WeChat      Избранное

Фу Инсюе: “Ак калпак, комуз жана “Манас” кыргыз улуттук баалуулуктарынын өзөгүн түзөөрүнө күбө болдум”

29/01/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Фу Инсюе: “Ак калпак, комуз жана “Манас” кыргыз улуттук баалуулуктарынын өзөгүн түзөөрүнө күбө болдум”

Сүрөттөр маек ээсине таандык

Бүгүнкү биздин “Дүйнө тааным” рубрикасынын сыйлуу мейманы 2013-жылдан баштап 2020-жылга чейин К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде кытай тили мугалими болуп эмгектенип кеткен Фу Инсюе болду. Ал өзүнүн Кыргызстандагы жашоосу тууралуу айтып берип, жергиликтүү жаштар, кыргыз маданияты, каада-салты жөнүндө дагы ой-пикирлери менен бөлүштү. 

-Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз? 

-Мен өзүм Кытай Эл Республикасынын Ички Монголия автономдуу районунан болом. Райондун административдик борбору болгон Хух-Хото шаарында төрөлүп өстүм. Ошол жерден орто мектепти аяктап, университетти дагы бүтүрдүм.  

-Эмне себептен орус тилин үйрөнүүнү чечтиңиз?

-Чындыгын айтканда, орус тилин үйрөнүүгө Россиянын борбору Москва шаарына болгон кызыгуум түрткү болду. Анткени, ал кезде айлана-тегерегимде орус тилин билген тааныштарым деле жок болчу. Ата-энем тарабынан деле андай сунуш болбоду. Өзүм эле кичинекей кезимден Москвага кызыгып, ал жакта иштөөнү каалайт элем. Мына, ушул каалоомдун арты менен орус тилин үйрөнүп, орус маданияты, каада-салты менен тааныштым. 

Фу Инсюе: “Ак калпак, комуз жана “Манас” кыргыз улуттук баалуулуктарынын өзөгүн түзөөрүнө күбө болдум”

-Кыргызстандагы жашооңуз жөнүндө, бул жакка кандайча келип иштеп калдыңыз, ушул боюнча айтып берсеңиз? 

-Университетти аяктаган соң, чет элдиктерге кытай тилин үйрөткөн мугалим болууну чечтим. Атайын мамлекеттик экзамен тапшырдым. Чындыгында, бул сынакты тапшыруу жеңил болгон жок. Бирок, мен аны ийгиликтүү тапшыра алдым. Бул учур жашоомдогу бактылуу көз ирмемдердин бири болду десем эч жаңылышпайм. 

Андан соң, келишимдин негизинде Кыргызстанга келип иштөөгө мүмкүнчүлүк алдым. Тактап айтканда, 2013-жылы алгачкы жолу Бишкек шаарына келдим. Ошол кезден 2020-жылга чейин Кыргызстанда болуп, мугалимдик эмгек жолум дал ушул Бишкек шаарында башталды. Кыргызстанга келгенде абдан толкундангам. Бул сезим бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Өзгөчө толкундануу, таанып-билбеген маданият, “көнүшүп иштей аламбы” деген ойлор, бардыгы кошул-ташыл болуп алгачкы күндөрү кандайдыр бир кооптонуу сезими менен дагы жашадым десем болот. 

Бирок, тилекке жараша бардыгы жакшы болду. Башында келгенде орус тилин толук кандуу билбесем дагы, Кыргызстанга көнүшүп, жашап кетүү эч кандай оорчулук туудурган жок. Бишкек шаары менин эсимде боорукер, кайрымдуу, жүрөккө жылуулук тартуулаган шаар катары өмүр бою эсимде сакталмакчы. 

Негизи эле кыргыз эли абдан жөнөкөй, камкор, меймандос келет экен. Каада-салты дагы бизде кытай элинде болгондой эле улууларга өзгөчө урмат менен мамиле кылып, ата наркын барктап, улуттук баалуулуктарга аяр мамиле кылышаарына күбө болдум. 

Ал эми, студенттерим тууралуу айта турган болсом, бул өзүнчө сөз.  Алардын билим алууга болгон мамилеси, аракети абдан жакты. Сабак учурунда мен кандайдыр бир сөздү түшүндүрүүдө кыйналып калсам, мени менен кошо сөздүн котормосун табууга аракет кылышып, сабырдуулук менен күтүп, эч кандай бир ыңгайсыз абалга калтырышкан жок.

Көпчүлүк билсе керек, мугалим болуу оңой эмес. Ошондуктан, бул оор кесипти аркалоонун алгачкы убагында окуучуларың тарабынан колдоонун болуусу эң чоң жардам. Мага ушундай колдоону окуучуларым көрсөтө алды. Мугалим болууга болгон ишенимимди дагы бекемдөөгө жардам беришти десем жаңылышпайм. Алардын сабагыма болгон кызыгуусу, билим алуу үчүн кылган аракети, ар бир жаңы нерсени үйрөнгөн сайын ого бетер күйүп-жанып турган көздөрү мени ушунча жыл бою Кыргызстанда эч кыйналбастан бактылуу мугалим болуума чоң өбөлгө болду. 

Чындыгында, жеке гана окуучу мугалимден үйрөнүп, билим албайт. Мугалим деле кандайдыр бир деңгээлде окуучуларынан көп нерсени үйрөнүп, таалим алуусу толук мүмкүн. Ошондуктан, мен гана билим берип кытай тилин үйрөткөн жокмун, окуучуларым дагы мага көп нерсени үйрөтүштү. Аларга терең ыраазычылык. Бүгүнкү күндө дагы студенттерим менен байланышып турам. Алардын жетишкен ийгиликтери үчүн ар дайым кубанам. Алдыда дагы жакшы бир бийиктиктерди багынтат деп ишенем. 

Фу Инсюе: “Ак калпак, комуз жана “Манас” кыргыз улуттук баалуулуктарынын өзөгүн түзөөрүнө күбө болдум”

-Кыргыз маданияты жөнүндө эмне айта аласыз, сиздин сүйүктүү кыргыз тамагыңыз кайсы?

-Жогоруда айтып кеткендей, Кыргызстанда кыргыз маданиятына, нарк-насили, улуттук баалуулуктарына өзгөчө көңүл бурулат экен. Ааламдашуу доорунда көптөгөн мамлекеттер өз каада-салтына, маданиятына көңүл бурбай, жоголуунун чегинде тургандыгын көрүп жүрөбүз. Бирок, кыргыз элинде андай эмес. Эң эле жөнөкөй кичинекей окуучулардан баштап, жаштарга чейин коомдук унааларда өздөрүн кандай алып жүрүүнү билет. Улууларга, аял кишиге ар дайым орун бошотуп беришет. Бул дагы да болсо, элдин маданиятын көрсөтөт эмеспи. 

Акыркы жылдары кыргыз тилине дагы өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын айтышты. Бул абдан жакшы көрүнүш. Чындыгын айтканда, мен кандайдыр бир деңгээлде кыргызстандык жаштарга жакшы мааниде ичим күйөт. Себеби, алардын кичинекей кезинен баштап эле эки тилде эркин сүйлөп, чоңоюуга толук мүмкүнчүлүгү бар. Орус тили дүйнөдөгү оор тилдердин катарына кирет эмеспи. Мына, ушул тилде эч кандай кыйналбай ээн-эркин баарлашып, жаза алуусу дагы келечегине жакшы таасир тийгизе тургандыгы белгилүү. 

Ал эми, ак калпак, комуз жана “Манас” улуттук баалуулуктарын өзөгүн түзөөрүнө күбө болдум. Майрам күндөрү университетте өткөрүлгөн иш-чараларда ар дайым комуз күүсү жаңырып, кыргыз бийи бийленип, “Манас” айтылат. Атайын Өкмөттүн токтому менен бекитилген кыргыз элинин руханий дүйнөсүнөн ажырагыс “Ак калпак”, “Манас”, “Комуз” күндөрү жыл сайын мамлекеттик деңгээлде белгиленип келет. Мына, ушундай кадам аркылуу дагы кыргызстандык жаштар, окуучулар өз элинин улуттук баалуулуктарын жакындан таанып, ага аяр мамиле кылууга дагы үйрөнүшөт. Чындыгында, кыргыз маданияты өтө терең, нускалуу десем болот. 

Кыргыз каада-салттары дагы абдан кызыктуу экен. Үйлөнүү той, бешик той, жентек той ж.б. Жада калса балага ысым коюда дагы өз ырым-жырымдары, келин алуудагы кыздын энесинин этегине таш бастырып кетүү сыяктуу эрежелер мага абдан жакты. Ар биринин мааниси терең экен. Мен жети жыл Кыргызстанда жашап, иштеп жүрүп, дүйнө таанымым кеңейди. Көп нерсени үйрөндүм. Кыргыз элинин кулк-мүнөзүн, салт-санаасын жакындан тааный алдым десем болот. Албетте, жети жыл бир элди толук таанып-билүүгө жетишсиздик кылат. Бирок, Кыргызстан тууралуу жакындарыма, досторума айтып бере алам. Эмгек жолум дал ушул Бишкектен башталганына абдан кубанычтамын. 

Кыргыз ашканасы мага абдан жакты. Эгерде мени жети жыл мурун, анан азыр көрсөңүз, анда кыргыз ашканасынын мага кандай жаккандыгына өзүңүз күбө болот элеңиз. Себеби, бул жети жыл аралыгында мен абдан толдум. Эң жакшы көрүп жегеним бул шиш кебек, аш жана бардык салаттардын түрү болду. Албетте, кыргыздын улуттук тамагы беш бармак дагы жакты. Бирок, менин ашказаныма оорчулук кылат экен. Эт, шорпо, камыр бардыгы чогуу болуп кеткенде ашказан көтөрө алган жок. 

Эң башкысы майрамдарда эл арасында болгон жагымдуу маанай жакты. Жакшы дасторкон үстүндө, бардыгы бир-бирин сыйлап, куттуктоолорун айтып, жакшы тилектери менен бөлүшкөнү өзгөчө жакты. Чын жүрөктөн айтылган куттуктоолор, жагымдуу атмосфера, даамдуу тамак-аш... 

Мен аш басканды үйрөндүм. Азырынча Кыргызстандан жеген аштарыма жеткен жок. Бирок, дагы аракет кыла берсем мыкты тамак жасап калам деп ойлойм. Негизинен, Ички Монголиянын ашканасы кандайдыр бир деңгээлде кыргыз ашканасына жакын. Бул жакта дагы эт жегенди жакшы көрөбүз. Сүттөн абдан көп азыктарды даярдашат. Бирок, бизде курут таттуу болот. Кыргызстанда болсо ачуу, туздуу болот экен. Алгачкы жолу курутту жегенде бир башкача сезимде болгом. 

-Кытай тилин үйрөнгүсү келген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Фу Инсюе: “Ак калпак, комуз жана “Манас” кыргыз улуттук баалуулуктарынын өзөгүн түзөөрүнө күбө болдум”

-Азыр көптөгөн студенттер кытай тилин үйрөнүп жатышат. Менин оюм боюнча алардын тандоосу туура. Себеби, канчалык көп чет тилин билсе, ошончо дүйнө таанымы кеңейет. Жашоого болгон көз карашы өзгөрөт. Тил үйрөнүү бул жеке гана баарлашуу, же жазуу эмес да. Бул ошол элдин маданиятын, менталитетин билүү эмеспи. Жашоодо бекеринен “көп жашаган эмес, көптү көргөн билет” деп айтылбаса керек. 

Менин байкоомдо кыргызстандык жаштар көп чет тилдерин билишет. Алар орус, англис, түрк тилдеринде дагы жакшы сүйлөшөт. Акыркы убакта кытай тилин үйрөнгөндөрдүн дагы саны көбөйду. Жаш кезинен эле мынча тилди билүү чоң жетишкендик деп ойлойм. Азыркы заман ааламдашуу доору. Атаандаштык күчтүү. Жакшы жумуш, жаркын келечек үчүн бир-эки чет тилин үйрөнүү жетишсиз. Байлык, бийлик бардыгы убактылуу эмеспи. Билимди гана эч ким сенден тартып ала албайт. Ошондуктан, татыктуу билим алып, күчтүү адис болуу менен чоң бир бийиктиктерди багынтса болот. Албетте, адамгерчилик, адеп-ахлак дагы адамдын жашоосунда маанилүү орунда туруусу керек. 

Ал эми, кытай тилин уйрөнүүнү каалаган жаштарга мугалим катары сабырдуулукту, ар тараптуу изденүүнү, эң башкысы бул тилге болгон кызыгуусун ойготууну кеңеш берет элем. Адамдын каалоосу болсо, көп нерсени  жасай алат. Тилди бир аз үйрөнүп калгандан кийин, кытай досторду күтүп, алар менен кытайча баарлашуу дагы жакшы жыйынтыгын алып келмекчи. Мындан сырткары, китеп окуу керек. Кытайча кино, программаларды дагы көрсө болот. Эч качан колумдан келбейт деп ойлонбош керек. Жашсыңар, бардыгы өзүңөрдүн колуңарда. 

-Сиздин оюңузча, Кыргызстан-Кытай кызматташтык алакасын дагы тереңдеп өнүктүрүү үчүн кайсы багытта иш алып баруу керек, бул жерде жаштардын орду канчалык?

Фу Инсюе: “Ак калпак, комуз жана “Манас” кыргыз улуттук баалуулуктарынын өзөгүн түзөөрүнө күбө болдум”

-Келечек жаштардын колунда” дегендей, эки мамлекеттин достук байланышын чыңдоодо жаштардын орду абдан чоң. Учурда, Кытайда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер, Кыргызстанда окуп жаткан кытай жаштары эки тарапты тең жакындан таанып, жакшы билгендиктен алдыда бул жаатта зор салымдарын кошот деп ишенем. Ошондуктан, жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташууну көбөйтүү керек. Билим жолу менен жакшы ийгиликтерди жаратса болот. 

Муну менен катар эле, Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү керек. Себеби, мага Кыргызстандын жаратылышы, табиятынын кооздугу укмуштуудай жагат. Колго жасалгандай тоо-таштары, суу-дарыялары, тарыхый курулуштары, экологиялык жактан таза тамак-аш продукциялары эч кимди кайдыгер калтырбаса керек. Ысык-Көл болсо өзүнчө эле жан дүйнө мейкиндиги эмеспи. Ошондуктан, ушул жаатта дагы кызматташуу болсо, жемиштүү болмок.

Мисалы, бизде мындай кооздуктарды көрүүнү каалаган кытай туристтери абдан көп. Бирок, алар кандай жол менен Кыргызстанга келүүнү билишпейт. Ушул багытта атайын бир программа иштеп чыкса жакшы болмок. 

Мен кийин дагы Кыргызстанга келип кетүүнү үмүт кылам. Кайрадан сиздер менен болуп, жаратылыштын койнунда эс алгым келет. Учурдан пайдаланып, кыргызстандыктарды дагы Кытайга кош келиңиздер демекчимин. Бул жакты дагы таанып, маданияты менен таанышып, ажайып жайларын кыдырып, көрүү дагы эң мыкты таасирлерди калтырмакчы. 

Мен ушунча убакыт Бишкекте жашап, иштеп кеткениме абдан кубанычтамын. Бул жашоомдун бөлүгү мен үчүн ар дайым жакшы эскерүүлөр, жагымдуу маанай менен коштолмокчу. Албетте, жеңил болгон жок. Бирок, мен ал жакта өзүмдү жалгыз сезген жокмун. Жанымда ар дайым оз колдоосун көрсөткөн меймандос кыргыз эли болду. Кыргыз-кытай достугу түбөлүккө улансын! 

Ички Монголия бир канча маданияттын айкалышкан жайы 

Ички Монголиянын тарыхы көп кырдуу, бирде кытайлардын жердиги болсо, бирде монгол хандарынын ордосу болгон. Бир учурда Кытай бийлигинен эгемендүүлүктү алган монголдор “Сырткы Монголия” болуп, ал эми Кытай Эл Республикасынын карамагында калган, этникалык монголдор жашаган аймак “Ички Монголия” деп аталып калган. 

Шаарды 16-кылымга чейин кытайлар мекендеп, “Гуйхуа” деп атап келишкен, андан кийин Моңгол Империясынын акыркы ханы болгон Алтан хан аймакты ээлеп шаардын атын “Хух – Хото” деп өзгөрткөн. Монгол эли будда динин тутунушса да, баары бир, көк асманга, жер – сууга сыйынуу ишенимдери эл арасына терең сүңгүп кирген. Өзгөчө барктап, сыйлаган түсү “көк түс” болуп эсептелет. Бекеринен “Хух – Хото” сөзү моңгол тилинен которгондо “Көк шаар” дегенди түшүндүрбөсө керек.

Ички Монголия аймагы Кытай Эл Республикасынын эң алгачкы автономдуу району болуп эсептелет. Хух – Хото шаары 1952-жылы бул аймактын административдик борбору болуп негизделген. Эгемен Монголияда үч миллионго жетпеген моңгол жашаса, Ички Монголияда алты миллиондон ашык моңгол жашайт. Кытай, монгол элдеринен сырткары дунган, даур улуттарынын дагы өкүлдөрү аймакта кездешет. Ушул себептен бул шаарда бир канча маданияттын айкалышуусун жолуктурууга болот. 

Мусулман райондорунан баштап, будда храмдары, байыркы кытай маданиятын ташыган үйлөр, булар менен бирге эле заманбап салынган курулуштар дагы шаарга өзгөчө көрк кошуп турат.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)