WeChat      Избранное

Искендер Исамидинов: “Кытайга ачылган жол-бул океанга чыгуу менен барабар” 

02/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Искендер Исамидинов: “Кытайга ачылган жол-бул океанга чыгуу менен барабар” 

Солдон оӊго  профессор И.Исамидинов, академик А.Какеев, кытай профессору Ху Чженъхуа   (2011 жыл)

Сүрөттөр Искендер Исамидиновдун өздүк архивине таандык

Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине абитуриент болуп келип, студент, окутуучу, аспирант, декандын орун басары, декан, 18 жыл проректор, ректорлук кызматка чейин иштеп, персоналдуу пенсияга чыккан педагогика илимдеринин доктору, профессор  Искендер Исамидинов бизде конокто.

- Искендер агай, жакында эле Кытай жергесинен кайтып келиптирсиз, ушул барган иш сапарыӊыз тууралуу кеп салып берсеңиз. Деги эле, сиздин ишмердүүлүк жолуңузда, Кытай Эл Республикасы менен байланыш кайсы убактан бери болуп келе жатат?
- Жакшы болот. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети жана Үрүмчү шаарындагы Шинжаӊ педагогикалык университетинин ортосундагы кызматташтыктан улам мен ал жакка барып калдым. Аталган окуу жайда кыргыз тили жана адабияты адистиги ачылганы - бул өтө жакшы көрүнүш. Мен ошол факультетте 2 жыл дарс окуп келдим. 2016-жылы факультеттин алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурдук.

Кытай жергесине болгон бул сапарым, абдан жемиштүү болду. Ал жакта жеке гана студенттерге сабак өтүү менен чектелбестен, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө дагы мыкты мүмкүнчүлүктөр Кытай Өкмөтү тарабынан түзүлүп берилди.

Негизинен, Кыргыз Улуттук университеттин Кытай окумуштуулары, окуу жайлары менен байланышы эгемендүүлүк алган жылдардан кийин эле башталган десем болот. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Улуттук университетте масштабдуу Эл аралык конференция уюштурганбыз. Ошондо, ар өлкөдөн келишкен Массон,  Бутанаев, Кляшторный, Худяков сыяктуу кыргыздардын тарыхын изилдеген окумуштуулар менен катар Пекиндеги Аз улуттар университетинде эмгектенген тарыхчы-окумуштуу Ху Чжэньхуа да келген эле.

Ушул конференцияда, профессор Ху Чжэньхуанын Кытай жазма булактарында сакталып калган кыргыздардын мамлекеттүүлүгү жөнүндөгү жазууларды ала келгендиги - биз үчүн чоӊ, баалуу табылга болгон.

Кызматташтык уланып отуруп, 2011-жылы  ал кишиге  “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ардактуу профессору” наамы ыйгарылган. Кийинчирээк Кыргыз-кытай, Конфуций институттары түзүлдү.

Искендер Исамидинов: “Кытайга ачылган жол-бул океанга чыгуу менен барабар” 

Шинжаӊ педагогикалык университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү окутуучулары менен

- Кытайда азчылык улуттардын адабиятына тереӊ көӊүл бурулаарын угуп жүрөбүз. Кыргыз элинин «Манас» эпосу дагы алардын катарында, ушул багытта ой бөлүшсөңүз?

- Туура айтасыз. Бизде 80 улуттун өкүлдөрү жашайт эмеспи.  Ал эми Кытайда 56 улуттун өкүлдөрү жашайт экен. Ал жакта азчылык улуттарга өтө аяр мамиле менен колдоо көрсөтүшөөрүнө,  алакандай 200 миӊ кыргызга Кытай Өкмөтүнүн кылган камкордугуна күбө болуп келдик.

Мына, бир ай убакыт мурун Пекин шаарында «Манас» операсы кытайлар тарабынан даярдалып,  бет ачары өзгөчө шаӊ менен өттү. Бул саамалыкка кытай өнөр адамдары өтө кылдаттык менен даярданып, чоң жоопкерчилик менен иш алып барганы үчүн ыраазычылык билдирүүбүз керек.  Кыргыздын эпосун, калдайган кытай элинин опера аркылуу таанышы биз үчүн чоң сыймык жана жетишкендик.

Андан тышкары, мен иштеген университетте “Манас” изилдөө борбору уюшулуп, элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн жыйноо, талдоо, эмгектерди басып чыгаруу менен катар изилдөө иштерин дагы алып барууда.

Ал борбордун Улуттук университеттин окумуштуулары менен да алакасы жакшы. Жакында докторлук диссертациясын жактоонун алдында турган, кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, адабиятчы Курманбек Абакировдун “Манастаануу илиминин калыптанышы жана өнүгүшү” деген китеби, батыш окумуштуулары Рене Уэллек менен Остин Уоррендин чет тилдерде бир нече ирет кайталанып басылган “Адабият теориясы” деген эмгеги  доцент Болот Оторбаевдин котормосунда бул борбордон өткөн жылы жарык көрдү.

Ошондой эле,  ошол окуу жайда эмгектенип жаткан кесиптешим,  профессор Сулайман Кайыповдун “Памир кыргыздарынын тамак-аш маданияты” деген китеби басылып чыкты. Дагы  жарык көрүү алдында турган эмгектер бар.

Искендер Исамидинов: “Кытайга ачылган жол-бул океанга чыгуу менен барабар” 

Шинжаӊ Педагогикалык университетинин студенттери жана окутуучулары майрам учурунда

“Кытай Өкмөтүнө чын ниетимден ыраазы болдум” 

- Кытайдын кайсы шаарларында болдуӊуз?

- Мен бул барышыма чейин дагы Кытайдын бир топ шаарларында, көптөгөн окуу жайларында болгом. Алар менен карым-катнаш иштер бүгүнкү күндө да уланып келет.

Анын бири-Гуйлинь университети. Бул окуу жайга 2011-жылы Кыргыз-Кытай институтунун ошондогу директору,  юридика илимдеринин доктору Болот Токтобаев, КУУнун эл аралык бөлүмүнүн азыркы башчысы Бакыт Келдибековдор болуп  иш сапарга барып,  ал окуу жайда билим алып жатышкан Кыргызстандан барган студенттер менен жолугуп, алардын окуусу, жашоо шарттары менен таанышып, бир топ долбоорлорду талкуулап, кызматташтыкка кол коюп кайтканбыз.

Өзүңүздөр билесиздер, Бишкек шаарында Махмуд Кашгари атындагы университет бар. Кыргыз Улуттук университети дагы Жусуп Баласагындын атын алып жүрөт. Дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрү, мындан 10 кылым мурун жашап өткөн  замандаштар, биздин жердештерибиз Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин сөөктөрү коюлган жерлерди бир көрсөм деп ойлоп жүрдүм эле. 2016-жылы сентябрь айында Артыш шаарында болуп өткөн “Манас” эпосу жана элдик салттарга арналган конференция бул оюмдун ишке ашуусуна өбөлгө болду.

Кашкар шаарынан 36 км.  түштүк-батышында жайгашкан Опол деген жерде  Махмуд Кашгаринин сөөгү жатат делген мазарга бардык. Ал эми, Жусуп Баласагынга арналган эстелик Кашкар шаарынын чок ортосунда жайгашкан. Экөө теӊ кооз жасалгаланган музей-комплекс экен.  Атайын корукка алып,  ыйык жерге айлантып коюшкан.

2016-жылы Анхуэйдеги Аньшан шаарында өткөн кытай элинин улуу акыны Ли Байдын чыгармачылыгына арналган эл аралык конференцияга катышып келдим. Баарынан кызыгы, ал дагы убагында биздин жердешибиз болгон. 701-жылы Токмокко жакын жердеги Суяб деген шаарда туулуп, 5 жашында ата-энеси менен Кытайга көчүп кетишкен.

Мына, ушундай Кытай жергесине болгон сапарларым ары үзүрлүү, ары кызыктуу болуп келет. Жакында, Шанхай шаарына баруунун алдында турабыз.

Искендер Исамидинов: “Кытайга ачылган жол-бул океанга чыгуу менен барабар” 

Залкар манасчы Жусуп Мамайдын Кыргызстанга алгачкы келиши.

- Кытайлык кыргыздардын жашаган жерлери, шарты менен да кененирээк таанышсаӊыз керек...

- Ооба, ал жактагы боордошторубуз менен жакындан таанышууга жакшы мүмкүнчүлүктөр болду.

Мындан 12-13 жыл мурун алп манасчы Жусуп Мамайдын сегиз урпагына чейин айткан 6 килограммдык “Манас” китебинин бет ачарын Улуттук университетте өткөргөнбүз. Ошондо филология илимдеринин доктору, профессор Осмонакун Ибраимов Кыргызстандын мамлекеттик катчысы эле, Кызыл-Суу кыргыз автономдуу областынын  ошол кездеги губернатору Мамбетасан Токталы деген улуу инсан менен тааныштырып калды.

Буйрук экен, Үрүмчүгө барганда ал замандашым  менен жолугуп, Үрүмчүдөн 1500 километр аралыкта турган Кызыл-Суулук туугандарды кенен кыдырып келдик. Мамбетасан Токталы азыр  ардактуу эс алууга чыгып, байбичеси Тамараш менен бактылуу карылыкты кечирип жаткан мезгили экен.

Баягы биз угуп жүргөн Беделдин бели, Какшаалдын суусу, Үч Турпан сыяктуу 1916-жылдагы кыргыздар баш калкалап барышкан  тарыхый жерлерди көрдүк. Ак-Чий, Улуу-Чат, Ак-Тоодогу жана Хейлунжандагы кыргыздар менен тааныштым.

Кыргызстанга байма-бай каттап, илим-билим жаатында алакалаш болуп жүргөн “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору, профессор Макелек Өмүрбайдын үйүндө “Манас” изилдөө борборунун негиздөөчүсү, жетекчиси Мамбеттурду Мамбетакун менен биргеликте болуп, өздүк китепканасы менен таанышып, эркин маек куруп кайттык.

Улуу манасчы, Кыргыз Эл Баатыры Жусуп Мамайдын күмбөзүнө барып, Мукаш деген уулуна жолугуп, куран окуп, ал кишиге арналган музейде болуп кайттык. Мындан 30 жыл мурун Жусуп Мамай Кыргызстанга алгачкы ирет келгенинде биздин үйгө келип даам сызып, ал жерде Түгөлбай Сыдыкбеков, Дайыр Асанов, Киреше Иманалиев, Бектурсун Алымов, Качкынбай Артыкбаев сыяктуу эл сыймыгы болгон инсандар менен тарыхта каларлык жолугушуу болгон. Ылайыгы келген кезде ал жөнүндө да кененирээк айтып берээрмин.

Кытайдагы кыргыз туугандардын кыз берүү, уул үйлөө сыяктуу тойлоруна катыштык.  Кол өнөрчүлөрдүн, уздардын көз тайгылткан  буюм-кечелеринин жасалышына күбө болдук. 

Бир сөз менен айтканда, ал жактагы боордошторубуздун жашоо- шарттары мыкты экенине күбө болдук. Жашаган үйлөрү, а түгүл мал баккан сарайларына чейин өкмөт куруп бериптир. Балдарын окутууга жакшы шарттар каралган.

Кытай өкмөтүнүн 1,5 млрд. калктын ичиндеги аз сандуу улуттарга жасаган мамилесине, алардын улуттук баалуулуктарын, маданиятын  сактап-даӊазалоого жүргүзгөн саясатына суктануу менен чын ниетимден ыраазы болдум.

Искендер Исамидинов: “Кытайга ачылган жол-бул океанга чыгуу менен барабар” 

Гуйлинь университетине барган делегациянын курамы

- Шинжаң Педагогикалык университети менен түзүлгөн алака...

- Жана мен жогоруда айтып өткөн Кыргыз Улуттук университети менен Шинжаӊ Педагогикалык университети түзгөн  келишимдин бир бөлүгүндө жыл сайын эки тараптан барышкан студенттер үчүн кесиптик практикадан өтүп, элдик өнөрпоздордун өнөрүн көрүү, алар менен маек куруу, каада-салттар менен жеринен таанышуу, диалектилик жана фольклордук материалдардын өзгөчөлүктөрүн салыштырып кароо, тил, адабиятты окутуу усулдарын салыштырып кароо, үлгү сабагы жана сабак долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрү  камтылган.

Ошол алкакта 2013-2014-2015-жылдары удаасы менен эки тараптан эки өлкөгө каттоо уюштурулду. Шинжаӊ Педагогикалык университетинен келген студенттер менен окутуучулар Кыргызстандын ар кыл областарында жана шаарларында болушту, тарыхый жерлер менен таанышып, калктын жашоосунан кабар алышты. Башкысы, мектептердеги сабактарга катышып, мугалимдик кесипке тажрыйба топтоп кете алышты.

Ал эми биз тараптан барган экспедициялык курам Кытай кыргыздарынан элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн жыйнап, каада-салт, үрп-адаттары, жашоо тиричилиги менен жакындан, жеринен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

2013-жылы окутуучу-профессорлор К.Абакиров, Б.Байсабаев, М.Сатыбеков, башында турган 12 студент менен 1-курам, 2014-жылы 2-курам филология илимдеринин докторлору С.Тиллебаев, Т.Маразыков жана С.Исаева, Н.Мараимовалардын, ал эми 2015-жылы 3-курам Т.Маразыков, Н.Турдубаева, М.Жаӊыбаева, А.Табалдиева өӊдүү мугалимдердин жетекчилиги менен барып келишти.

2014-жылы барган экспедициялык группа чогултуп келген материалдар педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Назик Мараимова тарабынан басмага даярдалып, 540 бет көлөмүндөгү кызыктуу, сүрөттүү эмгек жарык көрүүнүн алдында турат.

Искендер Исамидинов: “Кытайга ачылган жол-бул океанга чыгуу менен барабар” 

“Манас” изилдөө борборунун кызматкерлери Мамбетажы менен Кымбат

“Кытайда патриоттуулук, өз өлкөсүн сүйүү, жерди барктоо негизги орунда турат” 

- Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын билим берүү системасынан айырмачылыктарды байкай алдыӊызбы?

- Биз Болон процессине жаӊы кирип жатабыз, дүйнөлүк билим берүү системасындагы тажрыйбаларды, стандарттарды алып жатабыз.  Алдыӊкы технологияларды колдонууда Кытай бир топ алдыда экен. Биз үйрөнө турган көп нерселер бар. Себеби, бул элде кайсы жакта кандай жакшы жаӊычылдык, бурулуш болсо, дароо кабыл алышат. Аны өздөштүрүп, өзүлөрүнө ылайык иштеп чыгышат. Жаӊылануудан артта калуу жок, өнүгүүсүнүн себеби ушундан уламбы деп ойлойм.

Билим берүүдө студенттердин сабак калтыруусу сыяктуу шалаакылыктар жокко эссе. Аракетчил, билимге дилгир, окуйм деген балдарга бардык шарттар түзүлгөн. Ошондуктан дүйнөнүн ар тарабынан билим алууга келген жаштарды көрүүгө болот.
- Кытай жергесинен, элинен алган таасирлериӊиз тууралуу айтып берсеӊиз. Сизди таӊ калтырган нерселер болдубу?

- “Ар кимдин туулган жери өзүнө мисир” деген кеп бар эмеспи.

Кытайда патриоттуулук, өз өлкөсүн сүйүү, жерди барктоо негизги орунда турат.  Тартип бар, мыйзамдар иштейт. Эли аябай эмгекчил экен. Биз барганда боз чап болуп жаткан адыр-адыр жерлерди, какыраган сары чөлдөрдү тамчылаткан суу менен сугарып отуруп, гүлбакчага, гүлзарларга айландырып салышканын өзүбүз көрүп жаттык. 10 жыл мурунку шаарлар менен азыркы шаарды салыштырып болбойт.  Өсүш чоӊ.

Биздин мамлектебиз дагы тез аранын ичинде өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулса экен деген ой такай жүрөктүн башында жүрөт.

- 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпин тарабынан сунушталган «Бир алкак-бир жол» долбоору кыргыз-кытай алакасында кандай орунду ээлейт?

- Улуу Жибек-Жолунун боюндагы мамлекеттерге «Бир алкак-бир жол» долбоорунун таасири аябагандай чоӊ. Си Цзинпиндин бул идеясы – дүйнөлүк идея. Эки мамлекетти ортодо тоолор, суулар эле бөлүп турбаса бир тегиздикте бир алкакта жайгашканбыз, кылымдардан бери кошуна, алакада жашап келгенбиз.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда билим берүү, илим, соода-сатык, саясий-экономикалык катнаш, аба жолу ж.б. бардык тармактарда байланыштар чыңдалганы жакшы. Мисалы, берметибиз Ысык-Көлгө жайдыр-кыштыр туристтерди кабыл ала турган шарттарыбыз түзүлсө, коӊшу мамлекеттерибизден эле келишкен эс алуучулар экономикабызга көптөгөн кирешелерди алып келишээр эле.

Жол-бул жашоодогу күрөө тамыр. Буюрса, кара жол, аба каттамдары менен катар темир жол курулса Кытай менен катнашыбыз мындан да бекемделет.  Бир тарабыбызда Казакстан, Өзбекстан, Россия турса, бир тарабыбызда улуу Кытай турат.

Кытайга ачылган жол-бул океанга чыгуу менен барабар. Бүткүл континенттен келип билим алып жатышкан жаштардын катарында бизден барган улан-кыздардын да катары көбөйсө, жаштар үчүн билимдин “алтын дарбазасы” ачылган болоор эле. Кытай маданиятын, тарыхын, экономикасын, бизнесин өздөштүрүшүп, алган билимдерин биздин мамлекетибиз, элибиз үчүн колдонушса бейиштин жериндей Кыргызстаныбызды  5-10 жылдын ичинде гүлдөтүп, өнүктүрүүгө болот. Бул жагынан биздин жаштарга ишеним чоӊ.

Элдердин достугу чоӊ ийгиликтерди жаратат. Илимде, билимде, маданиятта, ар тармакта ар бирибиз өз салымыбызды кошолу! Алдыда илим-билим алакасын дагы өнүктүрө  берсек деген жакшы тилектерим бар.

- Жакында эле Кытай Коммунисттик партиясынын 19-съезди болуп өттү. Ушул багытта дагы сөз сүйлөп берсеңиз?

- Ооба, бул жыйын Кытай Эл Республикасында бирден-бир маанилүү иш-чара болуп эсептелет. Кытай мамлекетинин дүйнөлүк аренада ээлеген орду зор болгондугу үчүн бул жыйынды бүтүндөй дүйнө жүзү кызыгуу менен көрүп турду.

Кытай лидери Си Цзиньпиндин экинчи мөөнөткө калуусу дагы, аны туура жол менен кетип, Кытай Эл Республикасынын өнүгүүсү үчүн дагы мыкты иштерди аткарат дегенди түшүндүрөт. Ал паракорчулук менен күрөшүп, “Бир алкак-бир жол” долбоорун ишке киргизгендиги үчүн Кытай тарыхындагы күчтүү лидерлердин катарын толуктай алды десек болот.

Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгондугу үчүн, эки элдин достук алакасын чыңдоо жолунда дагы аталган долбоордун салымы зор.

Алдыда, дагы кызматташтык мамилебиз өнүгүп, бардык тармактарда алакабыз өнүгөт деп ишенем.

- 11-ноябрда биздин гезитке 2 жыл толуп отурат, ушул маанилүү дата менен окурмандарыбызды куттуктап кетесизби?

- Бул гезиттин эки элдин алакасын бекемдөөдө мааниси абдан зор. Жоопкерчилиги дагы ошончо десек болот. Ошондуктан, иштериңизге ийгилик каалайбыз. Окурмандарыңар көбөйө берсин. Гезитке позитивдүү материалдар көп чыксын!

Бул элдерди жакшы тарапка үндөйт, тарбиялайт. Ийгиликтерди көрүп жакшылыктарга, алга умтулуп жашайлы. Элиме кеӊ пейилдикти, бакубат турмушту каалайм! Элибизде, бүт дүйнөдө тынчтык болсун!

Жибек жолу-кызматташтыктын, достуктун, ынтымактын жолуна айланат деген ишеничтемин!


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)