WeChat      Избранное

2021-жылы Кыргызстандын коопсуздугуна болгон коркунучтар жана чакырыктар

13/03/2021  Источник:оригинал   шрифта:

2021-жылы Кыргызстандын коопсуздугуна болгон коркунучтар жана чакырыктар

Сүрөт интернеттен алынды

25-февраль күнү “Пикир” аймактык эксперттер клубунун онлайн талкуу аянтчасында “Коомдук-саясий процесстердин активдешүүсү менен Кыргызстандын коопсуздугуна болгон коркунучтар жана чакырыктар” аттуу онлайн-конференция болуп өттү. Бул иш-чара “Пикир” аймактык эксперттер клубу тарабынан “Альфа”  атайын күчтөрүнүн Ардагерлеринин Эл аралык Ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду. 

Иш-чаранын катышуучулары алдыдагы референдумдун Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүгө жана парламенттик шайлоонун республиканын коомдук-саясий процесстерине жана улуттук коопсуздугуна тийгизген таасирине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой 2021-жылдын биринчи жарымы Кыргызстан үчүн бир катар шайлоо процесстери менен коштолмокчу.  Январь айында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча добуш берүү өткөрүлдү. Ал эми конституциялык реформа жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун апрель айында өткөрүлүүсү күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болсо май айында болмокчу. 

Серепчилердин айтымында, бул саясий окуялар Кыргызстандагы ар кандай шайлоолор мамлекет үчүн дагы, коом үчүн дагы стресс болуп жаткандыгын эске алганда, белгилүү бир терс натыйжаларды дагы алып келиши мүмкүн.

Биринчиден, шайлоо процесстери мамлекеттик бюджетке карата ири финансылык чыгымдарды талап кылат, бул калк үчүн курч маселе. Экинчиден, саясий күрөш республикада жана региондо кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн деструктивдүү күчтөр колдоно турган күтүүсүз коомдук-саясий процесстерге алып келиши мүмкүн. Муну менен катар эле эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын коркунучтары Кыргызстан жана бүтүндөй Борбордук Азия үчүн дагы деле болсо актуалдуу экендигин унутпашыбыз керек.

“Пикир” клубунун эксперттери тарабынан Борбор Азия чөлкөмү жеке күчтөр тарабынан “Чоң  Жакынкы Чыгыш” долбооруна окшогон геосаясий схемаларды жүзөгө ашыруунун плацдармы катары болуп калышы мүмкүн экендиги бир нече жолу айтылып келген. Анда согушкерлер менен аскер кагылышууларынын натыйжасында аймакта толугу менен реформа жүргүзүлгөн.  Мына ушул процесстердин эпицентри дал ушул Кыргызстан болуп калышы толук ыктымал деген дагы коркунуч бар. 

Талкуунун күн тартибине 2021-жылы Кыргыз Республикасынын негизги коопсуздук коркунучтары жана чакырыктары, саясий тобокелдиктер жана Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий процесстерге тышкы таасирдин негизги факторлору, аймактагы коомдук-саясий процесстерди турукташтырууда "Борбордук Азия + Россия" форматындагы кызматташуунун ролу ж.б. маселелер кирди. 

Игорь Шестаков, серепчи: “Пандемия темасы коопсуздукка байланыштуу маселелерди көмүскөдө калтырды” 

- Бүгүнкү күндө биздин маалымат мейкиндигибиз шайлоо жана референдум сыяктуу саясий окуялар менен толтурулган, мурун пандемия медиа чөйрөсүндө негизги орунду ээлеп келген. Бул темалар коопсуздукка байланыштуу маселелерди көмүскөдө калтырды. 

Бирок бул эл аралык терроризмден жана диний экстремизмден келип чыккан чакырыктар жана коркунучтар жок болду дегенди билдирбейт. Алар сакталып кала берет жана ал тургай күчөйт. Карантиндик иш-чараларга карабастан, айрым террористтик же экстремисттик топтордун мүчөлөрү Кыргызстандын атайын кызматтары тарабынан кармалып жаткандыгына күбө болуудабыз. 

Муну менен катар эле, айрым чет мамлекеттердин республиканын ички саясий абалына таасир этүү аракеттерин, Кыргызстанда бийлик алмашканда, шайлоодон кийинки окуяларга дагы эки ача пикирде болгондугун көрдүк. Бүгүнкү күндө республиканын региондогу коңшулары, ошондой эле ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишим уюму) дагы стратегиялык өнөктөштөрү жана союздаштары Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды жакындан байкап турушат.

Кыргыз-орус кызматташтыгында коопсуздук маселелери эң орчундуу экендиги айдан ачык. Анткени экономикалык кызматташтык жогорулап же азайышы мүмкүн. Ал эми эки өлкөнүн кызматташтыгынын аралыгында коопсуздук темасы ар дайым башкы темалардын бири болуп келген. Ошондуктан, биздин президенттин Москвага болгон биринчи расмий иш сапарынын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын коопсуздук органдарынын өкүлдөрүнүн кошулушу бекеринен болгон жок деп ойлойм.

Юрий Погиба, “Альфа” атайын күчтөрүнүн Ардагерлеринин эл аралык Ассоциациясынын президенти: “Биз коопсуздук системабызды ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ менен биргеликте курушубуз керек”

- Учурдагы биздин кырдаал оңой эмес. Каршылаштарыбыз социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу биздин коопсуздуктун негизги элементтерине - атайын кызматтарга, армияга ж.б. чабуул коюшууда. Бул терең ойлонулган кадамдар менен жасалган деталдуу стратегиялык план. Ошондуктан биз коопсуздук системабызды ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ менен биргеликте курушубуз керек. 

Бүгүнкү күндө үчүнчү тараптар белгилүү мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн зыян келтирүүчү жана конкреттүү бир мамлекеттеги кырдаалды бузуучу гибриддик борбордуу согуштардын моделин колдонуп жатышат. Мында келечектеги согуш түрлөрүн курууга өбөлгө түзгөн негизги ички жана аймактык көйгөйлөр колдонулат. Биринчиси, моралдык же идеологиялык согуш, б.а. аны иш жүзүндө же потенциалдуу союздаштардан бөлүп, жеңишке жетүү үчүн душмандын эркин жок кылуу, ошондой эле анын баалуулуктары менен көз караштарынын тутумун бузуу. Экинчиси, психикалык согуш, мында каршылаш социалдык медиа, IT технологиялар ж.б. аркылуу тараган жалган матрицага салынган жалган маалыматка негизделген чындыкты кабыл алат. Ал эми үчүнчү элемент - ресурстарды физикалык жактан жок кылуу, аны кээде душмандын колу менен чет элдик адистердин сунушу менен ишке ашырышат.

Таалайбек Жумадылов, коопсуздук боюнча эксперт, УКМКнын ардагери: “Дүйнөнүн өзгөрүп жаткандыгын эске алуу менен, биз коопсуздуктун концепциясын кайра карап чыгуубуз абзел” 

-Ковидден кийин чындыгында дүйнө өзгөрүп, жаңы коркунучтар жана чакырыктар пайда болуп жаткандыгы белгилүү. Жаңы дүйнөлүк тартипте, эски глобалдык коркунучтардын бардыгы, мисалы, эл аралык терроризм, диний экстремизм, трансулуттук кылмыштуулук ж.б. боло бермекчи. Бирок алар менен катар эле, бир катар тирешүүлөр пайда болуп, ар тарап өз кызыкчылыгы үчүн кыймыл-аракеттерди көрө бермекчи. 

Дүйнөнүн өзгөрүп жаткандыгын эске алуу менен, биз коопсуздуктун концепциясын кайра карап чыгуубуз абзел. Аскердик-саясий жана коргонуу чөйрөсүндө, экономикалык, каржылык, насыя, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө, жана баарынан мурда, биздин жарандардын ден-соолугунун жана жыргалчылыгынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү коркунучтарды эске алуу менен шашылыш түрдө жаңы, түшүнүктүү жана актуалдуу концепцияны кабыл алуу зарыл. Муну менен катар эле, үчүнчү ковиддик толкундун башталышы менен эмне кылаарыбызды дагы ойлонушубуз керек.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)