WeChat      Избранное

“Манас” эпосун кытай эли опера аркылуу тааныды

23/10/2017  Источник:оригинал   шрифта:

“Манас” эпосун кытай эли опера аркылуу тааныды

“Манас” операсынын жүрүшүнөн бир көз ирмем. 

Сүрөттөр WWW таандык

Кыргыз эли байыртадан материалдык байлыкка караганда, руханий жан дүйнө байлыгын баалап, сөз багып келген эл. Ар качан манасчыларга, куюлуштуруп сүйлөгөн сөзмөрлөргө, төкмө акындарга сый-урмат көрсөтүп, бул өнөр адамдары кай тарапка барбасын төрдөн орун алып, сыйлуу конок болуп келишкен. 

Ушундай кыргыз руханий дүйнөсүнүн баа жеткис байлыгы бул-“Манас” эпосу экендиги талашсыз. Муундан-муунга, ооздон-оозго өтүп, өз баалуулугун сактап калган улут сыймыгы, бүгүнкү күнү дагы кыргызды дүйнө элине таанытып келет. Буга, эпостун башка тилдерге которулуп, сахналаштырылып коюлуп жатканы толук далил. 

Мына ушундай мыкты саамалык 30-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында болуп, “Манас” операсы кытай тилинде көрүүчүлөргө тартууланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Опера чыгаан манасчы Жусуп Мамайдын айтуусундагы Манастын негизинде коюлуп, ал Кытай Эл Республикасынын Маданият министрлигинин жана Кытай Улуттук опера институтунун колдоосунун алдында ишке ашкан. Сценарийи белгилүү, биринчи даражадагы кытай сценаристи Ван Сяолин тарабынан жазылды. Ал эми, операны эл алдына алып чыгуу үчүн эки жылдык убакыт сарп кылынып, даярдоо иштери жүргүзүлгөн. Бул күнү 100дөн ашуун Кытай Эл Республикасынын артисттери сахнада жогорку чеберчилигин көрсөтүп, мыкты өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулай алышты.  

Коюлган чыгармада айкөл Манастын улуу жеңиштери баяндалып, анын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салты менен жашоосун чагылдырууга да кеңири орун берилген. Операнын бет ачаар аземине 1500дөн ашуун көрүүчү катышып, сыйлуу коноктордун катарын Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Үсөнов, Кытайдын опера улуттук институтунун жетекчилери, этникалык кыргыздар жана башка меймандар толукташты. 

Ушул саамалык жөнүндө жана Кытай Өкмөтүнүн Манас изилдөө иштерине кошкон салымы, кытайлык манасчылар тууралуу биздин гезитке кыргыздын чыгаан манасчылары өз ойлорун билдиришти. 

“Манас” эпосун кытай эли опера аркылуу тааныды

Дөөлөт Сыдыков.

Дөөлөт Сыдыков, манасчы:

 “Кытай Өкмөтү тарабынан манасчыларга мамлекеттик айлык төлөнүп берилет”

-Чындыгында, “Манас” эпосунун кытай тилинде коюлушу абдан мыкты иш-чара деп эсептейм. Операнын жүрүшүндө, сахнаны жасалгалоодо, актерлордун кийген кийимдерине чейин абдан кылдаттык менен көңүл бургандыгы байкалып турат. Мындай чоң иш-чара бир күндө эле даяр боло калбайт. Күжүрмөн эмгекти, убакытты талап кылат. Ошондуктан, Кытай Өкмөтүнө, өнөр адамдарына, кытайлык кыргыз манаскөй ага-эжелерибизге ыраазычылык билдиргим келет. 

Бул абдан жакшы көрүнүш деп эсептейм. Анткени, искусствонун бир түрү болгон опера аркылуу Манасты, кыргызды жалпы кытай элине жеткирип, жайылтып, таанытып жатат. саамалыктын эки элдин маданий алакасын бекемдөөдө дагы бараандуу орду бар. 

Кытай Эл Республикасында Манасты изилдөө, иликтөө боюнча атайын борборлор бар. Ал жактагы иштеген кытайлык кыргыз агаларым менен дагы байланышып жүрөм. Мисалга алсак, Макелек Өмүрбай, Адыл Жуматурду уулу, Мамбеттурду Мамбетакун ж.б. бул инсандар Кытай жергесинде Манасты изилдеп, жазууда зор салымын кошкон. Дагы да ушул тармакта эмгектенип келишет. Биздин жерге караганда, Кытай жергесинде Манаска арналып тургузулган эстеликтер абдан көп. 

Ал жакта Манаска жакшы көңүл бөлүнөт. Ал тургай Кытай Өкмөтү тарабынан манасчыларына мамлекеттик айлык коюп берген. Бул өнөрдүн жоголуп кетпөөсү үчүн мамлекет тарабынан дагы кам көрүлөт. Жаттатып болсо дагы, аны өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп келишет. Абдан жакшы иштер аткарылып жатат. Кытай окумуштуулары эпосту изилдөөдө Жусуп Мамайдын вариантына көбүрөөк басым жасашат. Ал Манасты жети-сегиз муунга чейин айткан да, ошондуктан тарых барактарынан дагы аны тарыхый инсан катары изилдегенге чоң аракет кылып келишүүдө. 

Мен өзүм Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусуна 2005-2006-жж. барып келгем. Ал мезгилде Жусуп Мамай атабыз 87де эле. Ал киши менен жолугуп,  батасын алгам. Ошондо, биринчи жолу кытайлык кыргыздардын манасчылары менен таанышып, алака түзүп келгем. Андан кийин, Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы Кытай жергесинде дагы белгиленип, манас айтуу боюнча сынакка катышып келгенбиз.  

Негизи, кытайлык кыргыздар арасында Манасты илгеркидей салттуу айткандар жокко эсе. Аян алып, түшкө кирип Манасты айтып калуу деген дээрлик жок экен. Ошондой болсо да, кытайлык кыргыз туугандарыбыз манасчылык өнөрдү баалап-барктап келишет. 

“Манас” эпосун кытай эли опера аркылуу тааныды

Замир Баялиев. 

Замир Баялиев, манасчы: 

“Манасты кытай элине таанытуу биз үчүн чоң сыймык” 

-Кытай жергесинде “Манастын” кытай тилинде көрүүчүлөргө тартууланышы, жалпы кыргыз эли үчүн абдан маанилүү иш. Себеби, эпосту театрлаштырып, Манастагы окуяларды чагылдырып, кыргыздын жашоо-турмушун калдайган кытай элине таанытып, көрсөтүп жаткандыгы, биз үчүн чоң сыймык. Бул дагы да болсо, алардын манас таануу багытында абдан жигердүү иштеп жаткандыгынын бир үзүрү. Ошондуктан, бул саамалыкты чоң кубаныч менен кабыл алдым. 

Кытай Өкмөтүнүн, манас таануучуларынын “Манаска” болгон мамилеси мени абдан кубандырат, бул жаатта бир топ ийгиликтерди жаратып келишет. Манас тууралуу Кытайдын жазма булактарында маалыматтардын көп экендигин, манас изилдөөчүлөр айтып жүрүшөт. Бизде болсо, бул өнөр ооз-эки түрдө сакталып, муундан-муунга өтүп келген. 

Кытай Эл Республикасына Кыргызстандын маданият күндөрүндө барып, бир нече шаарларын кыдырып келгем. Ар бирибиз өз өнөрлөрүбүздү элге тартуулап, мен манас айттым. Манас айтылганда залдан дүркүрөтө чабылган колдор, көрүүчүлөрдүн эпоско болгон мамилеси, Кытай Эл Республикасынын маданият министринин сүйлөгөн сөзү мага терең таасир калтырды. Манаска болгон билимге, ал жакта дагы кеңири терең, олуттуу мамиле жасалаарына дагы бир жолу күбө болдум. Ал жактагы манаскөй агаларыбыз менен дагы кенен баарлашууга мүмкунчүлүк түзүлдү. 

Кытай Өкмөтүнүн “Манаска” көргөн камкордугу 

“Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” 2012-жылы Кытай өкмөтүнүн колдоосунун алдында ачылган. Ошол жылы, Синьцзян Педагогикалык университетине эпосту изилдөө үчүн атайын каражат бөлүнүп, кызматкерлер штабы түзүлүп, борбор өз ишмердүүлүгүн баштаган. 

Азыркы тапта, “Манас” эпосун англис, немис, уйгур жана казак тилдерине, төрт тилге которуу иштеринин үстүндө иш алып барат. Эпосту англис жана немис тилдерине которуу кызматын германиялык профессор Карл Рейхел аркаласа, уйгур тилине которууну болсо СУАРдакы кыргыз жана уйгур акын - жазуучулары биргелешип жоопкерчилигин алышкан. Казак тилине дагы ушундай жол менен которулуп жатат.

“Манас” эпосун которуу иштери болсун, илимий жыйындарды өткөрүү маселелери же болбосо “Манасты” изилдөө иштерине карата эмгектерди жаратып, китептерди чыгаруу жумуштары болсун, бардыгы университет сыртындагы манаскөйлөр менен бирге талкууланат, чечим чыгарылат. Жалпы борбор менен иштешип жаткан мамлекет сыртындагы адистердин саны отузга жетет. Башкача айтканда, “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору”кандайдыр, бир деңгээлде жалпы эле манастаануучулардын, мыкты адистердин борбору десек да болот. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)