WeChat      Избранное

Оболбек Осмонбеков: “Чет мамлекеттерге чыгып Кыргызстандын атын чыгаруу менен катар мамлекеттер аралык достукту даңазалоо дагы башкы максаттарымдын бири

22/04/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Оболбек Осмонбеков: “Чет мамлекеттерге чыгып Кыргызстандын атын чыгаруу менен катар мамлекеттер аралык достукту даңазалоо дагы башкы максаттарымдын бири

                                                                                                         Сүрөт интернеттен алынды

“Бала чактагы кыялдын ишке ашуусу гана чыныгы бакытты тартуулай алат” деп айтылат эмеспи. Бирок көпчүлүгүбүз бала кезде максат кылып, кыялданган ойлорубузду чоң жашоого келгенде эмнегедир жүзөгө ашырууну кечеңдетип, кээ бир учурларда таптакыр эле унутуп койобуз. 

Бирок биздин бүгүнкү каарман кичинекейинен алдыга койгон максатын унутпай, ар дайым аны жүзөгө ашыруунун жолдорун ойлонуп, изденип келген. Мына акырында өз кыялын ишке ашырып, жеңил атлетиканын бир түрү болгон алыстыкка жүгүрүү марафондорун ийгиликтүү улантып баштады.

Биз бүгүн алыскы Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын тургуну, бир катар эл аралык марафондордун жеңүүчүсү, жөө күлүк Оболбек Осмонбеков менен жакындан таанышып, баарлаштык. 

Эске сала кетсек, Оболбек Осмонбеков 2020-жылдын июнь айында беш жарым күндө, 82 саат аралыгында өзүнүн туулган жери Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынан баштап Бишкек шаарына чейин жүгүрүп келген. Ал эми, быйыл болсо 25-март күнү Бишкек шаарынан чыгып, сегиз жарым күндүн ичинде 600 кмден ашуун жолду чуркап өтүп, ордолуу Ош шаарына болгон марафонун ийгиликтүү аяктады. 

- Алгач сизди багынткан ийгилигиңиз менен куттуктайбыз. Алыстыкка жүгүрүү кыялы сизде бала кезиңизден бери жашап келгендигин билебиз. Мындай каалоо ар бир эле баланын оюна келе бербейт эмеспи. Ошондуктан, алгач окурмандарга мындай кыялданууга эмне түрткү болгондугун айтып берсеңиз, мүмкүн үй-бүлөңүздө спортко жакын адамдар бардыр?

- Чоң рахмат. Ооба, менин бул тандоомо үй-бүлөмдүн дагы салымы бар. Советтер Союзу мезгилинде эжем Бишкекке чейин келип алыстыкка жүгүрүү боюнча 3-орунду багындырган. Негизи тукумубузда спортко болгон шык бар десем жаңылышпайм. Өзүм 8-классты аяктагам. Турмуш шартка байланыштуу окуумду улантууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошол 8-класска чейин спорттун бардык түрүнөн шыктуу болуп, жакшы болчубуз. 5-класстан баштап эле мектептер аралык эстафеталарга катышып, 9-10-класстын балдары менен жарышка түшүп жүрдүм. Кийин союз тарады, ошону менен бул кыялымды толук кандуу ишке ашырууга убакыт болбоду.

- Анда качан кайра бул спорт түрүнө кайтып келдиңиз?

- Негизи турмуш тирчилик менен жүргөндө деле алыстыкка жүгүрүү боюнча оюмдан кайткан жокмун. Элдерден сураштырып, кандайдыр бир марафондор болсо катышат элем деп эле жүрдүм. Бул оюмду кайын агама дагы айткам. Мына ошол кайын агам аркылуу 2015-жылы “Жаз деми” аттуу марафонго катышып, 21 км алыстыкка чуркадым. Ошондо 3-орунду алып калгам. Чындыгында эч даярдыгы жок эле, шашылыш катышып калгам. Мына ошондон баштап кайрадан алыстыкка жүгүрүүнү уланттым десем болот. Андан кийин Самаркандга барып жүгүрдүм. 3 жыл мурун Москвага барып, 50 кмдик мини марафонго катышып 1-орунду жеңип алгам. 

2020-жылга жакшы пландар бар эле, бирок тилекке каршы пандемияга байланыштуу көптөгөн ойлорубуз жүзөгө ашпай калды, аларды убактылуу токтотууга аргасыз болдук. 

- Өткөн жылдын июнь айында тоолуу аймак Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынан баштап Бишкекке чейин болгон марафонуңуз жана ушул жылдын мартында борбор калаадан Ош шаарына болгон чуркооңуз боюнча айтып берсеңиз?

- Өзүмдүн туулган айылымдан Бишкекке чейин болгон марафондон чындыгында кыйналгам. Анын үстүнө тоолуу аймак болуп, абасы бийик жерде жүгүрүү оңойго турган жок. Долонго чейин аба-ырайы дагы бир топ эле кыйнап койду. Бирок Долонду ашып түшүп, жылуу аба-ырайына келгенде өзүмө кадимкидей келе түштүм. 

Бул жерде дагы бир катачылыгым тамакты жакшы жебегендигим болгондугун Ошко болгон сапарымдан улам билип калдым. Мисалы, Ошко бара жатканда тамакта күчтүүлөп жеп жаттым. Чындыгында Ош шаарына болгон марафон жеңил өттү. Эч кыйналуу болгон жок. Мага абдан жакты. Себеби ашууларды аштым, түштүк калаага жеткичекти жаратылышын дагы жакындан таанып, табияты менен тааныштым десем болот. 

Элдер дагы жүгүрүп жаткандыгыма күбө болсун деп күндүз чуркап жаттым. Эртең мененки жети жарымдан кечки саат сегизге чейин жол үстүндө болдум. Ошондо болжол менен 10 кмди бир саат он мүнөттүн тегерегинде жүгүрүп өтүп жаттым. Негизи жүгүрүүдө бут кийим абдан маанилүү. Башында кийген бут кийимимден бутум ооруп калган учурлар дагы болуп жатты. 

- Сизди колдоп, каражат жагынан дагы жардам көрсөткөндөр барбы?

- Чындыгын айтканда каражат көп эле кетип калат экен. Мисалы, Ош шаарынан кийин токтобой эле Баткенге чейин марафонду улантсамбы деген оюм болгон, бирок акча-каражаты тартыш болгондугу үчүн бул оюм ишке ашпай калды. Машиналардын майы, коштоп жүргөн ар бир адамдын тамак-ашы, жаткан жайы болгондо эле, бир топ каражатты талап кылат экен. Негизинен туугандарым коштоп жүрүштү. 

Ал эми Бишкекке жүгүрүп келгенде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев баш болгон спорт ышкыбоздору жана журналисттер тосуп алышты. Жолдон колдоп, кошо жүгүргөндөр болуп жатты. Мындай коштоо дагы кошумча күч-кубат берип жатты десем болот. Учурдан пайдаланып, мага колдоо көрсөтүп, коштогон ар бир адамга өз ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Үй-бүлөм, жакындарыма дагы рахматымды айтмакчымын. Алар башында Бишкекке жүгүрүп барам дегенде каршы болушкан эле. Бирок борборубузга ийгиликтүү келип алгандан кийин, өз ишенимдерин көрсөтүп, толугу менен колдой башташты. Алты балам бар. Аларды дагы багыш керек. Иштебей койсом дагы болбойт. Бирок ошого карабастан быйылтан баштап бул карманган багытымды дагы өздөштүрүп, ийгиликтерди жаратуунун үстүнөн иштейм деп план коюп койдум. 

- Сиз  үчүн алыстыкка чуркоо бул...

- “Спорт – ден соолуктун булагы” деп бекеринен айтылган эмес. Спорт менен машыгуу ар дайым адамга кошумча күч-кубат, дем берип, сергек жашоого үндөйт эмеспи. Азыркы тапта, интернет заманы болуп, кичинеден-чоңуна чейин телефондон чыкпай калган заман болбодубу. Ошондуктан мен ушундай кадамдарым менен жаштарды спортко үндөгүм келет. Чың ден соолукта болуу үчүн спорт менен машыгуу зарыл. Бул марафондорум жаңы өсүп келе жаткан муунга үлгү болуусун каалайт элем. Учурдан пайдаланып бардыгыңыздарды спорт менен машыгууга чакырам. 

Алыстыкка жүгүрүү туруктуулукту, күчтү, ылдамдыкты, ийкемдүүлүктү өнүктүрөт. Чыдамдуулук – бул марафондо чуркагандын негизги сапаты, ал чарчоого туруштук берүүнү үйрөтөт.

Ал эми эмоционалдык жактан алганда чуркоо адамдын өзүнө болгон ишенимин бекемдейт. Күч-кубат берет, маанайды жакшыртат. Чуркап баштагандан кийин, чындыгын айтсам мен өзүмдүн ички үнүмдү угууга убакыт таптым. Чуркоо ойду тазартып, туура жана так чечимдерди кабыл алууга дагы көмөкчү болоруна күбө болдум. 

- Эми сөз соңунда, алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

- Жакынкы аралыкта бул марафонду улантып Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына сапар алсакбы деп ойлонуп жатабыз. Муну менен эле катар, алдыда Кытай Эл Республикасынын биз менен чектеш аймактарына марафон уюштуруу оюбуз бар. Чет мамлекеттерге чыгып Кыргызстандын атын чыгаруу менен катар эле, мамлекеттер аралык достукту даңазалап, сергек жашоого чакыруу дагы менин башкы максаттарымдын бири. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)