WeChat      Избранное

Кыргызстанда коронавирус кайрадан күч алууда

22/04/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстанда коронавирус кайрадан күч алууда

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жыл менен кошо кирип келген коронавирус дарты дагы да болсо дүйнө жүзүн убайымга салып жаткан кези. Бардыгыбызга белгилүү болгондой биздин өлкөдө дагы коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну өтө тездик менен күч алууда. Ошондуктан, азыртан баштап оорунун жайылышынын алдын-алуу боюнча тийиштүү иш-чараларды кабыл алуу заман талабы.

Эң эле жөнөкөйү жана маанилүүсү бул социалдык аралыкты сактоо, беткап тагуу, колду тез-тезден жууп туруу, дезинфекциялык каражаттарды колдонуу, имаратты желдетип туруу жана оорунун белгилери байкалганда COVID-19га карата тест тапшыруу болуп саналат.

Мына ушундай эпидемиологиялык кырдаалдан улам КР Президенти Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар медициналык мекемелеринде болуп, кыргызстандыктарды бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого жана коронавирус инфекциясынын алгачкы белгилери байкалары менен тезинен ооруканаларга кайрылууга чакырды.

Президент: “Азыркы учурда абал өтө коркунучтуу эмес десек болот. Жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандардан сурап чыктым, алар көбүнчө жардам сурап кайрылбай үйүндө жата бергендер, такыр болбой баратканда келип, реанимацияга түшүп калгандар экен.

Ошондуктан сиздерге кайрылып кетээрим, жөтөлүп же оорунун ушундай бир белгилери пайда болору менен ооруканаларга барыңыздар. Жаңыдан башталганда барып кайрылсаңыздар биздин дарыгерлер 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышты.

Өзүңөрдүн ден соолугуңарга кайдыгер болбой, кайрылып тургула. Эң негизгиси, мен сиздерден суранарым, баарыңыздар вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4 миңдин тегерегинде гана адам вакцина алды. Вакцина бар. Райондогулар ар бир райборборго барсаңыздар болот.

Кудай буюрса, биз катаал карантин талаптарын киргизбей, абалдан чыгып кеткенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Ошондой мүмкүнчүлүгүбүз бар деп мен толук ишенем. Кудай буюрса, баары жакшы болот”-деп кайрылуу жасады. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ал эми Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтуусунда Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну май, июнь, июль айларына туура келет. Министр өз сөзүндө: “2020-жылы коронавирустун эки толкунун өткөрдүк. Былтыр Covid-19дун биринчи толкуну июнь-июль айларында болду. Анда Өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги дагы даяр болбогондуктан көп жоготууларга учураганбыз. Экинчи толкун октябрь-ноябрь айларына туш келип, ага даярдык көрүп, көп жоготуусуз өткөрдүк. Үчүнчү толкун май, июнь, июль айларында болот. Муну айтып жатканымдын себеби антитела 8 айдан бир жылга чейин сакталат. Былтыр жуктургандардын иммунитети төмөн болуп, алар кайра эле жуктура баштайт. Учурда алдын-ала чараларды көрүп жатабыз”-деп айтып өттү.

Анын айтымында, президент, премьер-министр жана өкмөт азырынча карантин киргизбей турууну чечишти. “Анткени, өткөн жылы биз карантин киргизгенбиз. Донорлордон ири суммада – 56 млн доллар каражат алганбыз, бул каражатты биз төлөбөсөк дагы биздин балдар төлөшү керек. Ушуну эске алып, биз карантин киргизбей турууну чечтик”,-деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министри жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөргөндөн кийин коронавирус кескин көбөйө баштаганын билдирди.

"Мурда Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 50-60 учур катталып аткан болсо, ал эми айрым облустарда эки айлап жаңы учурларкатталбай келген, азыр абал начарлай жатат”,-деди ал.

Министр эпидемиологиялык абалдын начарлашына элдердин бет кап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай жана колдорун жуубай жатышкандыгы дагы себеп болуп жаткандыгын айтып өттү.

Муну менен эле катар Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы россиялык “Спутник V” вакцинасынын 1 млн дозасын алуу боюнча келишим түзүлгөндүгүн билдирди.

"Өкмөт бизге 214 млн сом берди. Азырынча 1 же 2 млн доза алып, жарандарыбызды эмдеп алсак, анда калкыбыздын 70 пайызында иммунитети болот”, - деп маалымат берди.

Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында коронавируска кабылгандардын саны өсүп жатканын белгиледи.

“Өзүм “кызыл зонага” кирип бейтаптардан сурасам, алар: “кайрадан оорубайт экенбиз деп ойлогонбуз” деген. Быйылкы ооруп жаткандар катуу ооруп жатат. Кайра карантин киргизе албайбыз, экономикабыз аны көтөрө албайт. Бирок өлкөдө эмдөө жүрүп жатат, учурда 5 миң адам вакцина алды. Алардын бирөөсүнүн дагы абалы курчуп кеткен жок”, - деп билдирди.

Эске сала кетсек, учурда Кыргызстанда Кытайдан жардам катары келген “Синофарм” компаниясынын вакцинасы менен эмдөө иштери жүрүп жатат. Бул вакцина менен алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, реанимацияда, тез жардамда иштеген медицина кызматкерлери, андан соң мугалимдер, чек ара жана коопсуздук кызматкерлери эмделери маалымдалган.

Айнура Курбан кызы, студент: “Коронавируска каршы эмдөөгө жакшы көз караштамын” 

-Күндөн-күнгө коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жатат. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш. Кайтыш болгондор дагы көп болууда. Ошондуктан колумдан келишинче көчөдө беткап тагынып, коомдук транспортторго дагы беткапсыз түшпөйм. Мен оорусам жашмын, иммунитетим күчтүү, бирок карыган адамдарга кокусунан жугузуп аламбы деп коркуп, беткабы жок көчөгө чыкпаганга аракет кылам.

Ал эми коронавируска каршы эмдөөгө жакшы көз караштамын. Айрыкча улгайып калган ата-апалар эмдөөнү алышы керек деп ойлойм. Чындыгында вакцинациялоо боюнча ар кандай ой-пикирлер айтылып жатат, бирок ДССУнун каттоосунан өткөндөн кийин кандайдыр бир коркунуч жок го дейм.

Бишкек шаарына кайрадан карантин кирүүсүнө каршымын. Себеби элде акча жок, былтыркы карантинден кийин бардыгыбыз эле абдан кыйналып калдык. Ошондуктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактап, ар бирибиз өзүбүздүн жана жакындарыбыздын коопсуздугу үчүн кам көрсөк, бул кырдаалдан чыгып кетебиз деген үмүттөмүн.

Жаңылбүбү Темиркулова, тикмечи: “Коомдук жайларда беткап тагынып, оорунун жайылбоосун алдын-алсак жакшы болмок"

-Ковидден кутула албай койдук го. Бул дарт жүрөгүбүздүн үшүн алып бүттү. Күн сайын жаңылыктарды карап, ооругандардын, андан кайтыш болгондордун саны көбөйгөнүн көрүп жүрөкзаада болуп жатабыз. Чындыгын айтканда жумушум токтоп калбаса экен деп тилеп жатам. Кайрадан карантин кирсе балдарымды эмнеге багам, былтыркыдан алган карыздарымды төлөй албай жүрөм. Эми кайра жумушум жок отуруп калсам, мага ким жардам берет.

Ошондуктан ковидге каршы эмдөөнү эл арасында эртерээк жүргүзсө дагы жакшы болот эле. Өзүбүз дагы коомдук жайларда беткап тагынып, оорунун жайылбоосун алдын-алсак жакшы болмок. Азыр өзүңүздөр көргөндөй көчөдө эч ким санитардык эреже, талаптарды аткарбай эле турат. Баарыбыз кайдыгер болуп жатабыз. Ошондуктан элимден суранып кетет элем, өзүбүздөн баштайлы, оорубаганга аракет кылалы.

“Манас” аэропортунун бардык аэробекет комплекстеринин аймактарына чектөө чаралары киргизилди 

Эл аралык “Манас” аэропортунун бардык аэробекет комплекстеринин аймактарына чектөө чаралары киргизилди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соңку кезде өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абалдын начарлашы, коронавирус инфекциясын жуктургандардын санынын өсүшү жана Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачынын көрсөтмөсүнө ылайык, ААК “Эл аралык “Манас” аэропортунун” бардык аэробекет комплекстеринин аймагына 2021-жылдын 17-апрелинен тартып COVID-19 илдетин жугузуу жана жайылтууну алдын алуу иш-чаралар комплекси күчөтүлдү.

Алсак, төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

— саат 00.00дөн 07.00гө чейин “Манас” аэропортунун” бардык аэробекет комплекстерине олуттуу тиешеси жок адамдар, анын ичинде узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн чектөө киргизилет. “Манас” аэробекет комплексине авиажүргүнчүлөр авиабилети болгон учурда гана киргизилет.

— адистер тарабынан учуучу жана конуучу авиажүргүнчүлөрдү термометрлик текшерүү, дене табын өлчөө иштери күчөтүлөт.

— авиажүргүнчүлөрдү узатуучу жана тосуп алуучуларга, аларды күтүүдө ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн, аэробекет комплексинин жанына отургучтар орнотулат.


 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)