WeChat      Избранное

Ат-Башылык жөө күлүк Оболбек Осмонбеков дагы бир бийиктикти багынтуу үчүн даярдык көрүүдө

23/03/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Ат-Башылык жөө күлүк Оболбек Осмонбеков дагы бир бийиктикти багынтуу үчүн даярдык көрүүдө

Сүрөт интернеттен алынды

Ат-Башылык жөө күлүк Оболбек Осмонбеков дагы бир бийиктикти багынтуу үчүн даярдык көрүүдө. Бул сапар спортчу борбор шаарыбыз Бишкектен Ош шаарына чейин чуркап өтүүнү пландаштырууда. Аралык 650 кмден ашык. 

Эске сала кетсек, Оболбек Осмонбеков 2020-жылдын июнь айында беш жарым күндө, 82 саат аралыгында өзүнүн туулган жери Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынан баштап Бишкек шаарына чейин жүгүрүп келген. 

Оболбек Осмонбеков: “Бала кезден бери алыскы жактарга чуркасамбы деген кыялым бар болчу. Ошондуктан бул спорт тармагына кызыгып, өз алдымча машыгып келем. Былтыр Бишкек шаарына жүгүрүп келгенден кийин, интервью маалында ушул ордолуу Ош шаарына чейин чуркап өтүүнү максат кылганымды айтып өттүм эле. Ошондуктан бул сапарым Ош шаарын көздөй болмокчу. Негизи 2020-жылдын күз айларында эле түштүктүн борборуна чыгууну ойлонгонбуз. Бирок белгилүү бир себептерден улам ал марафон токтоп калган. Эми, буюрса 25-март күнү саат 10до Бишкектен Ош шаарына чуркап өтүү үчүн старт болот.  

“Спорт – ден соолуктун булагы” деп бекеринен айтылган эмес. Спорт менен машыгуу ар дайым адамга кошумча күч-кубат, дем берип, сергек жашоого үндөйт эмеспи. Азыркы тапта, интернет заманы болуп, кичинеден-чоңуна чейин телефондон чыкпай калган заман болбодубу. Ошондуктан мен ушундай кадамдарым менен жаштарды спортко үндөгүм келет. Чың ден соолукта болуу үчүн спорт менен машыгуу зарыл. Бул марафондорум жаңы өсүп келе жаткан муунга үлгү болуусун каалайт элем. Учурдан пайдаланып бардыгыңыздарды спорт менен машыгууга чакырам”- деген оюн билдирди. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)