WeChat      Избранное

70 жыл-Жаңы Кытайдын жеңишин тастыктаган маараке

04/10/2019  Источник:оригинал   шрифта:

1949-жылдын 1-октябрь күнү Кытай тарыхындагы эң маанилүү даталардын бири болуп саналат. Себеби, дал ушул күнү Пекин шаарынын Тяньаньмэнь аянтында Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгү тууралуу жарлык салтанаттуу түрдө жарыяланган. Ал эми, ошол эле жылдын 2- декабрында Борбордук элдик бийлик тарабынан “1-октябрь элдик майрам” болуп кабыл алынган. 

1-октябрдан 7-октябрга чейин “Алтын жума” деп аталган бул күндөрү, бүтүндөй Кытай боюнча оюн-зооктор уюштурулуп, концерттик программалар элге тартууланып, коңшу мамлекетте мыкты майрамдык маанай жаралат. Өзгөчө Пекин шаары көркүнө чыгып, Тяньаньмэнь аянты кооздолуп, ар түрдүү майрамдык программалар жети күн катары менен тартууланып, элдик майрам-Жаңы Кытайдын түзүлгөн күнүн белгилешет. Быйыл бул майрам жеке гана Кытайда майрамдалбастан, бүтүндөй дүйнө жүзүндө окуп, иштеп жүргөн кытай жарандары тарабынан дагы жогорку деңгээлде белгиленүүдө. Себеби, ушул жылы Кытай Эл Республикасы түзүлгөн күнүнүн 70 жылдыгын майрамдоодо. Бул маараке Жаңы Кытайдын жаңы кадамдарынын жемиши жана үзүрүн тастыктаган, гүлдөп өнүккөн өлкөгө айланган коңшу элдин чыныгы майрамы. 

Ушул майрамды утурлай, Кытай Эл Республикасынын коңшусу, өнөктөшү катары кыргызстандыктар дагы Кытайды 70 жылдык мааракеси менен куттукташат. 

Замира Акбагышева, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин төрайымы: “Кытай эли бүтүндөй адамзатынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон” 

70 жыл-Жаңы Кытайдын жеңишин тастыктаган маараке

-Кыргызстан Аялдар Конгрессинин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-октябрь Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүнүн 70 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм. Кытай элине ийгилик, чың ден-соолук жана дагы да гүлдөп өнүгүп-өсүүнү каалайм. Кытай эли бүтүндөй адамзатынын өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу менен бардыгыбызга белгилүү. Экономика, маданият, илим дүйнөсү, курулуш болобу, бардык тармактарда мыкты ийгиликтерди жаратып, жаңылыктарды киргизип келет. Кытай дүйнөлүк маданияттын теңдештик символу болуп саналат. Улуу жана акылман кытай эли ар дайым ички менен сырткы дүйнөнүн айкалышуусуна көңүл буруп, биргеликте өнүгүү жолуна дагы өзгөчө басым жасайт. Кытай өзүнүн 5000 жылдык тарыхында башка элдерге согуш жарыялап, бактысыздыктын, жамандыктын үрөндөрүн сепкен эмес. Күкүрт, кагаз, жибек жана фарфорду ачып, адамзат тарыхынын өнүгүүсүнө барандуу салым кошкон. 

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин “Бир алкак-бир жол” долбоорун демилгелөө менен адамзаттын биргеликте өнүгүүсүнө, экологиялык алааматтарды алдын алууга, тынчтыкта жашоого мыкты жол ача алды. Бүгүнкү күнү кытай Дэн Сяопин тарабынан сунушталган кытай спецификасы менен толукталган социализмди курууну ийгиликтүү улантып, алдыга карай ишенимдүү кадамдарды таштоодо. Дүйнө эли ар качан жакшы жашоо, жаркын келечек үчүн изденип келет. Социализмди кытай спецификасы менен куруу-дал мына ушул изденүүлөргө жооп. Бүтүндөй дүйнө учурда бул өнүгүү жолун карап, байкап турат. Анын алгачкы жыйынтыктарын көрсөк болот. Кытай учурда, өзүнүн кадыр-баркын дүйнөлүк аренада жогорулатып, экономикасынын өнүгүүсү боюнча алдыңкы мамлекеттердин катарын толуктоодо. Бул эң мыкты көрсөткүч. 

Кыргызстан Аялдар Конгресси КРдеги Кытай элчилиги менен анын ачылышынан бери тыгыз кызматташып келет. Чындыгында, кытай элчилери эң мыкты дипломаттар экендигин ар качан тастыктап келишет. Учурдагы  элчи Ду Дэвэнь айым дагы мыкты инсан, күчтүү дипломат жана тажрыйбалуу адис катары кыргызстандыктардын сый-урматына татыктуу боло алды. 

Дагы бир жолу жалпы кытай элин ушундай улуу майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ар дайым ийгилик жана тынчтык болсун!

Аскарбек Күрүчбеков, режиссер: “Тартип, тынымсыз эмгек, күчтүү мыйзамдын арты менен өнүгүп-өскөн, гүлдөгөн мамлекетке айланып отурат”

70 жыл-Жаңы Кытайдын жеңишин тастыктаган маараке

-Учурдан пайдаланып, Кытай Эл Республикасынын 1-октябрь 70 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Бул абдан маанилүү майрам. Анткени, дал ушул майрам-учурда биз суктанып, таң калып жаткан жаңы Кытайдын негизделген күнү. Бир мамлекет үчүн 70 жылдык аралык оңой эмес. Бардыгыбыз билгендей, кытай эли бүгүнкү күнгө жеңил жеткен жок. Тартип, тынымсыз эмгек, күчтүү мыйзамдын арты менен өнүгүп-өскөн, гүлдөгөн мамлекетке айланып отурат. Мен Кытай жергесинде Или шаарында гана болгом. Чындыгында, мынчалык өнүккөн шаар болот деп эч күткөн эмесмин. 

Дал мына ушундай алыскы аймактардын дагы мыкты деңгээлде өнүгүүсү, ал мамлекеттин күчтүү экономикасынан кабар берет эмеспи. Ошондуктан, учурда Кытай Эл Республикасы, эли туура өнүгүү жолунда кетип жаткандыгы шексиз. 

Майрам кут болсун. Ынтымагыбызды бекемдеп, мыкты коңшу, өнөктөш болуп, бирге өнүгө берели. Жергебизди тынчтык байырласын.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)