WeChat      Избранное

Aртем Новиков: “ШКУ өлкөлөрү аралык үзгүлтүксүз оор жүк ташууларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү зарыл”

02/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Aртем Новиков: “ШКУ өлкөлөрү аралык үзгүлтүксүз оор жүк ташууларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү зарыл”

ФотоWWW

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин видеоконференция форматында өткөн 19-кеңешмесинде: “ШКУ өлкөлөрү аралык үзгүлтүксүз оор жүк ташууларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү зарыл” билдирди.

Ошондой эле, ал өз сөзүндө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүк ташууларды үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштөө маселесине өзгөчө басым жасады. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматы маалымат берди.    

Ал: “Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууну ишке ашырууда “жашыл коридорлор” механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кирүү жана чыгуу тартибин жана процедурасын жөнөкөйлөштүрүү мүмкүндүгүн кароону сунуштайт”, - деп кошумчалады.

Андан соң Премьер-министрдин м.а. ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен кооперацияны өнүктүрүүдө кызматташтыгын тереңдетүү зарылдыгын белгиледи, бул өз кезегинде экономикалык өсүшкө, жумушсуздук деңгээлин кыскартууга жана ШКУга мүчө мамлекеттердин элинин бакубаттулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Сөзүн жыйынтыктап жатып Артем Новиков кыйын кырдаалда өз-ара колдоо көрсөтүү жакшы коңщулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берээрин белгиледи.

Кыргызстан менен БАЭнин саламаттыкты сактоо министрлери саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты 

Aртем Новиков: “ШКУ өлкөлөрү аралык үзгүлтүксүз оор жүк ташууларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү зарыл”

2020-жылдын 30-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Бириккен Араб Эмираттарынын Саламаттык сактоо министри Абдул Рахман бин Мухаммад Аль Овайс мырза менен онлайн режиминде жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Кыргызстандын БАЭдеги элчилигинин активдүү жардамы менен өттү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу, коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоодо тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле, COVID-19га каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүү багытында колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр кесиптешин жыл сайын 2-декабрда белгиленүүчү Бириккен Араб Эмираттарынын түзүлгөнүнүн 49 жылдыгы менен куттуктады. Ошондой эле ал БАЭ Өкмөтүнө буга чейин жеке коргонуу каражаттары жана санитайзерлер түрүндө көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди. "Алынган жардам Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган аракеттерине оң таасирин тийгизди", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашуу жана БАЭнин коронавирус менен ооругандарды дарылоодогу натыйжалуу ыкмаларын үйрөнүп, тажрыйба алмашуу үчүн онлайн-конференция аркылуу кызматташтыкты жөнгө салууга макулдашышты.



(Автор:Сүйүнбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)