WeChat      Избранное

Эмиль Абдыкадыров: Ат-Башы логистикалык борбор темасын мен өзүм үчүн жаап койгом

05/01/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Эмиль Абдыкадыров: Ат-Башы логистикалык борбор темасын мен өзүм үчүн жаап койгом

Сүрөт интернеттен алынды

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы логистикалык борбор эл аралык долбоорун “кайра жандандыруу” мүмкүнбү, Бишкек шаарынын мурунку вице-мэринин ою боюнча борбор кантип өнүгүш керек, шаарды каптаган кара  түтүн менен кантип күрөшүш керек? Ушул жана башка суроолор боюнча биз Бишкек шаарынын ардактуу жараны, мурунку вице-мэр, Бишкек шаар кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, инвестор Эмиль Абдыкадыров менен маек курдук.

-        Эмиль агай, сиз Ат-Башы районунун аймагында эл аралык логистика борборун салам деген кытай инвесторунун өнөктөшү болдуңуз эле. Бирок, район калкынын бир аз бөлүгү каршы чыгып, долбоор артка кайтарылган. Бул маселеге кайра кайтып келсе болобу? Себеби, угушубузга караганда көптөгөн кишилер логистикалык борбордун курулушун кубаттап атыптыр.

-        Бир нече күн мурун, Нарын облусунун жаңы жетекчиси менен жолуккам. А кишинин айтуусу боюнча, логистикалык борбор маселеси боюнча аймакта эки жолу чогулуш өтүптүр. Андан сырткары, Ат-Башыдан мага жигиттер кайрылып, маалында Борбордун кандай чоң мааниге ээ экенин жакшы түшүнө бербегенин, ал долбоорду кайра жандандырууну суранышкан эле. 

-        Демек, долбоор кайра жандануусу мүмкүнбү?

-        Кытай инвестору, алгач логистикалык борборду же Өзбекстанга же Въетнамга курууну көздөп жаткан. Бирок, мен ал кишини инвестицияны Кыргызстанга салууга ынандыргам. Ал макул болгон. Өзүңүздөр билгендей, логистикалык борбор салынуучу жер, бош жаткан аймак болчу. Биз ал жерге 20 миллион сомго көмөк чордон салууну, 30 километр аралыктан электр зымдарын тартып келүү, суу өткөрүү сыяктуу, кыскасы, баардык керектүү инфратүзүмдү нөлдөн баштап курганы  жатканбыз. Бирок, белгилүү окуялар болуп кеткенден кийин, долбоорду кайрадан жандандыруу тууралуу инвесторго кантип айтам? Уят эмеспи! Мүмкүн, бул маселе менен башка бирөө алектенеттир, а мен өзүм үчүн бул долбоорду жаап койгом!

-  Демек, аймак дагы узак убакыт дотациядан башы чыкпайт экен да?

- Эгер логистикалык борбордун курулушу ишке ашканда, Нарын облусу ал жерде иштеген компаниялардан түшкөн салыктар менен өз бюджетин өзү толтуруп, дотациядан чыгат эле, Бишкектин көзүн карабай. Мага маалым болгондой, азыр Бишкектин тапкан кирешесинин 70 пайыздан ашыгы артта калган региондорду дотациялоого кетет экен. Жыйынтыгында, борбор шаар өзү да өнүкпөй жатат, мамлекеттин саясий, маданий, экономикалык ордосу болуп туруп. Бишкекте акчанын көбү өзүндө калса, ошол эле кышта каптаган ыш менен күрөшүүгө жумшаса болот эле.

- Борбор калаа демекчи. Сиз маалында вице-мэр, шаар кеңешини депутаты болгонсуз. Болгондо да турак-жай-коммуналдык чарба жаатын карачусуз. Жеке өзүңүз, шаарды каптаган түтүндүн себебин эмнеден көрүп жатасыз? 

- Көбү ойлошот, баш күнөкөр жаңылануудан кийин Кара-Кеченин көмүрүн жага баштаган ЖЭБ деп. Бирок, ЖЭБтин эч тиешеси жок. Себеби, ал жерде заманбап фильтрлер, түтүндү кармап калуучу атайын тетиктер турат, зыяндуу заттарды абага чыгарбай турчу. А түтүктөрдөн буу гана чыгат. Жакында Таластан келе жатып, Кара-Балтанын үстүн дагы кара түтүн каптаганын көрдүм. Бирок ал жакта Бишкектегидей ЖЭБ жок да? Менин жеке оюмда, биринчи жана башкы себеп, бул жеке сектор. Алар Кара-Кече көмүрүн жагышат. А ал жердин көмүрүнүн ышы көп, табы аз. Бирок элди күнөөлөгөн болбойт, отундун бул түрүн жагып атасың деп. Импорттук көмүр кымбат, аны алганга элдин көбүнүн дарамети жетпейт. Андан дагы, шаардын абасын булгоого «чоң салымды» жеке менчик мончолор кошууда. Алардын саны абдан көп жана жаккан отундары күмөндүү. Ошол эле резина, башка таштандыларды жагышат. Ошону менен бирге, өзүңүз  байкап аткандай, шаар ичинде акыркы кездери автоунаасынан жыш кара түтүн чыгып жатканына карабай айдап жүргөндөр көбөйдү.

- Бул көйгөйдү кандай чечүү жолу бар? Сиз кантсе да катардыгы шаар тургуну эмессиз да, убагында борбор калаанын көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүнөн иштеген инсансыз…

-Биринчи кезекте, маселени дароо эле чечип койгонго аракет кылбаш керек. Чечилбейт дагы!  Шаардын өнүгүү концепциясы болуш керек жана ошол концепция менен алдыга жылыш абзел. Азыр газ жана электр жылытууга өтүү тууралуу айтылып атат. Ошол эле учурда, ага энергетиктер каршы, себеби массалык жарык өчүүлөрдөн кооптонуп жатышат. Эмне кылыш керек? Электр энергиясын үнөмдөгөнгө өтүш керек! Бул жаатта Даниянын жакшы тажрыйбасы бар. Бул өлкөдө  жаратылыш газы дагы, нефть дагы, жада калса көмүр дагы жок экен. Баарын сырттан ташычу экен. Алтургай биздикиндей тоолору да жок, ГЭС куруп алайын десе.  Учурунда электржарыгы жок отурган күндөрү болуптур. Ошондо алар бар электрэнергиясын катуу үнөмдөөгө киришиптир. Бүгүн болсо, бул өнүккөн индустриалдык өлкөгө шамал генераторлору иштеп чыккан энергия эле жетиштүү. Үнөмдөө саясатын жүргүзүп атып, алар электрэнергиясынын чыгашасын 40 пайызга чейин кыскартышкан. Аларда бөлмө ичинде адам жок болсо, жарык күйүп турат деген түшүнүк жок. Биз дагы ошондой саясат жүргүзүшүбүз керек. Ошондо жылытуу үчүн да ток жетиштүү болот. Үйлөрдү жылуулатуу боюнча программа керек, отун аз кетиш үчүн. Андан сырткары шаар ичиндеги курулушка өзгөчө көңүл буруу зарыл. Курулушта имараттардын ортосундагы шамалдын өтүүсүнө көнүл бурбасак болбойт. Узун, бир нече подъездүү үйлөрдүү салуунун кереги жок, имараттар ширеңке кутучасындай формада болушу абзел, ошондо араларынан жакшы шамал жүрүп турат.

- Айтмакчы, шаар үстүндөгү ыштын бир себеби катары, таштанды жайынан чыккан түтүндөрдү айтып жатышат. Сиз вице-мэр болуп турганда, таштандыны кайра иштетүүчү завод тууралу маселе көтөрүлдү беле?   

-Өткөн кылымдын 80-жылдарында италиялыктар мындай завод курууну ниеттенген. Бирок, кийин белгисиз себептерден улам ал долбоор ишке ашпай калды. Эми өзүңүз деле түшүнүп турасыз да, инвестор келиш үчүн туруктуулук керек. Бизде бир инвестор келет, кетет, ордуна башка келет…

-«Бир жол – Бир алкак» демилгеси боюнча сиздин оюңуз кандай?

- Бизге баардык өлкөлөр менен алака түзүш керек. Ал эми «Бир алкак-Бир жол» бул миллиардаган долларларды чапчыган  ири мегадолбоор. Албетте, биз бул «жолдун» боюнда жайгашкан өлкө катары, ал тартуулаган мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калышыбыз керек. 


 


 


 


 


(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)