WeChat      Избранное

Sputnik-V вакцинасы каттоодон өттү

25/02/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Sputnik-V вакцинасы каттоодон өттү

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаменти SARS-CoV-2 вирусу пайда кылган коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн Гам-КОВИД-Вак (" Sputnik V ") курама вектордук вакцинасын каттоо күбөлүгүн берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Вакцинанын Кыргыз Республикасында каттоодон өтүүсү жакынкы аралыкта коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн калкты эмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Маалымат үчүн:

Бул вакцина Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Н. Ф. Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борбору” тарабынан иштелип чыгып, 2020-жылдын август айында Россияда каттоодон өткөн.

Гам-КОВИД-Вак - бул адамдар үчүн патогендүү SARS-CoV-2 вирусун колдонбостон, биотехнологиялык жол менен алынган курама вектордук вакцина. Препарат эки компоненттен турат, алардын ар бирине адамдын аденовирусуна негизделген рекомбинанттык аденовирустук вектор кирет.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)