WeChat      Избранное

Министрлер Кабинетинин жаңы курамы бекитилди

06/05/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Министрлер Кабинетинин жаңы курамы бекитилди

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык, «Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кол коюлган Жарлыкка ылайык:

— Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын коргоо министри болуп дайындалды;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;

— Чынбаева Асел Рыспековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;

— Купешев Болотбек Душекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;

— Иманалиев Кайрат Олжобаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрт болуп дайындалды;

— Ажикеев Бообек Эргешевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;

— Ниязбеков Улан Омоканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;

— Абдралиева Гүлмира Курманбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды;

— Турдубаев Кубанычбек Апышевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды;

— Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын айыл, токой жана суу чарба министри болуп дайындалды;

— Шыкмаматов Алмамбет Насырканович Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри болуп дайындалды;

— Кутманова Динара Асиевна Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп дайындалды;

— Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)