WeChat      Избранное

Кыргызстан боюнча кытай тилин мыкты билген студент тандалып алынды

11/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстан боюнча кытай тилин мыкты билген студент тандалып алынды

Наргис Хабибзода, жеңүүчү.

Сүрөт редакцияга таандык

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, учурда кытай тилин үйрөнүүнү каалаган окуучулардын, студенттердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Бул тилде эркин сүйлөп, келечегин кытай тили менен байланыштырган жаштарыбыз да арабызда жетишээрлик. 30-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде ЖОЖдогу студенттер арасында VII жолу кытай тилинде сүйлөө чеберчилиги боюнча болуп өткөн таймаш дагы бир жолу балдар-кыздарыбыздын бул жааттагы билим деңгээли абдан жогору экендигин тастыктады. 

Бул иш-чара КУУнун алдындагы Конфуций институту тарабынан уюштурулду. Ага Кыргызстан боюнча жогорку окуу жайлардын алдыңкы студенттери катышып, байгелүү орундарга мыктылардын мыктысы тандалды. Жалпысынан 20 студент ат салышышты. Кара кылды как жарган калыстар тобун Кыргызстандагы Конфуций институттарынын мугалимдери түздү. 

Таймаш эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгүндө эркин тема-студенттер өздөрү даярдаган тексттерин көркөм айтып беришти. Экинчи бөлүгүндө болсо, атайын даярдалган сүрөттөр боюнча сүйлөп, анын мазмунун түшүндүрүп беришти. 

Иш-чара жеке гана таймаш менен чектелбестен, кытай тилин үйрөнүп жаткан окуучулар, студенттер тарабынан мыкты концерттик программа дагы көрүүчүлөргө тартууланып жатты. Кытай, кыргыз тилинде ырлар ырдалып, жогорку деңгээлде даярдалган бийлер өзгөчө маанай жаратты.

Жыйынтыгында, биринчи орунду Эл аралык Ала-Тоо университетинин студенти Наргис Хабибзода татыктуу ээлеп, кытай тилин сүйүп үйрөнүп, мыкты деңгээлде билээрин тастыктады. Наргис эркин темада кытай тилинде так жана туура сүйлөөрүн далилдесе, сүрөттөр таймашында жеке гана сүрөттөө менен чектелбестен, окуянын маңызын, автордун айткысы келген оюн дагы мыкты бир деңгээлде таасын айтып бере алды. Экинчи орунду эки студент жеңип алса, 3-орунду 4 студент багынтты. 

Таймаштын бардык катышуучулары сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми, байгелүү орундун ээлери дагы грамота менен биргеликте кымбат баалуу сыйлыктарга эгедер болушту.  

Ань Дэюань, КУУнун алдындагы Конфуций институтунун Кытай тараптан директору: “Быйыл студенттердин даярдыгы абдан жакшы”

-Кытай тилинде сүйлөө чеберчилиги, чечендик өнөр боюнча сынак быйыл 7-жолу өткөрүлүп жатат. Таймаш биздин Конфуций институту тарабынан ар жыл сайын уюштурулуп турат. Иш-чаранын башкы максаты кытай тилин мыкты өздөштүрүп, билген студенттер арасында мыктыларын тандап алуу. 

Бул иш-чарага жалпы республика боюнча студенттер катыша алышат. Чындыгында, мындай иш-чаралардын пайдасы абдан зор. Анткени, бул жер жеке гана таймаш аянты болбостон, жаңы таанышууларга, баарлашууга, пикир алмашууга дагы мыкты өбөлгө болуп бере ала турган аянтча катары дагы маанилүү.

Менин жеке пикиримде быйыл студенттердин даярдыгы абдан жакшы. Арасында кытай тилин мыкты билген дагы студенттерибиз бар экендиги абдан кубанычтуу. Быйыл, таймашка даярдануу мөөнөтү, былтыркыга салыштырмалуу аз болду. Ошого карабастан, сынактын көркүн ачкан студенттерибиз көп экен. 

Наргис Хабибзода, Эл аралык Ала-Тоо университетинин студенти, жеңүүчү: “Кытай тили менен биргеликте келечегиме ишенимдүү кадам таштап жатам”

-Мен үчүн бүгүн абдан кубанычтуу күндөрдүн бири болууда. Анткени, республикалык деңгээлде өткөн таймаштан биринчи орунду жеңип алдым. Албетте, учурдан пайдаланып мага жардам берген мугалимдериме чын дилимден ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Мага кытай тили абдан жагат. Кичинекей кезимден бери бул тилге болгон кызыгуум өзгөчө. Себеби, кытай тилин алгачкы жолу укканымда мага бул тил өзүнчө бир сыйкырдуу угулган, башкача таасир калтырган. Мектепти аяктагандан бери кытай тилин үйрөнүп келем. Азыр 4-курста билим алып жатамын. Кытай жергесинде дагы окуп келгем.

Дагы да болсо, ушул жаатта билимимди тереңдетип, окусам деген изги тилегим бар. Кытай тили менен биргеликте келечегиме ишенимдүү кадам таштап жатам. Бул мен үчүн абдан маанилүү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)