WeChat      Избранное

Окуучулар арасында Республикалык олимпиаданын экинчи этабы өтөт

23/02/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Окуучулар арасында Республикалык олимпиаданын экинчи этабы өтөт

Сүрөт интернеттен алынды

2021-жылдын 24-25-февраль күндөрү мектеп окуучулары арасындагы Республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиада 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 1310/1 буйругу менен бекитилген “Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жөнүндө” Жобого жана 2021-жылдын 14-январындагы № 21/1 буйругу менен бекитилген “2020-2021-окуу жылында Республикалык олимпиаданы өткөрүүдө санитардык талаптарды аткаруу жөнүндө” Нускамага ылайык өткөрүлөт.

Олимпиаданын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимин өркүндөтүүгө, чыгармачылык жөндөмүн жана изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүү;

- Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдай турган жогорку квалификациялуу, чыгармачыл окутуучуларды аныктоо жана дем берүү;

- зээндүү балдарды тарбиялоого көмөк көрсөтүү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Олимпиаданын II (райондук), III (облустук) жана IV (республикалык) этаптарына ар бир предмет боюнча тапшырмаларды даярдоону сынак боюнча өткөн көз карандысыз уюмду тартуу аркылуу территориалдык органдар жана жалпы билим берүү уюмдары менен биргеликте өткөрөт.

Олимпиаданын II (райондук) этабына Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн олимпиадалык тапшырмалар райондорго электрондук дарек аркылуу жөнөтүлөт. Ал эми Олимпиаданы уюштуруу жана өткөрүү райондук билим берүү бөлүмдөрүнүнүн башчыларына милдеттендирилген.

Олимпиаданын жүрүшүн көзөмөлгө алуу үчүн министрлик “ыкчам байланыш” уюштурду: (0312) 662 370, 0701 744 803.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)