WeChat      Избранное

Кыргызстанда аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө

20/04/2021  Источник:оригинал   шрифта:

              Кыргызстанда аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-апрелинде күндүз жана 21-22-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

20-апрелде күндүз жана 21-22-апрелдеринде аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, 21-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

22-23-апрелдерде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градус үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)