WeChat      Избранное

Канымжан Омурова: “Бүгүнкү күнү кытай тилине болгон суроо-талап көп”

14/10/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Канымжан Омурова: “Бүгүнкү күнү кытай тилине болгон суроо-талап көп”

Канымжан эже

Сүрөт интернеттен алынды

1994-жылы 5-октябрь “Дүйнөлүк мугалимдер күнү” деп кабыл алынган . Ошол мезгилден бери жыл сайын дал ушул күнү дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүндө мугалимдер күнү өзгөчө майрамдык маанай менен белгиленип келет. Бул майрам өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн бүтүндөй ушул улуу кесиптин ээлерине сый-урматтын символу жана ыраазычылык билдирүүсү катары кабылданып калды. 

Бул жалпы мугалимдердин, окутуучулардын жана билим берүү тармагындагы кызматкерлердин кесиптик майрамы, анда мугалимдердин сапаттуу билим берүү процессиндеги ролу жана эмгеги, ошондой эле алардын коомдун өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымдары белгиленет. 

Биз дагы ушул майрамды утурлай, Алыкул Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин директору Канымжан Омурова менен кызыктуу маек курдук. Канымжан Жусупбековна гимназиянын ишмердүүлүгү, мектепти санариптештирүү жана кытай тилин тереңдетип окутуу жаатындагы жаңылыктары менен бөлүштү. 

“Гимназияда окуучуларга тереңдетилген программа менен билим алууга бардык ыңгайлуу шарттар каралган” 

-Биздин мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси болуп саналат. Бул статус бизге окуучулардын билим деңгээлин текшерип, тандап алуу укугун берет. 5-класстан баштап атайын тестирлөөнү өткөрөбүз. Жыйынтыгында, жакшы окуган окуучуларды тандап алабыз. Биз–  инновациялык –мектеп статусун 2014-жылы алганбыз. 2016-жылы Республиканын мектептеринин арасындагы “2016 -жылдын  эӊ мыкты инновациялык мектеби” конкурсунда,  I орунга татыктуу болгонбуз.

Гимназияда чет тилдеринен англис, француз, кытай, корей тилдери окутулат. Тереңдетип окутуу үчүн кыргыз, орус, англис, француз, кытай тилдери, математика предметтери боюнча атайын программалар иштелип чыгып, окуучуларыбызга билим берип келебиз.  

Муну менен катар эле, ийримдер дагы бар. Мисалы, предметтик ( англис тили, кытай тили, география, биология, химия, рухий мурас), спорттук ( таэквондо, футбол, тогуз коргоол, шахмат), чыгармачылык ( актердук чеберчилик, бий, вокал, бисер, сайма, чебер кыздар, драм кружок, комуз, дастан, темир ооз комуз, поэзия, моделдештирүү, техникалык долбоор, долбоордук изилдөөлөр ). 

Мына, статустуу мектептердин артыкчылыгы ушунда. Бул жерде окуучуларга тереңдетилген программа менен билим алууга бардык ыңгайлуу шарттар каралган. Биз балдарды жөн гана окутуп, билим бербестен, аларды ар тараптуу өнүктүрүүнү дагы башкы максатыбыз деп санайбыз.

“Конфуций институту бизди жыл сайын кытай тили мугалимдери менен камсыз кылып турат” 

- Кытай Эл Республикасы экономикалык жактан күчтүү, өнүккөн мамлекет болуп саналат. Ал Кыргызстан менен чектеш жайгашкан. Эки коңшу мамлекет ортосунда бардык тармактар боюнча кызматташуу алакалары жогорку деңгээлде өнүгүүдө. Ошондуктан, биздин балдар дагы англис, француз тилдеринен сырткары, кытай тилин тереңдеп үйрөнүп, жакшы деңгээлде билүүнү каалашат. 

Анткени, бүгүнкү күнү бул тилге суроо-талап бар. Ошондуктан, биздин мектепте кытай тилин үйрөнүүнү каалаган окуучуларыбыз көп. Жылдан-жылга дагы бул тилди үйрөнүүнү каалагандар көбөйүүдө. Мына, сегиз жылдан бери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту менен абдан тыгыз кызматташып келебиз. Конфуций институту бизди жыл сайын кытай тили мугалимдери менен камсыз кылып турат. 

Гимназияга былтыр алгачкы жолу 5-класстын окуу программасына кытай тили сабагын киргизгенбиз. Мындан ары, ар жыл сайын 5-класстан баштап кытай тили сабак катары окуучуларга өтүлө баштайт. Былтыркы окуучуларыбыз быйыл 6-класста дагы бул тилди үйрөнүүнү улантышууда. Биз ушундай ыкма менен аларды 11-класска чейин окутмакчыбыз. Мектепти аяктаган соң, бул окуучуларыбыз кытай тилинде кенен сүйлөшүп, эркин баарлашып калат деп ишенем. Себеби, кытай тили жумасына 7 жолу өткөрүлөт.

Муну менен катар эле, кытай тили дагы кошумча ийрим болуп кирген. Мисалы, 5-6-класстардын окуу программасында кытай тили сабак болсо, башка класстардан бул тилди үйрөнүүнү каалаган окуучулар үчүн атайын ийрим уюштурулган. Мурун жакшы окуп, кытай тилин мыкты өздөштүргөн окуучуларыбыз жайкы лагерге Кытай жергесине барып келип турушчу. Бул дагы коңшу элдин маданиятын, салт-санаасын жакындан таанып, элинин жашоо-шарты менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берип келген. Кандайдыр бир деңгээлде, тилди дагы мыкты өздөштүрүүгө кошумча мотивация болчу десем жаңылышпайм. Эми, алдыда дагы бул кадамдар кайрадан жанданат деп ишенем. 

“Электрондук кезек менен кабыл алуу системасы мугалимдерге абдан ыңгайлуу” 

-Билим берүү тармагындагы санариптешүү иштери туурасында айта турган болсом, биздин гимназияда дагы бул багыт жакшы өнүгүүдө. Мисалы, бул окуу жылынын башында биз 1-класстын окуучуларын электрондук кезек менен кабыл алдык. Ата-энелер сайтка кирип эле, кезекке турушту. Ошонун жыйынтыгы менен быйыл 1-класска 222 окуучу кабыл алынды. 

Чындыгында, окуучуну электрондук кезек менен кабыл алуу бир топ ишти жеңилдетип, бизге абдан эле ыңгайлуу экен. Мисалы, гимназияда окууну каалагандардын саны абдан көп. Бирок орундар жетишсиз. Ошондуктан, кээде жарым сааттан ашык мектепте орун жоктугун ата-энелерге түшүндүрүп берүүгө аргасыз болчубуз. Көпчүлүгү ишенбей, бир топ убарага салчу. Бул жааттан алганда, электрондук кезек абдан мыкты ыкма болду. 

Бирок медалдын эки тарабы бар дегендей, биз мурун 1-класска мектепке даярдыгы бар балдарды кабыл алсак, быйыл болсо андай тандап алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Бардыгын кабыл алдык. 

Мындан сырткары, гимназиянын дагы жеке сайты бар. Ал жакта мектептин жаңылыктары, кандайдыр бир жарыялар, болуп өткөн иш-чаралар тууралуу бардык маалыматтарды табууга болот. Муну менен катар эле, бизде ресурстук кабинетибиз бар. Ал жактагы компьтерлерге атайын мугалимдерге сабак өтүүдө зарыл болгон бардык материалдар жүктөлгөн. Көпчүлүк класстар бардык керектүү техникалык жабдыктар менен жабдылган. Окуучулар тууралуу маалыматтар дагы электрондук вариантта сакталган. Мына, санариптешүү жаатында азырынча ушундай кадамдар жүргүзүлүүдө. 

Ар бир ата-эне балдары жогору статусу бар мектепте билим алуусун каалайт. Себеби, мындай мектептерде билим жакшы берилет. Негизинен гимназия 1240 окуучуга ылайыкташкан. Бирок, бүгүнкү күнү 2000дин тегерегинде бала окуйт. Албетте, бул бизге кошумча түйшүк, жумуш.

Мисалы, мен Кытай жергесинде болгонумда бир кызыктуу маалыматты уктум эле. Ал жакта мыкты мугалимдерди ар башка мектептерге таратып, жиберип турат экен. Биз болсо, жакшы мугалимдерибизди эч кимге бергибиз келбейт. Ошондуктан, мурун бизден билим алып кеткен окуучуларыбыз өздөрүнүн туугандарын, балдарын дагы ушул жактан окутууну каалашат. Ата-энелер биздин мыкты жарнамачылар десек болот.

Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири бул- педагогдун кесиби эсептелет

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча калктын 9% республиканын билим берүү чөйрөсүндө эмгектенип келишет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикасы берген маалымат боюнча,  азыркы убакта Кыргызстанда 4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт. Алардагы  1.7 млн. тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат.

Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын арасынан олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамына карата ыраазычылыктарды 78 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 22 миң шаардык, 56 миңге жакын айыл жерлериндеги мугалимдер.

2018/2019-окуу жылынын башында республикада 2265 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштеген.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде аял мугалимдердин пайызы эркек мугалимдерге караганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 85 пайызын аялдар түзөт, алардын 28 пайыздан ашыгы директордун жана директордун орун басарынын кызматын аркалашат.  

Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Маселен, 2018/2019-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашууну жогорку билимге ээ болгон.

Мугалимдердин жүктөмдөрүнүн деңгээли мектептерде жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүктөмү кыйла айырмаланат. Эгерде шаардык мектептерде бир мугалимге орточо 20 окуучу туура келсе, ал эми айылдык мектептерде орто эсеп менен 15 окуучу туура келет.

Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир алтынчы студент педагогдук кесипти тандаган. 2018/2019-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары тарабынан 5 миңден ашык келечектеги педагогикалык адистер бүтүп чыгышты.

Фото 1

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)