WeChat      Избранное

Синофарм – Кытай вакцинасы Кыргызстанга алгачкылардан болуп жардамга келди

27/03/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Синофарм – Кытай вакцинасы Кыргызстанга алгачкылардан болуп жардамга келди

Сүрөттөр редакцияга таандык

19-март күнү Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынан эң алгачкы COVID-19га каршы 150 миң доза вакцина алынып келинди. Аны тапшыруу аземи Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунун “Манас-2” имаратында болуп өттү. Иш-чарага КРдин Премьер-министри Улукбек Марипов, КЭРдин Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү катышышты. 

Кыргызстандын өкмөтүнүн башчысы белгилегендей, Кытай дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн арасында вируска каршы вакцинаны иштеп чыгууда олуттуу ийгиликтерге жетишти.

“Бүгүнкү күндө Кытайда жасалган бир нече вакциналар дүйнө жүзүнө кеңири белгилүү болуп, алтымыштан ашуун өлкөлөр калкты эмдөөдө ийгиликтүү колдоно баштагандыгын белгилей кетүү маанилүү”, - деди премьер-министр Улукбек Марипов.

Ал эми КЭРдин Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым “Кытайда вакциналарга ички суроо-талап чоң болгондо, өкмөттүн кыргыз тарапка акысыз жардам берүү чечими Кытайдын кыргыз өкмөтү менен болгон достук мамилесин чагылдырат", - деп билдирди. 

Анын айтымында, вакциналар коронавирус менен каршы күрөшүүдө эң күчтүү курал болуп саналат. Кытай эң алгачкылардан болуп буга каршы вакцинаны иштеп чыга алды. 

Кытай биринчи болуп бул вакцинаны бүтүндөй дүйнөнүн элдерине жеткиликтүү кылууну убада берген. Бул багытта ондон ашык мамлекеттер менен биргеликте иш жүргүзүп, учурда кытай вакцинасын дүйнөнүн 60тан ашуун мамлекети ийгиликтүү колдонууда. КЭР Төрагасы Си Цзиньпин айткандай: “Тилектештик жана кызматташтык - бул пандемияга каршы күрөштөгү эң күчтүү курал”, - деди элчи.

Кыргызстан эли үчүн ушундай маанилүү вакцинаны алууда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин ролун белгилей кетүү керек. Ду Дэвэнь айым Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда дагы ушул багытта сөз болгондугун билдирди. 

Дипломатиялык өкүлчүлүк вакцинаны жеткирүүдө техникалык жүзөгө ашыруу маселесине туш болгондугуна токтолуп кетишти. Анткени вакцинанын импорту татаал процедурага ээ. Мисалы, аны Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берүүнү чечүү, документтик бөлүгү бүткөндөн кийин, аны жеткирүү маселеси дагы келип чыккан. Ошондо Кытай тарап China Road and Bridge Corporation корпорациясы менен макулдашып,  алардын учагы аркылуу алынып келингендиги белгилүү болду. 

Мындан тышкары, Ду Дэвэнь айым биздин гезитке билдиргендей, вакцинанын кошумча көлөмүн алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин өтүнүчү боюнча, Кытай тарап кыргыз тараптын өтүнүчүн кароого даяр.

Кыргызстандагы эмдөө маселесине келсек, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматованын айтымында, Кыргызстанда буга чейин COVID-19га каршы Улуттук эмдөө планы иштелип чыккан. Ага ылайык эмдөө үч этапта болуп, жыл аягына чейин уланат.

“Биринчи этап медициналык кызматкерлерди, чек арачыларды, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, социалдык кызматкерлерди камтыйт”, - деди Айнура Акматова.

Процедуранын өзүн поликлиникалардан, жеке медициналык мекемелерден (акы төлөнүүчү негизде), ошондой эле атайын мобилдик медициналык топтордон алууга болот. Вакцинация ыктыярдуу түрдө гана жүргүзүлөт. 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин брифингде айткандай, өлкө жамааттык эмдөөнүн 70 пайызына жетүү үчүн 3,5-4 миллион доза коронавирус вакцинасына муктаж.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)