Нарын облусунун жетекчиси Сабыркул Ашимбаев кытай коллегалары менен он-лайн сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Окмоттун Нарын облусундагы ыйгарым окулунун пресс-кызматы
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Кызыл-Суу автономдук округунун губернаторунун биринчи орун басары Уан Шин Ган жана Улуучат районунун акими Си-Яр Кален мырза баштаган Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү менен он-лайн жолугушууга катышып, Кытайдан жүк ташыган автоунаалардын каттамын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлүнүн пресс-кызматы билдирет.
Пресс-кызмат маалыматына ылайык, эки тараптуу баарлашууда эң алгач облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев Кытай Эл Республикасындагы жүнго элинин жакындап келе жаткан көктөм майрамы менен куттуктаган.
Ошондой эле “Торугарт” тарабынан жүк ташыган автоунаалардын каттамын көбөйтүү боюнча аракеттер жүзөгө ашпай жатканын белгилеп, ушул жагын эртерээк жолго коюп берүүлөрүн өтүнгөн.
Мындан сырткары Нарын шаарындагы Шалбар ишканасынын базасында “Хантоо Инвест” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ачылуучу 4 ишкананын жабдуулары Кашкардан чыкпай атканын, ушул жабдууларды эртелеп чыгарып берүүгө жардам берүүлөрүн суранган.
Пресс-кызматтын маалыматы боюнча, Кызыл-Суу автономдук округунун губернаторунун биринчи орун басары Уан Шин Ган Кытай тараптан жүктөлүп келген жүктөрдү түшүрүп, кайра Кыргызстан тарапка жүктөө үчүн тоолорду тешип, 10 миң чарчы метр аянтча жасашканын, жүк жүктөөнү жакшыртуу үчүн болгон аракеттер көрүлүп жатканын белгилеген.
Ошону менен бирге, кытай тарап аба ырайынын татаалдыгы жана дезинфекциялоо иштери убакытты алып жатканын, жугушсуздандыруу иштерин талапка ылайык өз шарты менен жүргүзбөсө болбой турганын белгилеп өткөн. Ал эми күн жылып кетсе, жүк жүктөөнүн көлөмүн жакшыртканга аракет кылышаарын айткан. Ошондой эле, губернатордун биринчи орун басары Кашкар шаарынан чыкпай жаткан ишкананын жабдууларын эки күн ичинде чыгарып беришеерин убада кылган.
Уан Шин Ган кыргыз тарапка чек араны жакшылап көзөмөлдөп берүүнү өтүнгөн. Бул өтүнүчкө, Кыргызстанда иштеп жаткан айрым кытай жарандары, көктөм майрамын өз мекенинде өткөрүүнү көздөп, жалган документ менен кыргыз-кытай чек арасын өтүү аракети себеп болгон. Белгилүү болгондой, эки тараптуу келишимдин негизинде, кыргыз-кытай чек арасы аркылуу адамдардын өтүүсүнө убактылуу тыю салынган. Бул маселе боюнча Сабыркул Ашимбаев укук коргоо органдарына катуу тапшырма берилгенин, бул сунуш өкмөткө жана тышкы иштер министрлигине билдирилээрин айтып өткөн.
последние
● И.о. вице-премьера Мамытканов встретился с послом Германии Моникой Иверсен
● Нарын облусунун жетекчиси Сабыркул Ашимбаев кытай коллегалары менен он-лайн сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
● Посол КР в Корее обсудила вопрос упрощения въезда в ЮК гражданам КР
● Премьер-министр Индии поздравил С.Жапарова с избранием на пост президента КР
Рекомендация
- 1В Кыргызстане решили улучшить работу по статистке туризма
- 2Кыргызстан получил на рассмотрение первую противокоронавирусную вакцину Pfizer
- 3Кудрет Тайчабаров: Есть барьеры на пути развития СЭЗ
- 4В Бишкеке 120 пациентов лечат травмы после неудачного отдыха в горах
- 5Президентская елка состоится 27 декабря в онлайн-формате