WeChat      Избранное

Петроглифтер - өтмүш издери... адамзаттын тарыхый-маданият эстелиги

25/02/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Петроглифтер - өтмүш издери... адамзаттын тарыхый-маданият эстелиги

Сүрөттөр редакцияга таандык

Бардыгыбызга белгилүү болгондой Кыргызстан ажайып жайларга бай. Кол менен жасап койгондой кооз табияты, шаркырап аккан таптаза суулары, чокусу көк тиреген аска-тоолору сырттан келген зыяратчыларды кайдыгер калтырбайт. Мына ушундай сулуулук менен катар эле мекенибиздин аймагы тарыхый жерлери, археологиялык баалуулуктары менен дагы сыймыктана алат. 

Адистердин айтымында Кыргызстандын ичинде тарыхый баалуу аймактар абдан көп. Илимге белгилүү болгону азырынча 583 деп катталган. Ал эми окумуштууларга белгисиз болгон канча жер жатат. Бүгүн биз Кыргызстандагы ташка чегилген байыркы баалуу көркөм сүрөт мурастары - петроглифтер жөнүндө сөз кылууну чечтик. Алар Кыргызстандын байыркы калкынын өз жазмасы пайда болгонго чейинки социалдык-экономикалык, маданий турмушун жана дүйнө таанымын изилдөөдө маанилүү булак болуп саналат. 

Аска таштардагы сүрөттөр аркылуу биз адамдардын нечен кылымдардан берки жашоо тажрыйбасын изилдеп, үйрөнө алабыз. Келечекте бул баалуулуктар кийинки муунга дагы мурас катары калмакчы. Мындан тышкары петроглифтер байыркы сүрөт искусствосунун уникалдуу үлгүлөрүнүн баалуу эстелиги болуп эсептелет. Мына ушундай тарыхый маданият эстелиги- петроглифтерди окуп үйрөнүү аркылуу ар тараптуу маалыматтарды алууга болот. Өткөн муундар түзгөн тарыхый баалуулуктарды үйрөнүү жана укум-тукум үчүн сактап калуу маанилүү милдеттердин бири.

Петроглифтерди Кыргызстандын бардык жерлериненен: тар капчыгайлардан, өрөөндөрдөн, тоо этектеринен жана бийик тоолордон көрүүгө болот. Аска таштарга сүрөт чегүү мындан бир нече миң жыл илгери башталып, байыркы жана кийинки доорлордо дагы уланган.

Адистердин айтымында, петроглифтер республиканын бардык аймактарында бар. Мисалы, Өзбекстан менен чектеш Сүрөттүү-Таш айылында б.з.ч. II кылымга таандык күлүк жылкылары менен атагы чыккан Даван мамлекетинин аттары таштарга чегип түшүрүлгөн. Бул ошол кезинде кытай империясы суктанган Даван өлкөсү тууралуу кенен маалыматты камтып турган ачык асман алдындагы документтер десек болот. Ушул эле доорго таандык саймалы таштар Араванда, Ноокат районунда да бар. Алайдын Үч-Дөбө айылынан чыгып келаткан талаадагы петроглифтер али толук иликтене элек. 

Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунда Тору-Айгыр айылынан тарта Чолпон-Ата шаарына чейин бүтүндөй эле петроглифтердин мекени десек болот. Таласта Манас ордонун ичинде жана Жалтырак-Таш деген жерде түрк дооруна таандык уникалдуу петроглифтер жатат. Дүйнөнү таң калтырып, жылына бир ай гана көрүүгө мүмкүн болгон, деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр бийиктикте жайгашкан Тогуз-Тородогу саймалы таштар коло дооруна таандык болуп саналат. 

42 гектарды ээлеген жерде кыргыздардын баа жеткис маданий мурастары сакталат

Петроглифтер - өтмүш издери... адамзаттын тарыхый-маданият эстелиги

 Мен өзүм тарыхчы катары ар дайым петроглифтерге кызыгып келем. Ошондуктан Чолпон-Ата шаарында жайгашкан петроглифтерди атайын барып кыдырдым. Чындыгын айтканда, “Петроглифтер музейи” аталган аймактын илимий мааниси абдан зор.  42 гектарды ээлеген жерде кыргыздардын баа жеткис маданий мурастары сакталган. Алардын ичинен өзгөчө кызыктыруучу экспонаты аскага тартылган сүрөттөр. Бул сүрөттөр 2—3 миң жыл илгери тартылган болсо да тарткан сүрөтчүлөрдүн таланты таң калтырат, алар аңчылык учурун, тиричиликти чагылдырган сүрөттөрдү абдан таасын беришкен.

Бул жерде биздин заманга чейин 7-к.—б. з. 6-кылымда жашаган алгачкы көчмөндөр - сактар менен усундардын коргондору, ошондой эле 10—13-кылымдын таш короолору музейдин экспонаттарынын кызыктуу тобун түзөт. Сүрөттөр таштын же асканын бетине таш же темир куралдар менен чегилген. 1993-жылдын 1-январына карата музейде 3 миңдей экспонаты болгон. Ал азыркы учурда жаңыланып, толукталып жатат. Музейдин жаңы экспозициясы Ысык-Көлдүк кыргыздардын байыркы тиричилигин, үрп-адатын, жашоо шартын чагылдырат.

Тоо-таштардагы сүрөттөр — бул эң байыркы, дүйнөлүк маданияттын башкы этаптарынын бири. Ташка чегилген сүрөттөрдө же болбосо петроглифтерде адамдардын, жаныбарлардын сүрөттөрү жана ар кандай белгилер аркылуу адам баласы өзүнүн дүйнө жөнүндөгү идеяларын өмүр, өлүм проблемаларын, ар кандай кубулуштардын бирдиктүүлүгүн чагылдырган. Кээ бир петроглифтердин өлчөмү 1 метрден жогору, мындайлар дүйнө жүзүндө сейрек учурайт.

Чолпон-Ата шаарындагы саймалуу таштар Кыргызстандын гана тарыхы жана маданияты боюнча маанилүү булак болбостон, бүткүл дүйнөлүк мурас болуп эсептелинет. Саймалуу таштар Ысык-Көл районунун Кара-Ой, Өрнөк,Чок-Тал айылдарында да кездешет. Ошондуктан, Ысык-Көл аймагына келген туристтер сөзсүз түрдө петроглифтер музейине дагы баш багышат. 

Чындыгын айтканда, петроглифтер музейине толук кандуу көңүл буруп, анын баалуулугун жаш муундарга түшүндүрүп берүү заман талабы болуп тургандай. Тарыхый мааниге ээ саймалуу таштар толгон өрөөн көзгө өзгөчө көрүнгөнү менен, колдоого, сактоого муктаж болуп тургандыгы сезилип турат. 

Александр Артемьев, турист: “Ар бир таштан тарыхтын бир үзүмүн көрүүгө болот” 

Петроглифтер - өтмүш издери... адамзаттын тарыхый-маданият эстелиги

-Менин оюмча, Кыргызстанга келген ар бир турист петроглифтер музейин сөзсүз көрүшү керек. Советтер Союзу мезгилинде деле Кыргызстан Ысык-Көлү жана тарыхый жерлери менен бардыгыбызга белгилүү болчу. Мен эки жылда бир ушул кыш мезгилинде дарылануу үчүн Ысык-Көлгө үй-бүлөм менен келип турам. Өзүм Россиянын жаранымын. 

Ар бир келген сайын бул петроглифтер аймагына келип, кыдырып кетем. Мага эмнегедир бул жер өзгөчө маанай тартуулайт. Ар бир таштан тарыхтын бир үзүмүн көрүүгө болот. Алардын көпчүлүгү абдан жакшы каралат. Тилекке каршы, бул тарыхый мураска каражат жетишсиз болуп жатканы өкүндүрөт. Себеби, ар бир келген сайын мага таштардагы сүрөттөр өз сапатын жоготуп бара жаткандай сезилет. Бирок баары бир, аны сактап, изилдөө иштерин улантып жаткан камкор адамдарга рахмат.

Жаңылай Канатбекова, турист: “Ысык-Көлдөн кийинки эле Чолпон-Атадагы эң мыкты жер” 

-Бизди аймактын кооздугу жана түздүктөгү таштардын саны таң калтырды! Байыркы чиймелерди карап жүрүп 3 сааттан ашык убакыт кетирдик. Жолдо жүрүп, тээ алыстан көрүнгөн тоолорго, көлгө суктандык. Чындыгында, петроглифтер музейиндеги белгилердин бардыгы эле сакталып калбай, эскирип кеткени өкүнүчтүү. Бирок бул дагы саймалуу таштардан алган жалпы позитивдүү таасирди буза алган жок. Бул музей бизди абдан суктандырды. Ал Ысык-Көлдөн кийинки эле Чолпон-Атадагы эң мыкты жер десем жаңылышпайм.  

Орто Азия петроглифтерге абдан бай 

Орто Азияда ар түрдүү доорлордо жашаган элдер өз баштарынан өткөргөн окуяларын сүрөткө айлантып, петроглифтерди жаратышкан. Петроглифтер тарыхый окуяларды жакшылап түшүнүүбүзгө жардам берген визиуалдык булак болуп эсептелет. Байыркы адамдар өздөрүнүн сезимдерин жана ой-пикирлерин аска-таш беттеринде чагылдырышкан. Ошондуктан Орто Азиянын байыркы элдеринин тарыхый өсүп-өнүгүшү менен жашоо образынын ортосунда чоң байланыш бар.

Орто Азиядагы петроглифтер боюнча изилдөөлөр эң алгачкы жолу XIX кылымда башталган. Бул жаатта бир нече изилдөөлөрдүн жүргүзүлгөндүгүнө карабастан Я.А.Шер, Хлудов, Помаскина, Ташбаева, Худжаназаров, Рогожинский, Мартынов, Солтобаев, Жолдошов, К.Ш.Табалдиев жана Ю.В.Худяковдун эмгектери эң белгилүү изилдөөлөрдүн катарын толуктайт.

Бул петроглифтер аркылуу биз Орто Азиянын байыркы калкынын салттык маданияты, диний ишенимдери боюнча иликтөө жасап, социалдык жашоосу тууралуу дагы маалыматтарды ала алабыз. Адамдар күнүмдүк жашоосу менен байланышта болгон нерселерин аска бетине тартышкандыктары белгилүү. Бул сценалардан улам байыркы адамдар жөнүндө толук маалыматтарды алууга болот.

Петроглифтердеги жаныбарлардын сүрөттөрүнөн улам ал доордо кайсы жаныбарлардын жашагандыгы, алардын ошол доордогу  адамдарынын жашоосундагы ээлеген орду жана ролу боюнча ой-пикир жаратууга да мүмкүн. Мисалы, кийик, бугу, ит, куш, ат, карышкыр, жолборс ж.б. жаныбарлардын сүрөттөрүнүн болушу бизге ошол коомдун мал чарбачылыгы жана аңчылык менен алектенгендигине байланыштуу ой-пикирлерди берип жатат. Мунун менен кошо петроглиф композицияларында жалпысынан аңчылык, диний жөрөлгөлөр жана мифологиялык элементтердин орун алгандыгын көрөбүз.

Орто Азия петроглифтерге абдан бай. Ар бир аймак өзүнүн уникалдуу өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Ошондуктан бул ата мурасынын жоголуп кетүүсүнүн алдын алуу, аларды сактоо боюнча көйгөйлөрдү чечүү учур талабы. 




(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)