WeChat      Избранное

«Айкөл Манас – улуттук саясий лидерликтин туу чокусу» - 20 жылдык эмгектин жыйынтыгы

27/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

«Айкөл Манас – улуттук саясий лидерликтин туу чокусу»  - 20 жылдык эмгектин жыйынтыгы

Сүрөттөр редакцияга таандык

16-декабрь күнү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада белгилүү манас изилдөөчү, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, тележурналист Темирбек Токтогазиевдин «Айкөл Манас – улуттук саясий лидерликтин туу чокусу» аттуу жаңы китебинин бет ачары болду. Иш-чарада Темирбек Токтогазиевдин жыйырма жыл аралыгында кыргыз манас изилдөөсүнө кошкон салымына да сереп салынды. Ага коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, журналисттер, манасчылар ж.б. катышышты. 

Муну менен катар эле, Темирбек Токтогазиевдин кыргыз улуттук маданиятына, тарыхына, манас таанууга кошкон салымын баалап «Кыргыз таануу улуу мурас» коомдук фонду тарабынан  «Улут каарманы» алтын жылдыз төш белгиси менен сыйлоо аземи дагы болуп өттү. Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолду. 

Темирбек Токтогазиев: ««Манасты» изилдөөнүн артында Кытайдын мыкты окумуштуулары менен жакындан тааныштым»

-Чындыгында, тарыхты изилдеп баштаганда бүтүндөй дүйнө жүзүнүн окумуштуулары кытай жана араб тарыхый булактарына кайрылышат. Биз дагы 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылдыгын дагы кытай булактарына таянып белгилегенбиз. Тактап айтканда, Сыма Цяньдын «Тарыхый жазмаларынын» негизинде бул дата аныкталган. Мен өзүмдүн изилдөөлөрүмдө дагы кытай булактары менен катар башка изилдөөлөргө дагы таянып тыянак чыгардым.

Совет доорунан эле  «Манасты»  бизге окутканда деле, бул жомок, миф, ойдон чыгарылган баатыр катары айтып келишкен. Анан, бул жагынан ойлонуп көрүп, «ушунун чындыгы канчалык деңгээлде болду»,- деген маселени алдыга коюп изилдей баштадым. Бул иликтөөлөрүм аркылуу, жеке гана, кытайлык кыргыздардын чыгаан манаскөйлөрү менен таанышуу насип кылынбастан, Кытай Эл Республикасынын белгилүү профессорлору, кыргыз элинин тарыхын изилдеген окумуштуулар менен жакындан таанышууга, баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

2010-жылы Пекинден белгилүү кыргыз таануучу, Кытай Эл Республикасынын жараны, дунган уулу, профессор Ху Чжэнхуа менен жолуктум. Ошондо, Ху лаоши: «Мен, Манас атаңды бул доордо жашаган деп айтпайм, бирок, тарыхта кара кытайлар кыргыздардын боюнда бар келиндеринин курсагын жарган деген маалыматтар сакталып калган. «Манас» эпосунда дагы Манас төрөлө электе, эненин курсагында өлтүрөбүз деп, кош этек келиндерди, төрөлгөн уулдарды жок кылган эпизоддор кездешет. Ушуну тапсаң эле, изилдөөңө далилдерди табасың»,- деген оюн айтты.

Андан соң, Борбордук улуттар университетинин профессору, манас таануучу Лан Йиң айым менен дагы ушул багытта маектешүүм үзүрлүү болду. Көрсө, профессор бул теманы алтымыш жыл мурун эле изилдеп, жазып чыгыптыр. Анын айтуусуна караганда, Ху лаоши айткан доор, кара кытайлардын, кидандардын мезгилине туура келет экен. Чындыгында эле, Таң доорунда кидандар Таң империясынын вассалдары болгон да. Булар, күчтөнүп, кытайлардын бийлигин басып алгандан кийин, өзүлөрүнүн Темир империясын курушкан. Бул тууралуу маалыматтар тарых барактарында кенен берилген.  Ушул маселенин үстүндө дагы изилдеп жүрүп, Жаң Юңхай деген профессорду таап алдым. Ал Пекин университетинде академик, мугалим. Ошондуктан, кыргыз тилин дагы жакшы билген, Профессор Жаң Юңхай өзүнүн бир канча жыл мурун изилдөөлөрүнүн негизинде жарык көргөн макаласын көрсөткөн эле. Макаласында «Манас» эпосундагы Кытайдын шаарларын тактап чыгыптыр. Бул эмгек кыргызчага которулуп, биздин журналдарда дагы жарыяланган.

«Айкөл Манас – улуттук саясий лидерликтин туу чокусу»  - 20 жылдык эмгектин жыйынтыгы

Ошентип, профессор Жан Юнхайдын изилдөөсүнүн негизинде, биз Кытай жергесиндеги беш Бээжинди кыдырып келгенбиз. Алар: Чет Бээжин (Леояңпу), Түп Бээжин (Лин Хуаңпу, бүгүн Чыфың деп аталат экен), Орто Бээжин (Нин Чиңпу), Чоң Бээжин (Нан Жиңпу – азыркы Пекин), Бээжин (Датуңпу) шаарлары. «Манаста» сүрөттөлгөн Чоң Казат өткөн жерлерди, бүгүн ал көөнө шаарлардын чалдыбарлары мамлекет тарабынан корукка алыныптыр, ошондой эле, Чоң Инген, Чанбайсен тоолорун өз көзүбүз менен көрдүк. Эпосто сүрөттөлүп-айтылган жерлерди өз көзүбүз менен көргөндө бул шаарлар, тоолор, суулар, ашуулардын турмушта орду бар болуп, чын болуп чыкты. Бул албетте, Манастын тарыхый инсан болгондугун тастыктаган жаңы табылга болуп калды.

«Манас» эпосунда Жолой, Алооке аттуу каармандар бар. Анан, «кытай тарыхында ушундай адамдар бар болду бекен, бар болсо, ушул багытта изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар барбы»,- деген кызыгуу пайда болду. Соңунда, бул каармандарды изилдеген окумуштууну дагы таптык. Ал Пекиндеги Археологиялык институтунун профессору Дуң Шилин. Дуң  мырзанын айтуусунда Алоокенин ысымы тарыхта кездешет. Ал кара кытайлардын падышасы катары кытай жазма булактарында жазылып калган.  

Бул окумуштуу ушул кидандардын тарыхын тыкыр изилдеп, анын изилдөөлөрүнүн негизинде Мамлекеттик ССТВ каналы беш бөлүктөн турган даректүү тасма тарткан экен. Анын изилдөөсү боюнча: «Кидандар империясы биздин доордун 907-жылында Тан империясын жеңип, анын ордуна өз бийлигин орнотуп, дээрлик 200 жыл чамасында Орто Азияга чейин өзүнө каратып, күчтүү мамлекет түзүмүн тургузган», – дейт. Дуң Шилин мырзанын айтымында Ысык-Көлдү, Баласагын шаарын каратып алып, Таласка чейин жортуулдарды жүргүзүп, Фергана ѳрөөнүндөгү Даван мамлекети дагы ага салык төлөп тургандыгын бизге айтып берди. 

 Кидан – Кытай мамлекетин түптөгөн адамдын аты – Жолой Абоке. Ал өзүнүн төрт бир тууганы менен бирдикте тунгус тил группасындагы майда сегиз хандыкты бириктирип, мамлекет түзүп, ханзулардын Тан империясын талкалап, эбегейсиз чоң чөлкөмдү тескеп турган. Баарынан кызыгы, ушул Жолой Абокенин бир туугандары ага каршы төңкөрүш уюштурабыз деп жатканын билип калып, аларды айлана-чөйрөсүндөгү жоро-жолдоштору менен кошо камап, бир туугандарынан башкаларын өлтүрткөн соң, бир бир тууганы ачык каршылашып, салгылаштан кийин качып кетет. Бул сюжет «Манастагы» Алмамбеттин окуясына дал келет экен.

Мына ушул сыяктуу тыкыр изилдөөнүн арты менен, мен Манасты мамлекет түптөгөн, империя түзгөн саясий улут лидери катары карап, изилдеп, фактыларга таянып китеп кылып жазып чыктым. Маалыматтар негизинен 8-12-кылымдардагы араб жана кытай булактарынан алынды. Бул жалпысынан 20 жылдык изилдөөмдүн жыйынтыгы. Китеп 1000 нуска болуп чыкты. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)