WeChat      Избранное

Талант Батыралиев: “Ар бир мамлекет өзүнүн элин коргоо үчүн колунан келген ресурстарын колдонуп эмдөө системасын чыгарышты”

05/04/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Талант Батыралиев: “Ар бир мамлекет өзүнүн элин коргоо үчүн колунан келген ресурстарын колдонуп эмдөө системасын чыгарышты”

Медицина кызматкерлер Ассоциациясынын президенти, экс-Саламаттык сактоо министри, профессор Талант Батыралиевге байланышып, “синофарм” вакцинасы жана ТИМдин кызматкери Бахтияр Шакиров боюнча оюн уктук. 

-Пандемия дүйнөдөгү бир согуш. Тактап айтканда, вирустун адамзатка каршы болгон согушу. Ошондуктан ковид улутка, өлкөгө карабастан жалпы адамзатка сокку уруп, жабыркатып келүүдө. Бүгүнкү күнү пандемияга каршы чоң державалардан баштап, кичинекей мамлекеттерге чейин колунан келишинче аракет кылып, вакцина чыгаруунун үстүнөн иштеп жатышат. Бүткүл дүйнөдө пандемияны өткөрүү үчүн дүйнөлүк адамзаттын 70%ын же өлкө деңгээлинде калктын 70%ын камтый турган бир эмдөө системасы керек. Ошолордун бир “синофарм”. 

Чындыгында, мен “синофарм” жакшы, же башка вакцина жаман дегенден узакмын. Анткени ал бир мамлекет өзүнүн элин коргоо үчүн колунан келген ресурстарын колдонуп, билим адамдарына жардамчы болуп, эмдөө системасын чыгарышты. Ошондуктан кайсы гана учурда айтылып жаткан вакциналар болсун  дүйнөдөгү элдин 70%ын камтый турган вакцинаны колдоого алып, дүйнөлүк деңгээлде аракеттерди көрүү зарыл. Мен бул кадамды ДССУдан жана БУУдан күттүм эле, бирок тилекке каршы алар муну ооздуктап, бир калыпка салып, белгилүү эрежеге кое алышкан жок. Ошондуктан чоң державалардын ортосундагы күрөш, вакцинаны товар катары дүйнөлүк рынокто кабыл алуу, бирин-бири жамандоо системасы кетип жатат. 

Ал эми, ТИМдин кызматкери Бахтияр Шакиров боюнча айта турган болсом, менин оюмча бул такталбаган маалымат. Бирок, муну бир белгилүү бир өлкөгө каршы үндөө аракети катары баалоо туура эмес. Коомдо ар кандай пикирлер болушу мүмкүн. Айрыкча интернет доорунда кандайдыр бир окуялар боюнча күн сайын жакшы дагы, жаман дагы ой-пикирлер айтылып, таратылып жатат. Бирок ар бир өлкө өзүнүн мыйзамдарына ылайык ошол системаны алып келип, бүткүл эрежелерди сактап Республикалык штабдын чечиминин негизинде эмдөөлөргө мүмкүнчүлүк берилди деп ойлойм. 

Эки күн мурун болгон окуя туура эмес багытта кетип калды. Анткени муну бир коңшу мамлекеттин продукциясы катары кабыл алып, андай баалаган туура эмес. Бул жерде канча эмдөө ыкмасы болсо, “синофарм” ошолордун сапаттууларынын бири. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, ар бир дары-дармектин колдонуу инструкциясы болот. Адамдын организмине белгилүү бир деңгээлде кабыл алынган өлчөмгө реакциясы болуусу мүмкүн. Бирок ал реакцияларды каралап, чыгарган өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирүү туура эмес. Ошондуктан кайсы гана вакцина болбосун, маалыматтарды тактап, дайыма алдын-ала туура элге жеткизүү абзел. 

Айрыкча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эл менен тыгыз иштеп, ушундай маалыматтарга кечиктирбей, өз убагында жооп берсе туура болот деп ойлойм. Тилекке каршы пандемия дүйнөлүк деңгээлде чоң саясатка айланып, бир-бирин каралоо иштери дагы болууда. Азыркы тапта биригип, ынтымак ичинде адамзатты кантип сактоо керек деген максаттын алкагында иш алып баруу заман талабы.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)