WeChat      Избранное

Кыргызстан аялдар Конгресси – айымдардын күч-кубаты, колдоочусу жана жакшы жашоого көмөкчү болгон устаты

13/03/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстан аялдар Конгресси – айымдардын күч-кубаты, колдоочусу жана жакшы жашоого көмөкчү болгон устаты

Сүрөттөр Кыргызстан аялдар Конгрессине таандык

Жаз мезгилинин кирип келиши менен Кыргызстан аялдар Конгресси айымдарды жаркыраган жаз майрамы менен куттуктады. Тактап айтканда 1-март күнү Бүткүл дүйнөлүк аялзатынын эл аралык майрамына карата Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында салтка айланып калган майрамдык концертин тартуулады. 

Иш-чарада өлкөнүн жети дубанынан келген көп балалуу энелер, эмгек сиңирген мугалимдер, дарыгерлер, ишкер айымдар жана аялдар кыймылынын ардагерлерине “Жылдын мыкты айымы”, “Өрнөктүү эне” жана эл аралык деңгээлдеги “Лидер айым” медалдары тапшырылды. 

Жаңыдан гана жарык көргөн “Кыргызстандын айымдары” энциклопедиясын дагы тапшыруу аземи болуп өттү.  Бул энциклопедияда өз эмгеги менен баар таап, Кыргызстанга кызматы менен үлгү болгон 333 аялзатынын басып өткөн жолу, тарыхы жана тажрыйбалары тууралуу маалымат берилди. 

Ага жеке кыргыз айымдарынын өмүр баяндары киргизилбестен, Кыргызстан аялдарынын өнөктөштөрү жана алар менен бирге иш жүргүзгөн чет өлкөлүк айымдар дагы кирген. Мисалы: КЭРдин КРдагы элчиси Ду Дэвэнь, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жубайы - Гарретт Вероника, Ирандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жубайы - Харази Захра (Ядгари), Кыргызстандагы Түштүк Корея ассоцияциясынын вице-президенти - Седжонг Хакданг борборунун директорунун орун басары, Кыргызстан аялдар Конгрессинин ардактуу мүчөсү – Хванг Боксун ж.б.

Салтанаттуу кечени Кыргызстан аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева куттуктоо сөзү менен ачып берди. Майрамды улай Бишкек шаарынын вице мэри Ырсалиев Жамалбек Самарбекович, Тышкы иштер министирлигинин өкүлү Мамасадыков Эмил Мамасадыкович, Кытай Эл Республикасынын  Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым, Россия кызматташтык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нефёдов Виктор Леонидович, Сауд Аравиясынын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума, Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаррет, Афганистандын элчиси Бисмеллах Вазири жалпы аялзатын кирип келе жаткан майрамы менен куттуктап, жылуу сөздөрүн арнашты.

Муну менен эле катар, сыйлуу меймандардын катарын Өзбекстандын элчиси Мирзахидов Хуршид, Белорусия элчилигинин өкүлү Кисликова Натали, Таджикистандын элчилигинин өкүлү Холмурудова Зарина, ACTED уюмунун жетекчиси Питер Ормель, ТIKA уюмунун жетекчиси Осман Уста ж.б. толукташты. Зал ичи өлкөбүздүн мыкты айымдарына, баатыр энелерге, ишкер айымдарга дагы толуп, бардыгы жаздын биринчи күнүндө мыкты маанай тартуулаган концертке күбө болушту.  

Замира Акбагышева, Кыргызстан аялдар Конгрессинин төрайымы: “Бир айымга жардам берсек, анда биз бир үй-бүлөгө жардам берип жаткандыгыбыз шексиз”

-Мен Кыргызстан аялдар Конгрессинин атынан бардык сүйүктүү айымдарыбызды чын жүрөктөн Эл аралык аялдар күнү менен куттуктайм. Бүгүн бардыгыңыздарга өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн кылган зор эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирмекчимин. Урматтуу айымдар, жакшылыктын символу болгон жаз айынын биринчи күнү мээримиңер жүрөккө толгон, көзүңөрдө сүйүү оту болгон жылдыздуу инсандар менен сиздер  жолугушуп отурганыма абдан кубанычтамын. 

Быйыл Кыргызстан аялдар Конгрессине 28 жыл толмокчу. Мына ушул жылдар аралыгы биз 78 долбоорду жүзөгө ашырдык. Өлкөбүздүн жарым миллионго чукул айымдарын өзүбүздүн катарга кошуп, ийгиликтүү иштешип келүүдөбүз. Конгресстин 7 филиалы, 42 райондук жана шаардык, 56 айылдык бөлүмдөрү бар.

Кыргызстан аялдар Конгресси – айымдардын күч-кубаты, колдоочусу жана жакшы жашоого көмөкчү болгон устаты

 Эгерде биз бир айымга жардам берсек, анда биз бир үй-бүлөгө жардам берип жаткандыгыбыз шексиз. Учурда Кыргызстан аялдар Конгрессинин атынан элдерге атайын чакан жана орто бизнес ачуу үчүн гранттарды берүүгө жетиштик. Жаңы жумуш орундарын түзүп жатабыз. Бардык кылган кызматыбыз айымдарыбыздын өнүгүүсүнө, билим алуусуна, өз жашоо-шартын оңдоосуна арналат. Ушул 28 жылдан бери биздин жетишкен ийгиликтердин башында айымдар турат. 

Урматтуу айымдар сиздер бар үй-бүлө бар, сиздер бар үчүн Кыргызстан бар, улут бар. Бардыгыңыздарды кирип келе жаткан жаз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. 

Мамасадыков Эмил, КР ТИМдин өкүлү: “Өлкөбүздө жүрүп жаткан социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык процесстердеги аялдардын ээлеген ролу абдан олуттуу”

-Биздин сүйүктүү айымдар сиздерди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атынан кирип келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. 

Жарандык коомдун өнүгүү процесси андагы аялдардын ролунун өзгөрүүсүнө алып келгендигине күбө болуп турабыз. Аялзаты мамлекеттин саясий-социалдык турмушуна күндөн-күнгө жигердүү катышып, үй-бүлөдө гана эмес, өз кесибинде дагы ийгиликке жетишүүгө умтулууда. 

Кыргыз Республикасынын аялдар Конгресси 28 жылдан бери демократиялык-укуктук мамлекетти куруудагы аялдардын ролун күчөтүү, өлкөбүздүн коомдук-саясий процесстерине алардын жигердүү катышуусуна көмөктөшүү иштерин ийгиликтүү жүргүзүп келе жатат. Өлкөбүздө жүрүп жаткан социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык процесстердеги аялдардын ээлеген ролу абдан олуттуу. Биздин мамлекет эркектер менен аялдарда тең укуктарды камсыздап окууда, кесипте, саясий жана коомдук ишмердикте ийгиликтерге жетүү үчүн бирдей шарттарды түзөт. Кыргызстандык аялдардын спорттогу, илимде, саясаттагы жетишкендиктери аны далилдеп турат. 

Урматтуу айымдар ушул майрам күнү асыл ойлордун, каалоо-тилектердин жана ыраазычылык сөздөрдүн бардыгы кымбаттуу биздин энекелер, эже-карындаштар сиздерге арналат. Ар дайым жүзүңүздөрдө жылмаюу, жүрөгүңүздөрдө сүйүү, жан дүйнөңүздөрдө аруу сезим болсун. Жашооңуз жаркын маанайга, үйүңүздөр берекеге толсун!

Жамалбек Ырсалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри: “Аялзаты дүйнөнү сактап турат” 

-Урматтуу апалар, эже-карындаштар бардыгыңыздарды жаз майрамыңыздар менен Бишкек шаарынын мэриясынын, мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун атынан чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздер үчүн жылдын 365 күнүн майрам кылып койсо дагы аздык кылат. Сиздер бар биз барбыз. 

“Бейиш энелердин таман алдында” деген кыргызда жакшы сөз бар. Сиздердин басып жүргөн жериңиздер бейиш болсо, биз сиздердин таманыңыздардан өпсөк дагы  жетишсиз. Аялзаты дүйнөнү сактап тураары шексиз. Бардыгыңыздарды дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. 

Кыргызстан аялдар Конгресси – айымдардын күч-кубаты, колдоочусу жана жакшы жашоого көмөкчү болгон устаты

Ду Дэвэнь, КЭРдин КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси: “Аялзаты адамзат цивилизациясынын жаратуучусу жана өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү”

-Урматтуу Кыргызстан аялдар Конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева, урматтуу бүгүнкү майрамдык иш-чаранын катышуучулары мен бүгүн ушул салтанаттуу кечеде катышып жаткандыгым үчүн, дагы бир жолу сиздер менен дал ушул жерде биздин майрамды куттуктоо үчүн чогулганыбызга абдан кубанычтамын. Былтыр бул күндү мыкты маанайда, эң жакшы деңгээлде белгилегенибиз эсимде. 

КЭРдин Кыргызстанды элчилигинин жана өзүмдүн жеке атымдан бардыгыңыздарды аялзатынын эң сонун майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. 8-март бул жазгы майрам. Ал ар дайым түркүн-түстүү гүлдөргө, жагымдуу жылмаюуларга, кубанычтуу маанайга толо болот. 

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырза “Аялзаты адамзат цивилизациясынын жаратуучусу жана өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү” деп айтканы бар. Кытай жергесинде коронавируска болгон каршы күрөштө аялзатынын ролу өзгөчө айырмаланды. Дарыгерлердин жарымы аялзаты болсо, ал эми 90%ы медайымдар болду. Кытай аялдары жан аябастык менен өз элинин ден соолугун жана өмүрүн коргоп жатышты.  Алар жалпы коомдун урмат-сыйына татыктуу болушту. Биз кыргызстандык айымдар дагы коронавирус дартына каршы күрөштө негизги күч болгондугун билебиз. Биз эки өлкөнүн айымдары менен абдан сыймыктанабыз. 

Кыргызстан менен Кытайдын айымдары ар дайым бир-бирин колдоп, өз ара жардамдарын аябай келишет. Бүткүл Кытай аялдар Федерациясы дагы Кыргызстандын аялдар Конгресси менен тыгыз кызматташтык байланышта. Бүткүл Кытай аялдар Федерациясынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга болгон иш сапарынан кийин КЭРдин КРдагы элчилигин колдоосунун алдында Кыргызстан аялдар Конгрессинин жумушчу тобу конгресстин төрайымы Замира Акбагышеванын жетекчилиги алдында Кытайга ийгиликтүү иш сапарында болуп кайтышты. 

Өткөн жылдын ноябрь айында элчиликте Бүткүл Кытай аялдар Федерациясы менен Кыргызстан аялдар Конгрессинин ортосундагы келишимге ылайык келген тигүүчү машиналарды салтанаттуу түрдө өткөрүп бердик. Муну менен катар эле, элчилик тарабынан акысыз тигүү курстарын ачуу үчүн акчалай жардам көрсөтүлдү. Биз аталган окуу курстары Кыргызстандык айымдарга квалификациясын жогорулатууга, жаңы кызмат орундары менен камсыз кылууга жакшы жардам көрсөтөт деп чын жүрөктөн ишенебиз. 

Кыргызстан менен Кытай ишенимдүү өнөктөш жана жакшы коңшулардан болуп келет. Эки мамлекетте тең “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” деп айтышат. Биз жеке гана коронавируска каршы күрөштө тыгыз алакада болбостон, экономикалык өнүгүүнү колдоодо дагы жакындан кызматташып келебиз. 

Кытай тарап пандемия шарттарында дагы “Бир алкак-бир жол” демилгесин бирге куруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди токтотпостон, жүзөгө ашырып келди. Мисалы, “Түндүк-түштүк” унаа жолу, Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоп-түздөө ж.б. Кытай ишканалары пандемия учурунда эң чоң көйгөйлөрдү башынан өткөрсө дагы, өз ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Бул кадам дагы жергиликтүү элдин жумуш ордун сактап калууга жана өлкөнүн экономикасын турукташтырууга көмөкчү боло алды. 

Бир жума мурун эки тараптын өлкө башчылары телефон аркылуу баарлашышты. Алар Кытай менен Кыргызстандын достук алакасына жана ар тараптуу кызматташтык мамилелерине жогорку баа беришти. Жана дагы алдыда достукту бекемдөө менен өз ара пайдалуу кызматташтык байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн биргеликте аракеттерди жасай тургандыктарын билдиришти. Биз кыргызстандык жана кытайлык айымдар дагы бул кызматташтык алакаларга өз салымдарын кошо тургандыктарына ишенебиз. 

Сөзүмдүн соңунда дагы бир жолу баарыңыздарды жаз майрамыңыздар менен куттуктайм. Чың ден соолук, бакыт жана ийгилик каалайм. Майрамыңыздар кут болсун!

Абдурахман бинь Саид аль Жума, Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси: “Кыргызстан айымдары мамлекеттин өнүгүүсүнө дагы чоң салымын кошуп келишет”

-Мен жыл сайын бул майрам күнүн сиздер менен бирге тосом. Быйыл дагы жаркыраган март айындагы эл аралык Аялдар майрамын бирге белгилеп жаткандыгыма чоң кубанычтамын. Өзүмдүн мамлекетимдин элчиси катары Кыргызстанда эмгектенип жаткандыгыма быйыл жети жылдан ашты. Биринчи келген күнүмдөн баштап бул жердеги айымдардын иш-аракеттерин байкап, алар жеке гана саясий же коомдук иштерде эмес, кайрымдуулук иштеринде дагы ири ийгиликтерди жаратып келе жаткандыгына күбө болуп келүүдөмүн. 

Кыргызстан айымдары мамлекеттин өнүгүүсүнө дагы чоң салымын кошуп келишет. Бардыгыбызга маалым болгондой айымдар бар, өнүгүү бар. Андыктан, өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүндө айымдардын ролу зор. Биз Кыргызстан аялдар Конгресси менен ар дайым тыгыз кызматташтык мамиледе болуп, бардык иш-чараларына катышып келебиз. Алдыда дагы, кызматташтык алакабыз үзүлбөй бекем болот деп ишенем. 

Сөзүмдүн аягында бардык кыргызстандык айымдарды чын жүрөгүмдөн майрамы менен куттуктайм. Муну менен катар эле Кыргызстанга дагы өнүгүп-өсүүнү каалайм. Жаңы кадамдар ийгилик менен коштолсун!

Кыргызстан аялдар Конгресси – айымдардын күч-кубаты, колдоочусу жана жакшы жашоого көмөкчү болгон устаты

Чарльз Гаррет, Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси: “Конгресстин аялдардын тең укуктуулугун коргоп, аларды колдоо жаатында алып барып жаткан ишмердүүлүгү мактоого татырлык” 

-Урматтуу, сүйүктүү айымдар сиздерди кирип келе жаткан жаз майрамыңыздар менен куттуктайм. Алгач бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучуларына Кыргызстан аялдар Конгрессине терең ыраазычылык билдирем. 

Бул уюмдун аялдардын тең укуктуулугун коргоп, аларды колдоо жаатында алып барып жаткан ишмердүүлүгү мактоого татырлык. Улуу Британия элчилиги дагы ушул багытта жигердүү иш-аракеттерди жүргүзүп келүүдө. Өткөн айда өнөктөштөрүбүз менен биргеликте жашоосунда кыйынчылыкка кабылган айымдар үчүн атайын ыкчам кабыл алуу телефон линиясы ачылды. Биз Улуу Британиянын өкмөтү гендердик тең укуктуулук жаатында иштөөнү уланта бермекчибиз. Бул биздин эки тараптуу кызматташуу алакабыздын негизги багыттарынын бири. 

Дагы бир жолу жалпыңыздарды кирип келе жаткан майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бар болуңуздар, ден соолукта болуңуздар. 

“Кыргызстан айымдары” энциклопедиясы – улуу айымдардын улуу тарыхы 

Кыргызстан аялдар Конгрессинин “Кыргызстан айымдары” энциклопедиясынын башкы каармандары – күнөстүү Ала-Тоо жергесиндеги калдайган калайык-калкыбызга ак эмгеги, каржалбаган кайраты менен Ата журтка ак пейилден кызмат кылган, азыркыдай кыйчалыш заманга карабай, эр-азаматтардан кем калышпай өздөрүнүн тунук акылы, зиректиги, эр жүрөктүүлүгү, ажайып сулуулугу, талыкпас таланттары менен тамшандырган асылзаадалары. Кайсыл гана заманга көз чаптырып карабайлы Эл чарбасынын бардык тармактарында негизги кыймылдаткыч күчтүн бири – аялзаттары экени тарых барактарында ташка тамга баскандай жазылып да, айтылып да келе жатканы маалым.

Ушундай Мекен тагдырына кайдыгер карабаган, мезгилдин олуттуу маселелерине тике карап, жалтанбаган аялдардын каймактарын көрүп, алардын үй-бүлөлүк таржымалдары менен жакындан тааныша аласыздар. Өз эмгеги менен баар тапкан 333 аял, Кыргызстанга кызматы менен үлгү болгон 333 аялзатынын тарыхы окуган кишиге өзгөчө таасир калтырат.

Энциклопедиянын автору Кыргызстан аялдар Конгрессинин президенти, коомдук ишмер Замира Акбагышева эл аралык жана республикалык гендердик саясат боюнча теориялык жана көп жылдык тажрыйбасы аркылуу 333 аялдын тарыхын тартуулаган – республикалык, облустук, райондук жана айылдык деңгээлдеги ар кандай тармактарда эмгектенген аялдардын образын чагылдырып, энциклопедиянын акактай аруу беттерине түшүрдү. 

Энциклопедиянын эң улуу курактагы татыктуу каарманы бул Кыргызстан аялдар Конгрессинин “Өрнөктүү эне” медалынын кавалери, Ала-Бука районунан - Эгемова Ажар апа болду. Ал быйыл 107 жашка чыкты. Алты баланын апасы, 55 небере, 95 чебере, 7 кыбыранын бактылуу энеси. Колхоздун төрт жүз улагын багып, тыбыт алып, төл алып, ишке жарабаган балдарды багып, турмушту оңдогонго аракет кылган. 1970-жылдан кийин тамеки, мал экөөнү тең алып иштетип, мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. 

Тарых океандын түбүндө катылган бермет сыяктуу көрүнсө, ушул энциклопедиядагы аялзаттары дагы элдин калың катмарында катылып жаткан асыл таш өңдүү туюлат. Бул асыл ташка окшогон асылзаада айымдарды таап чыккан Кыргызстан аялдар Конгрессинин чоң эмгеги деп айтсак болот.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)