WeChat      Избранное

Бейкапар элге бүлүк салып, өлүм менен коштолгон чек ара чыры

10/05/2021  Источник:оригинал   шрифта:


Сүрөт интернеттен алынды

4-майга карата Баткендеги жаңжалдан жабыркагандардын саны 189 адамга жетти. Ал эми курман болгондор 36 адам болду. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. 

Берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда 100 адам дарыланып жатса, Бишкекке 59 жабырлануучу жеткирилген. Баткен облусундагы бейтапканаларда 41 киши жатып, калгандары амбулатордук түрдө дарылануусун улантууда. Учурда дары-дармектер жетиштүү санда экендиги айтылууда. Муну менен эле катар, Баткен аймагына 81 медкызматкер 20 психолог жиберилип, иштеп жатат. Алардын иши 11-майга чейин улантылмакчы. 

Эске сала кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

29-30-апрель күндөрү Тажикстан тарап атайын техника менен кирип келишип кыргыздар жашаган үйлөрдү түрттүрүп, өрттөп, армиясы оор артиллерия, миномёт, вертолётту колдонгондугу маалым. Бейкапар жаткан эл качууга аргасыз болгон. 

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги астында түзүлгөн атайын комиссия тарабынан Баткен жана Лейлек райондорундагы чек ара чатагынан жабыркаган турак үйлөрдүн саны жана келтирилген зыяндын көлөмү азыркы тапта такталууда. 

Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объект жана 5 башка мамлекеттик имарат күйгөн жана жабыркаган.

Жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларынын үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтирилет Бул тууралуу президенттин аппаратынан белгилүү болду. Ал эми калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон турак жайлар мамлекеттин эсебинен бекер курулуп берилери айтылды. 

4-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Азыркы тапта Баткен районунун Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу министрлик чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат.

Үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон кыргыз жарандары (подзаголовок)

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыккан аймактардан 33,3 миң кыргызстандык коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Акыркы маалыматтарга караганда, Баткен районунун Ак-Сай, Актатыр, Карабак жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айыл өкмөттөрүнөн жалпы 33 миң 388 адам эвакуацияланды. Алардын ичинен 19 миң 142си балдар. 

“Баткенге жардам” – биримдикти даңазалаган кыргызстандыктар (подзаголовок)

Учурда, бүтүндөй Кыргызстан боюнча Баткенге жардам колу сунулууда. Кичинекей балдардан баштап, карапайым калк, жеке ишкерлер, ири компаниялар дагы Баткенге колдоосун көрсөтүп, тамак-аш, кийим-кече, акчалай жардамдарын беришүүдө. 

Ошондуктан Баткенге гуманитардык жардамды ташып жаткан унааларга атайын уруксат кагаздары иштелип чыкты. Ал уруксат кагаздарында мамлекеттик органдардын мөөрү болот.Анда жөнөтүп жаткан адамдын колу, айдоочунун аты-жөнү жазылат. Ошондой эле унаада канча көлөмдө эмне бар экендиги көрсөтүлөт. Алардын баары электрондук түрдө эрте эле Баткенге жөнөтүлөт. Баткенге жүк келгенде аны кайра түшүрүп, жүктөп отурбай ӨКМ кызматкерлери кайсы аймакка тиешелүү жардам керек болсо, унааны ошол дарекке дароо жөнөтүп турушмакчы.

Мадина жана Абидин – асманга учкан периштелер (бокс врезка)

29-апрель күнү кечинде саат жети-сегиз чамасында тажик тараптагылар ок атып баштаганда, Максат, Кулунду, Интернационал айылындагы эл дүрбөп кача баштаган. Алардын арасында Мадина өзүнүн энеси жана төртүнчү класстагы сиңдиси менен кошо качып чыккан. Куралдуу кол салгандар айылдагы элди карай минометтон ок жаадырышкан. Ошондо Мадина менен анын энесине ок тийген. 

Аларды көрүп калган айылдаштары көтөрүп алып машинага салып, аймактык ооруканага алпарышкан. Бирок аймактык оорукана алардын оор абалын көрүп райондук ооруканага жөнөткөн. Тилекке каршы, алтынчы класстын окуучусу Мадина ооруканага жетпей каза болуп калган.

Буга чейин Facebook социалдык тармагына Баткендеги чек ара чырында Абидин Турсунбаевдин сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Анда 29-апрелде ок атышуу башталганда Арка айылынын тургундары тоону көздөй качканы жазылган. Алардын арасында Абидин, апасы жана бөбөктөрү да болгон. Эмне болгонун түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга түшүп агып кеткен. Денесин чоочун кишилер көрүп, кармап калышкан. 






(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)