WeChat      Избранное

Кытай бүтүндөй дүйнөгө ачык-Шицзячжуан 61 мамлекеттин кытай тилдүү ММК өкүлдөрүн тосуп алды

24/10/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кытай бүтүндөй дүйнөгө ачык-Шицзячжуан 61 мамлекеттин кытай тилдүү ММК өкүлдөрүн тосуп алды

Сүрөттөр редакцияга таандык.

Кытай бүтүндөй дүйнөгө ачык экендигин дагы бир жолу далилдеди. Дагы да болсо, коңшу мамлекет өз ара маектешүү, жакындан таанышуу аркылуу ийгиликтүү кызматташуунун кадамдарын ишенимдүү түрдө таштап келүүдө. Бул жолу дагы ал дүйнөнүн 61 мамлекетинен 600дөн ашуун массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чогултуп, кезектеги эл аралык форумун жогорку деңгээлде өткөрдү. 

Бул иш-чара 12-октябрдан 15-октябрга чейин КЭРдин Хэбэй провинциясынын Шицзячжуан шаарында болду. Ал “Кытай жаңылыктары” (China News Service), Хэбэй провинциясынын Элдик өкмөтү тарабынан уюштурулуп, КЭРдин чет өлкөдөгү кытайлыктар менен иш алып баруу Канцеляриясынын колдоосунун алдында өттү.

Форумга дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 400дөн ашуун кытай тилдүү ММКлардын жетекчилери менен биргеликте КЭРдеги алдыңкы, кадыр-барктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын директорлору катышышты. Алар “Кытай тилдүү ММКлар “Кытай тарыхынын” заманбап дооруна бүтүндөй дүйнө менен биргеликте күбө болобуз” аттуу теманын алдында ой-пикирлерин билдиришип, талкуу жүргүзүштү. 

Бул жерде дүйнөнүн төрт тарабынан келген журналисттердин баарлашып, бир-бири менен таанышуусуна бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүнө күбө болдук. Эл аралык иш-чара кытай тилдүү ММКлардын “талкуулоого, өз ара пикир алмашууга, достукту бекемдөөгө жана өнүгүүгө” багытталган эң башкы аянтчасы катары белгилүү. Ал алгачкы жолу 2001-жылы уюштурулуп, андан бери 9 форум өткөрүлгөн. Форум кытай тилдүү ММклардын чет жерлерде өнүгүүсүн талкуулоого, алардын өз ара байланышын бекемдөөгө арналып келет. 

Кытай тилдүү ММКлар Кытай менен дүйнөнүн ортосундагы байланыш көпүрөсү, ачылган терезе

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Бүткүл кытай элдик өкүлчүлүктөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ, бардык кытай тилдүү ММКларды Кытайдын тарыхы, учур чагы, келечеги тууралуу так жана туура маалыматтарды берүү менен, аларды КЭРдин бүтүндөй дүйнө менен болгон кызматташуусуна, өз ара баарлашуусуна көмөкчү болуп берүүгө чакырып өттү. Анын айтуусунда чет жерлердеги кытай тилдүү ММКлар заманбап Кытайдын гүлдөп-өсүүсүн, туруктуу өнүгүүсүн бүтүндөй дүйнөгө чагылдыруу менен биргеликте, кытай маданиятын жайылтууга дагы өбөлгө болуп, Кытайдын жаңы имиджин түзүүдө өз салымдарын кошуп келүүдө. 

Кытай бүтүндөй дүйнөгө ачык-Шицзячжуан 61 мамлекеттин кытай тилдүү ММК өкүлдөрүн тосуп алды

Шэнь Юэюэ баса белгилегендей, бүгүнкү күнү чет мамлекеттердеги кытай тилдүү ММКлар Кытай менен дүйнөнүн ортосундагы байланыш көпүрөсү, ачылган терезе. Дал ушул “терезе” аркылуу бүтүндөй дүйнө КЭР тууралуу маалыматтарды алып, керектүү ой-пикирин топтой алат. Жаңы Кытай доорунда бул ММКлардын дагы жоопкерчилиги, мааниси зор экендигине дагы токтолуп өттү. 

China News Service маалыматтык агенттигинин жетекчиси Чжан Синьсиньдин айтуусунда, кытай тилдүү ММКлар кытай элин байланыштырууда жана бириктирүүдө дагы башкы звено болуп саналат. Маданият таануу дагы байланыштын негизги өзөгүн түзөт. Бул жааттан алганда чет жердеги кытай ММКлары окурмандарга, көрүүчүлөргө зарыл болгон бардык маалыматтарды берип келишет. Кытайдын жаңы доорунун келүүсү менен чет өлкөлөрдөгү кытай тилдүү ММКлардын дагы мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. “Бир алкак-бир жол” долбоорунун туруктуу курулуусу, өнүгүүсү аркылуу кытай тилдүү ММКлар дагы бүтүндөй дүйнөгө Кытай конценпциясын, көз карашын жана өнүгүү программасын таанытууда жаңы барактарын ачышты. 

Бул иш-чаранын жүрүшүндө China News Service маалыматтык агенттиги менен биргеликте Кытай коммуникация университетинин Журналистика институту тарабынан даярдалган доклад сунушталды. Ал “Бүткүл дүйнөдөгү кытай тилдүү ММКлардын медиаконвергенциясын өнүктүрүү” деп аталып, анда ММКлардын өнүгүү этаптары, аймактык өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен маалымат берилди. Муну менен катар эле, эмгекте сурамжылоо аркылуу түзүлгөн статистикалар, керектүү маалыматтар дагы орун алып, ММКлардын жер-жерлерде жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө тереңдеп анализ жүргүзүлгөн. Докладда ар бир аймак өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар экендиги айтылып, маалыматтарды берүүдө дагы ушул өзгөчөлүктөр эске алынуусунун зарылчылыгы баса белгиленген. 

Мындан сырткары, ММК жетекчилери секцияларга бөлүнүп, ар бири өз медиа борборлору тууралуу маалымат беришти. Чындыгында, дүйнөнүн төрт тарабынан келген ар бир ММКнын жүргүзгөн ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу абдан пайдалуу болду. Замандын талабына ылайык жаңы медиаларга (интернет айдыңындагы баракчаларга) басым көп жасалып жаткандыгы байкалды. Бирок, ошол эле учурда китептерди чыгарып, гезит-журналдарды дагы өнүктүрүп жаткандар жок эмес экен. 

Муну менен эле катар, сүрөттөр аркылуу кандайдыр бир маалыматтарды берүү иши дагы өөрчүп жатыптыр. Мисалы, жазылган текст кичинекей эле болуп, маалыматтын басымдуу бөлүгүн сүрөттөр эээлейт экен. Учурда, элдер, өзгөчө жаштар ушундай маалыматтарды жакшы кабыл алып жаткандыгы айтылды. Ошондуктан, заманбап журналист мыкты калемгер гана болбостон, интернет айдыңында адис, чебер фотограф болуусу дагы зарыл экендиги баса белгиленди. 

Алгачкы жеңиш даамы, кубанычтуу көз ирмемдер

Бул форум мага өзгөчө таасир калтырды. Бул жактан журналистке зарыл болгон абдан көп пайдалуу маалыматтарды алдым десем болот. Форумдун жыйынтыгында, мыкты иштеген ММКлар сыйланып, кытай тилдүү ММКлардын арасында өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыктары дагы чыгарылды.

Кытай бүтүндөй дүйнөгө ачык-Шицзячжуан 61 мамлекеттин кытай тилдүү ММК өкүлдөрүн тосуп алды

Биздин гезит үчүн дагы бул абдан эсте калаарлык, мыкты күндөрдүн бири болуп калды десек болот. Себеби, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык мааракесине арналып жазылган материал “Мен жана жаңы Кытай” сынагында 400дөн ашуун ММКлардын арасында жеңүүчү болду. Бул жеңиш биздин гезиттин кадыр-баркын жаңы бир деңгээлге көтөрдү десек эч жаңылышпайбыз. Себеби, башкаларга салыштырмалуу алгачкы кадамдарын гана таштап жаткан “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин мындай жетишкендиги чоң мактоого татырлык.

Бул биздин эл аралык деңгээлде багынткан биринчи ийгилигибиз. Дагы да болсо, ушул жаатта иштеп, эки элдин достук алакасы, ийгиликтүү кызматташуусу үчүн өз салымыбызды кошо бермекчибиз.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)