сүт ичебиз деп турганда, уйду короодон алдырып жибердик, уурдап кетишти. Ошондо айылга келген 15 жашар Чыңгыз, ушунчалык жаны кашайып, жинденип мылтык таап алып, уурулардын изине түшөт. Колундагы мылтыкты улам кыса кармап, бир дем менен чуркап баратканда алдынан эшекчен карыя чыга калганын байкабай да калат. 

«Анын башында түсү оңуп кеткен, эскилиги жеткен тери тебетей. Өзү да бир кембагал бечара карыптай. Ошол чал ак сакалын жайкалтып, төрт буту жерге тийип-тийбей тыпырап баскан эшек минип келатыптыр. «Токтоп турчу, уулум?! Бирөөнү өлтүргөнү баратасыңбы?!»– дейт ал. 

Чыңгыз, анын бул суроосуна кабагын бүркөп да койбой: «Ооба, өлтүрөм. Тууганы калган бооз уюбузду уурдап кетишти. Төрт бир тууганбыз, эң улуусу менмин. Апам менен таежем болсо оорукчан»-дейт, Карыя анын шашпай туруусун өтүнүп: «Шашпа! Менин сөзүмдү ук, бир аз аярла! Жаман болуптур, аябай жаман болуптур! Бирок сен мени ук! Өч жаман нерсе. Каргыш тийген ууру болсо да аны өлтүрүүнү ойлобошуң керек! Мендей карыяны ук! Өлтүрбө! Мындай нерсени ойлоп да койбо! Yйүңө кайт! Ал сөзсүз жазасын алат. Бул сөзүмө ишен. Бирок сен үйүңө кайтып, уурууларды өлтүрүү тууралуу кайра ойлонбосоң гана акыр аягы бактылуу болосуң. Бакыт сени өзү эле издеп таап келет. Сен мени жөн эле сүйлөп жатат деп ойлобо. Бир учур келгенде менин бул сөздөрүмдү эстеп, туура айтканымды билесиң. Yйүңө кайт, каралдым!»,-деген экен. Анын сөзүн уккан Чыңгыз үйгө кайтып келгендигин эскерчү. Балким ошол Кыдыр беле деген дагы ой кетет. Мүмкүн ал аксакал жолдон жолукпай калса, жаш баланын тагдыры кандай болот эле деп ойлоп келем. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)