КР Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады
Сүрөт интернеттен алынды
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:
«Жолдош жоокерлер жана сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер!
Жолдош генералдар!
Согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн урматтуу ардагерлери!
Сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бул майрам — жоокерлердин бардык муундарынын ажырагыс байланышын жана аскер салттарын уланткан нагыз элдик майрам.
Элибиз Мекенди коргоочулардын эрдиктерин эс-тутумунда аздектеп сактап келет.
Биз баарыбыз жеңиш кандай кыйынчылык менен келерин жакшы билебиз. Биздин жоокерлер Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарына туруштук беришти. Афган согушунда интернационалдык милдеттерин бийик ар-намыс менен аткарышты. Баткендеги куралдуу кагылышта эрдиктин чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү.
Мекенди коргоочулардын күнүн жалпы мамлекеттик масштабда белгилөө жаштарды патриоттук сезимге тарбиялоонун өрнөгү катары кызмат кылат, армиянын аброюн жана аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө болот, согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин каармандыгына сый-урмат көрсөтүү болуп саналат.
Аскер кызматчыларынын азыркы мууну кыргыз армиясынын жоокерлеринин мыкты салттарын татыктуу улантып келе жатышат. Жоокердик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, күнүмдүк турмушта туруктуулуктун жана чыдамкайлыктын үлгүсүн көрсөтүүдө. Алар Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыздоо милдеттерин берилгендик жана кесипкөйлүк менен аткарууда.
Урматтуу ардагерлер! Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат жашоо, жаш муунду Мекенге кызмат кылууга тарбиялоодогу асыл ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамына мындан ары дагы күжүрмөн даярдыкты, кесипкөйлүктүн жана аскердик өнөрдүн өркүндөй беришин каалайм.
Бардык кыргызстандыктарды дагы бир жолу Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм».
последние
● Россия приостановила транзит газа в Казахстан после взрыва на газопроводе
● КР Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады
● Окуучулар арасында Республикалык олимпиаданын экинчи этабы өтөт
● Водитель заклеил цифру на госномере наклейкой от мороженого
● 300 тысяч доз китайской вакцины доставлены в Монголию в помощь
Рекомендация
- 1Школы Бишкека не начнут учиться офлайн с 1 февраля
- 2Первый зарубежный визит Садыра Жапарова планируется в Россию
- 3На утро 6 февраля выявлены 72 новых случая COVID-19
- 4Кыргызский сок, который, возможно, пил Си Цзиньпин
- 5Фото — В Нарыне найдена денежная единица, которой пользовалась китайская династия Сун