WeChat      Избранное

Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы жана «Достук» фестивалы» аяктады

25/04/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы жана «Достук» фестивалы» аяктады

Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы жана «Достук» фестивалы салтанаттуу жыйынтыкталууда. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жумалык 23-апрелден бери Баткен шаарында өткөрүлүп жаткан.

Жумалык менен Фестивалдын үчүнчү күнү, улуттук кийимдер парады менен башталып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен уланды.

Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы жана «Достук» фестивалы» аяктады

Андан соң фестивалдын Гала-Концерти башталып, ага КРнын Маданият маалымат жана туризм министри Кайрат Иманалиев жана КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев катышып, бир катар маданият кызматкерлерине министрликтин жана облустук өкүлчүлүктүн сыйлыктарын ыйгарышты.

Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы жана «Достук» фестивалы» аяктады

Аталган фестиваль үч күнгө созулуп, маданият жана искусство өкүлдөрү, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, Манасчылык, дастанчылык жана акындык өнөр, аваздык-аспапчылык, кол өнөрчүлүк багыттары боюнча таланттарын тартуулашууда.

Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы жана «Достук» фестивалы» аяктады

Белгилей кетсек фестивалга кошуна Өзбекстан жана Кытай мамлекетинин да маданият өкүлдөрү да катышууда.

Бул күнү облус башчысы Омурбек Суваналиев, министр Кайрат Иманалиев менен жолугушуп, облус аймагындагы маданият мекемелеринин абалы, материалдык техникалык базасын чыңдоо, бул тармакты өнүктүрүү үчүн ар тараптуу колдоолорду корсөтүү менен, тыгыз иш алып барууну макулдашышты.


(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)