WeChat      Избранное

Жаңылыктар

29/01/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Жаңылыктар

Сүрөттөр интернеттен алынды

“COVAX” механизминин алкагында COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүгө болжол менен 1,2 миллион адам аныкталды 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда COVID-19га каршы Кыргыз Республикасынын калкына эмдөө жүргүзүү маселеси каралып жаткандыгын маалымдайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Берилген маалыматка ылайык, Кыргызстанда Профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына кирген вакциналардын муздак тизмегин камсыз кылуунун алкагында  2 122 даана адистештирилген муздаткыч жабдуулары иштейт, алардын ичинде температуралык режимди эсептелген чектерде кармоо үчүн:+ 2 ° С ден + 8 ° С ге чейин - 79% (1676), -12 ° С ден -15 ° С ге чейин - 18% (362) -15 ° С ден -20 ° С ге чейин - 3% (72).

Алдын-ала жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча, "COVAX" механизминин алкагында COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүгө болжол менен 1,2 миллион адам аныкталды, бул өлкөнүн жалпы калкынын 20% түзөт.

Ушул учурда эмдөөнү этап-этабы менен жасоо маселеси, биринчи кезекте, саламаттыкты сактоо тутумундагы түйшүктү азайтуу максатында медициналык кызматкерлерди, андан кийин ишинин мүнөзүнө байланыштуу тобокелдик тобуна кирген жана калктын негизги муктаждыктарын канааттандырууга багытталган тейлөө кызматындагы адамдарды эмдөө пландаштырылууда.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан COVID -19га каршы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу глобалдык COVAX механизмине кирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, COVAX механизми бүгүнкү күндө COVID-19га каршы вакциналарын иштеп чыгуу боюнча дүйнөдөгү эң ири жана көп түрдүү портфелге ээ, ал өзүнө талапкер тогуз вакцина жана учурда алдын-ала баалоодон өтүп жаткан дагы тогуз вакцинаны камтыйт.

COVAX механизмине мүчө-өлкөлөрүнө, эгерде өлкө талап кылынган катуу критерийлерге жооп берген шарттарды түзө алса (ультра-муздаткыч тизмегин камсыздоо), анда Pfizer вакцинасынын чакан партиясын алып келүү (калктын 0,25% же 16 миң адам, т.а. 32 миң доза) мүмкүн экендиги жөнүндө кат келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги COVAX механизминин алкагында вакциналарга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарын кароону улантат, ошондой эле тобокелдик топторун этап-этабы менен эмдөө маселеси дагы каралып жатат, вакциналарды жана муздатуучу жабдууларды сатып алуу боюнча эсептөөлөр жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан автоунаа өткөрүү пункттары аркылуу өтүүнүн жаңы алгоритми 

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын аймагына  автоунаа өткөрүү пункттары аркылуу кирген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн алгоритм 2021-жылдын 14-январында күчүнө кирген. 

Автоунаа өткөрүү пункттары аркылуу КРнын мамлекеттик чек арасынан өткөн чет элдик жарандар СКП кызматкерлерине акыркы 72 саатта SARS-CoV-2 аныктоо үчүн жүргүзүлгөн ПЦР тестинин терс жыйынтыгын тапшырышат. Бул тууралуу КРдин Саламаттык Сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Берилген маалыматка ылайык, мамлекеттик чек арадан автоунаа өткөрүү пункттары аркылуу өткөндө, СКПнын кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн жана транспорт каражаттарынын айдоочуларынын дене табын өлчөшөт жана жүк ташуучу транспортту дезинфекциялашат. Өткөрмө пункттарындагы СКП жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн жана жөө жүргүнчүлөрдүн социалдык аралыкта жана беткап режимин сактоосун көзөмөлдөшөт.

Эгерде жарандардын арасында клиникалык белгилер аныкталса (дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл ж.б.), КР ССМ тарабынан аныкталган ооруканаларда Тез жардам кызматы (103) тарабынан ооруканага жаткыруу жүргүзүлөт. Байланышта болгон адамдарга СКПнын кызматкерлери милдеттүү түрдө анкета түзүшөт жана ПЦР изилдөөнүн натыйжалары алынганга чейин, милдеттүү түрдө обсервацияга жана өзүн изоляциялоого алышат. Маалымат аймактык мамсанэпидкөзөмөл борборуна жана БМСЖга өткөрүп берилет. СКП кызматкерлери санитардык участкада унаа салонун толугу менен дезинфекциялоодон өткөрүшөт.

Клиникалык белгилери жок адамдар андан ары өткөрүлөт.

Эскертүү:

Чет элдик аскер кызматкерлери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Сох, Шахимардан, Таш-Дөбө жана Чоң-Кара анклавдарына транзит менен өтүү үчүн, ПЦРдин анализдери талап кылынбайт.

Транзиттик кыймыл менен байланышкан объективдүү себептерден улам ПЦР тестинин колдонуу мөөнөтү (72 саат) аяктаган учурда, чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам милдеттенменин анкетасын толтуруу менен келген жери боюнча ПЦР изилдөөсүнөн өтүүгө милдеттүү.

СКП кызматкерлери жүк ташуучу автоунааларда дезинфекциялык тазалоо иштерин жүргүзүшөт, дезинфекциялык дарылоо чыгымдары ташуучуга жүктөлөт.

Эл аралык каттамдар жана аймакка унаа жолу менен келүүдө ПЦР изилдөөнүн жыйынтыгы төмөнкүлөргө талап кылынбайт жана жайылтылбайт:

-чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлери;

-КР аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери;

-жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү, алардын келиши жөнүндө КР Тышкы иштер министрлиги аркылуу алдын ала кабарлоо менен;

-ТИМ жана башка компетенттүү мамлекеттик органдардын жана авиациялык экипаждардын чакыруусу боюнча КР саякатка келген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын мүчөлөрү; -учактын экипажынын кызматкерлери, ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосунда мектепке чейинки (7 жашка чейин) курактагы балдар; -эл аралык жүк ташууларды жана эл аралык жүргүнчүлөрдү туруктуу ташууну жүзөгө ашырган айдоочулар; -ТИМ жана башка компетенттүү мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо процессинин эл аралык байкоочулар

Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргызстандын жарандары үчүн 18 (он сегиз) мамлекеттик стипендия бөлүндү 

Жаңылыктар

Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасында окуу боюнча конкурс жарыяланат. Бул тууралуу КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Берилген маалыматка ылайык, 2006- жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун жана 2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун негизинде, Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына 2021-2022-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча  18 мамлекеттик стипендия бөлүндү.

1. Министрлик 2020-жылдан тартып талапкерлердин өтүнмөлөрүн жана документтерин электрондук форматта кабыл алат. Талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасында, "Конкурстар" --> "КЭР  Өкмөтүнүн стипендиялары" программасына катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди 2021-жылдын 14 февралынын  саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Стипендиялык программанын эрежелерине ылайык, алдын-ала тандоону кыргыз тарап жүргүзөт. Алдын ала тандоону өткөрүү үчүн ЖОЖдордун, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн камтыган Уюштуруу комиссиясы түзүлөт. Бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы программаларына алдын-ала тандоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)