WeChat      Избранное

Бүткүл Кытай Аялдар федерациясы кыргыз айымдарын колдоосун улантууда

02/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Бүткүл Кытай Аялдар федерациясы кыргыз айымдарын колдоосун улантууда

ФотоWWW

20-ноябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымдын Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева менен жолугушуусу болуп өттү. Бул иш-чарада элчи айым Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргызстандын Аялдар Конгрессине тигүү жабдыктары түрүндөгү көрсөтүлгөн техникалык жардамды салтанаттуу түрдө өткөрүп берди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Ду Дэвэнь Кыргызстан менен Кытай ар дайым жакын коңшулар, жакшы достор жана ишенимдүү өнөктөштөр экендигине токтолуп, Кытай тарап кыргыз-кытай ар тараптуу мамилелеринин өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бураарына дагы басым жасады. 

Мына, ушул мыкты жаңылыкты улай биз дагы Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева менен байланышып, конгресстин учурда жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жана Кытай тарап менен болгон кызматташтык алакасы тууралуу дагы сурап билдик. 

-Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, биздин ишмердүүлүктүн башкы максаты бул-Кыргызстандагы аялдардын ролун баса белгилеп, алардын экономикада болгон катышуусун жогорулатуу болуп саналат. Учурдагы башкы приоритеттерибиздин бири аялдардын экономикадагы укугун коргоп, аларга жумуш ордун түзүп берүү, кредит-грантты алып берүү десем жаңылышпайм. Муну менен катар эле, дүйнө жүзү боюнча Кыргызстандын аялдарын даңазалоо, алардын идеяларын, иштерин, ой-пикирлерин, турмушка болгон умтулуусун элге жеткирүү болуп саналат. 

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы бардык тармактарда кызматташып келет. Биз да Бүткүл Кытай Аялдар федерациясы менен абдан тыгыз байланыштабыз. Бул уюм Кыргызстан Аялдар конгрессинин эң мыкты, эң жакын өнөктөшү болуп эсептелет. Ал жактан дагы бизге көптөгөн делегациялар келип турушат. Биз да алардын Кытайда өткөрүп жаткан көптөгөн иш-чараларына катышып келебиз. Өз ара тажрыйба алмашуу максатында дагы иштер өтүп турат. Бүткүл Кытай Аялдар федерациясы биз үчүн өзгөчө маанилүү, башка өнөктөштөрүбүзгө караганда дагы алар менен өтө жакын мамиледебиз десем эч жаңылышпайм. Анткени алар бизге бардык жагынан окшош, алдыга койгон максаттарыбыз бир. 

Бүткүл Кытай Аялдар федерациясы кыргыз айымдарын колдоосун улантууда

2020-жыл оңой жылдардан болгон жок. Бүтүндөй дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы жашообузду такыр эле башка нукка буруп койду десек жаңылышпайбыз. Ушундай кыйын мезгилди башыбыздан өткөрүп жаткан кезде дагы  Бүткүл Кытай Аялдар федерациясы менен  тыгыз байланышта болуп жаттык. Вирус менен күрөшүүдө болгон тажрыйбалары менен дагы бөлүшүп, жакшы кеп-кеңештерин жолдошту. 

Учурдан пайдаланып, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнь айымга өз ыраазычылыгымды билдиргим келет. Анткени анын, элчиликтин талыкпай кылган кызматынын жыйынтыгында дагы ушундай гуманитардык жардамдар Кытайдан көп келүүдө.

Элчилик Кыргызстанга жардам берүү менен эле бирге, биздин конгресске дагы бет каптарды жөнөттү. Бул дагы бир жолу, анын бардыгына бирдей карап, бардыгына жардам берүүгө умтулгандыгынан кабар берет.

Чындыгында, учурдагы кырдаалда, Аялдар конгресси бир дагы күн эс алган жок. Аралыктан иштеп жаттык. Карантин учурунда ар кандай эл аралык донорлор менен дагы байланышып, Кыргызстандын айымдары үчүн керектүү болгон маалыматтарды топтоп, алардын билим алуусуна өбөлгө болууга болгон аракеттерди көрдүк. “Балыкты эмес, ошол балыкты кармай турган кайырмакты бер”,- деген кытай элинде жакшы ой-насаат бар эмеспи. Анын сыңарындай, биз дагы жөн гана тамак-аш таратып токтолуп калбастан, жогоруда айткандай айымдарыбызга билим берүү жаатында дагы жардам берип келебиз. Бир айымга жардам бергенибиз бул бир үй-бүлөгө жардам бердик дегенди түшүндүрөт да. 

Ушул жумадан баштап акысыз курстарыбыз ишке кирмекчи. Ага компьютердик программаларды үйрөтүү, оратордук өнөр, маркетинг-менеджмент, бизнес план жазуу, аны ачуунун алгачкы кадамдары сыяктуу ушундай курстар кирет. Муну менен катар эле, тикмечилик кесибин үйрөтүүнү дагы улантууну пландап жатабыз. Тил курстарын дагы кайрадан жандандырууну ойлонуудабыз. Муну менен катар эле, элге дагы өз жардамыбызды көрсөтүп жаттык, беткап, кийим-кече, тамак-аш дагы тараттык.

Бул жылы эл аралык  төрт долбоорду жаздык. Учурда, ушул долбоорлор боюнча конкурска катышып жатабыз. Биз ар дайым Кыргызстан аялдарын колдоп келебиз. Негизинен аларга экономикалык тармактан билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп, өз алдынча иш ачып кетүүгө дагы көмөк көрсөтөбүз. Учурдагы кырдаалда дагы, бизге кайрылган айымдарыбыз көп. Алардын сунуштарын, кайрылууларын анализдеп, карап чыгып, андан соң эл аралык донорлорго кайрылып, жеке бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө өз аракеттерибизди кылмакчыбыз.

“Кыргызстандын айымдары” энциклопедиясын дагы онлайн режимде даярдап, жакында эле басмаканага өткөрүп бердик. Эки жуманын аралыгында ал дагы буюрса, даяр болуп калмакчы. Бул энциклопедияга Кыргызстандын мыкты айымдарынын таржымалы берилет. Алардын Кыргызстанды өнүгүүсүнө кошкон салымы тууралуу айтылып, кийинки муундарга, урпактарга үлгү сабак катары калмакчы. Жалаң гана жемиштүү жеңиштерден турган биография эмес, өз башынан кыйынчылыктарды дагы өткөрүп, аны жеңе билген жана ошол оор турмуштан чыгып жаңы кадам шилтеп, коомдо, үй-бүлөдө, эмгек жамаатында татыктуу ордун тапкан айымдар тууралуу дагы маалыматтар болмокчу. Бул китепте 400дөй айымдын таржымалы бар. 

Биздин конгресс Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги, Ду Дэвэнь айым  менен дагы достук алакада, жакшы кызматташтык мамиледе иштешип келет.  Мына, жакында эле элчи менен жолугушуу болду. Бул иш-чарада Бүткүл Кытай Аялдар федерациясы менен Кыргызстан Аялдар конгрессинин ортосундагы келишимге ылайык келген тигүүчү машиналарды Ду Дэвэнь айым салтанаттуу түрдө бизге тапшырып өткөрүп берди. Бул кадам дагы биз үчүн чоң колдоо. Учурдан пайдаланып, кытай айымдарына, элчиликке терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин. 

Бул жерден баса белгилеп кете турган нерсе, КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым дагы биздин энциклопедияга татыктуу каарман катары киргизилип жатат. Китепте элчи айымдын дипломатиялык тажрыйбасы менен катар эле, Кыргызстанда жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн жүзү болгон сүрөттөр дагы жайгаштырылды. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кытай элчилигинде элчи болуп биринчи жолу айым келип отурат. Ал келгенде эле, “Аял катары сиздерди туура түшүнөм, сиздердин багытыңарды, миссияңарды жакын жүрөгүмө кабыл алам. Биз жакындан иштешели”, - деп айтты эле. Мына, кандай гана иш-чара өткөрбөйлү, Ду Дэвэнь айым келип катышып, ар дайым жылуу сөздөрүн айтып турат. 

Эң башкысы аманчылык болсун. Эки элдин ынтымагы бекемдеп, ар тараптуу кызматташуу алакалары өнүгө берсин. 2021-жыл жемиштүү байланыштын, ийгиликтүү кызматташуунун жылы болсун. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)