WeChat      Избранное

Президент Садыр Жапаров Лейлек районунун Максат айылында болуп кайтты

06/05/2021  Источник:оригинал   шрифта:

 Президент Садыр Жапаров Лейлек районунун Максат айылында болуп кайтты

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Мамлекет башчысы талкаланган мектептин аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окуду. Президент бүгүнтөн баштап Максат айылында жана башка жапа чеккен айылдарда калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталарын, бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар куруларын белгиледи. Курулуш иштерин эки айдын ичинде бүткөрүү болжолдонууда.

Ошондой эле, талкаланган социалдык жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүү иштери да башталат.

Садыр Жапаров медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна жиберилген мобилдик клиникалар жөнүндө да айтып берди. Донордук долбоордун аркасында мобилдик клиникалар 5 жыл аралыгында республиканын бардык аймактарын кезек-кезеги менен кыдырып, бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларына акысыз медициналык кызмат көрсөтөт.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы жакын арада Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү суроолорго жооп берди. Эл негизинен мамлекет тарабынан колдоо, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси, пенсия жана жөлөкпулдар, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, жолдорду оңдоо жана башка маселелер боюнча суроолорун узатышты.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)